Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Бажы кызматынын башчысы кармалды


Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду 17-январда коррупцияга шектүү катары кармады.

Кубанычбеков Бажы кызматынын башына былтыр октябрда келген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган.

“Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат кайсы компанияларга жеңилдик берилгени, бул ишке дагы кимдер аралашканы тууралуу маалымат берген жок.

Бажы кызматы же Кубанычбековдун жакындары да бул иш боюнча азырынча үн ката элек.

Бажы кызматынын башчысынын кармалышы Кыргызстанда эң коррупцияланышкан деген сындан башы чыкпаган мекемедеги жемкорлук кайрадан коомчулуктун талкуусуна чыкты.

Адилет Кубанычбеков былтыр декабрь айында “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстандын бажы тармагында аткезчилик токтогонун айткан. Ал “аткезчилик менен алектенем деген ишкерлер башка жакка барышы керек” деп, коррупцияга каршы күрөшүү үчүн журналисттерди жардамга чакырган.

“Биз Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде каалагандай иштегиле деп үч жыл жеңилдик убакыт берилген. 2016-2017-2018-жылдары бажы тармагында маселе болгонун көргөн жокпуз. Бирок 2019-жылдан тарта көйгөй башталды. Анткени бизге берилген жеңилдик мөөнөтү бүттү. Мындан ары таза иштешибиз керек. Бүткүл бизнеске кайрылгым келет, аткезчиликке чоң согуш жарыялап, ал токтоду. Эми Кыргызстанда аткезчилик менен иштейм дегендер башка жакка барсын”.

Ай айланбай өзү жемкорлукка шек саналып кармалганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп былтыр 26-октябрда дайындалган. Аты-жөнү коомчулукка анчалык белгилүү эмес, мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштебеген адамдын бул кызматка келиши көп суроону пайда кылган.

Ал тууралуу азыноолак гана маалыматтар бар. 2018-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан Silk Way деп аталган ири текстил-логистикалык борборунун курулушунун башталышында анын жетекчиси Адилет Кубанычбеков экени белгилүү болгон.

Юстиция министрлигинин сайтында Адилет Кубанычбеков Кубанычбекович деген ысымга байланыштуу алты ишкана катталган. Алар мунай иштетүүдөн баштап, электр энергиясы, жүк ташуу, жеңил өнөр жай жана логистика менен алектенген компаниялар. Арасында “Амин Инвест” курулуш компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулган. Ага катталган компаниялардын көпчүлүгү 2018-жылдан кийин ачылган.

Айрымдар Адилет Кубанычбеков кызматка дайындалгандан кийин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын талаптары бузулганын, мамлекеттик кызматкер жеке ишкерлик менен алектене албай турганын айтып чыгышкан.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

“Ал кишинин бизнеси Кыргызстандагы жүктү тариздеген эң чоң логистикалык борбор. Эми ал жерге бажынын башчысы болуп туруп кандай мамиле кылат? Карышкырга кой кайтарткандай эле болуп калат. Канча жылдан бери бажы боюнча иликтөө болуп жатат. Андыктан эл “ким келди, Матраимовдун адамдары эмеспи” деген сыяктуу суроолорго көңүл бурат. Бийликтин капчыгы алмаштыбы? Жаңы келген бала бизнестен сырткары таанымал эмес. Эмне максатта кызматка келди?”, - деп суроо берген жарандык активист Нурсултан Акылбек.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бажы кызматынын жаңы дайындалган жетекчилигине бул тармактан түшкөн каражатты 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлганын айткан.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Кыргызстанга келип, андан ары товарды Орусия, Казакстанга сатам дегендерге Бажы кызматы да, өкмөт да колунан келген жардамын берет. Бирок, бажы тармагындагы оюндардын баары токтотулат. Быйылкы план боюнча 38 миллиардды (ЕАЭБден 1,9% эсептебегенде) кийинки жылы 105 млрд сомго көтөрөсүң деп милдеттемелерди койдук. Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, унаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз”.

2019-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Ражабалиев 12 млн. сом, Боронбаев 8 млн. сом акчаны бюджетке төгүп берген.

Ражабалиев былтыр 28-ноябрда өткөн Жогорку Кенешке шайлоодо №2 Баткен шайлоо округунан депутаттыкка шайланды. Анын соттуулугу жоюлганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG