Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

БУУнун агенттиги Беларус мажбурлап кондурган учак боюнча иликтөөсүн аяктады


Ryanair компаниясынын учагы.
Ryanair компаниясынын учагы.

БУУнун Жарандык авиация агенттиги Беларус бийлиги журналистти кармоо үчүн Минскиге мажбурлап кондурган Ryanair компаниясынын учагы боюнча иликтөөсүн аяктады. Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) маалыматына караганда, бул тууралуу баяндама уюмдун бардык 193 мүчөсүнө берилди.

Беларуска карата кошумча чараларды көрүү жана санкцияларды киргизүү маселесин андан ары БУУнун кеңеши чечет. Аны кароо 31-январга белгиленген.

Беларуста жашап келген орусиялык София Сапега жана беларус журналисти Роман Протасевич былтыр 23-майда Афиныдан Вилньюска учуп бара жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы Минск шаарына күч менен кондурулганда кармалган. Кийин ал экөө тең үй камагына алынган. Протасевич Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин сындап жүргөн жана соңку кездери Литвада баш калкалап келген.

Ryanair компаниясынын учагын бортто жарылуучу зат бар деген шылтоо менен Беларустун аскердик учагы мажбурлап кондурган. Андан жарылуучу зат табылган эмес.

Көпчүлүк өлкөлөр бул аракетти кескин айыптап чыгышкан. Анын ичинде Европа Биримдиги жана АКШ Беларуска каршы санкцияларды киргизген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG