Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

COVID-19: оору 820 адамдан аныкталып, үч бейтап каза болду


Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек өткөн аптадан тартып "кызыл зонага" кирген.
Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек өткөн аптадан тартып "кызыл зонага" кирген.

Соңку бир күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 820 адамдан аныкталып, үч киши каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (600 адам).

Ушуну менен өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 191 миңден ашты, 2836 бейтап каза болду.

Оору жуктуруп алгандардын 50 чактысы медицина кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG