Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Бийликтин жемкордукка каршы бир жылдык күрөшү


Иллюстрация сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бийликтин коррупцияга каршы күрөшү мыйзамдар менен мамлекеттик органдардын жоопкерчилигиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам жакшы натыйжа бербей жатканын айтты. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндөгү (9-декабрда) кайрылуусунда, өлкө башчысы бул жаатта жаңы мыйзам жана стратегиялык программа иштелип жатканын жар салган.

Бийликтин убадалары жана аракеттери

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров жемкорлор менен күрөштө эч кимге аёо болбошун жарыялаган. Кыргызстандагы эң ири жемкордукка шек саналып, бирок түшүнүксүз себептерден улам жоопкерчиликке тартылбай келген экс-бажычы Райымбек Матраимовдун эсебин кыска мөөнөттө берерин да убадалаган.

Көп өтпөй өкмөттүн 2020-жылдын 29-октябрындагы жыйынында жемкордук менен күрөшүүгө Баш мыйзам жолтоо болуп жатканын, аны башкаруу системасын өзгөрткөн соң гана жоюу мүмкүн экенин айтты.

Садыр Жапаровдун алгачкы демилгелеринин бири - мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлорго экономикалык мунапыс жарыялоо болду.

Экономикалык мунапыстын алкагында эң кирешелүү тармактар – энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен ж.б. тармактарда коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөндөргө, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы аткаминерлерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алгандарга, салык төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн аткаминерлердин тобуна, министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн ичинде коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, өөнөлгөн акчаны мамлекеттик казынага кайтаруу талабы коюлган.

“Силер өзүңөр деле ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле. Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан ар бир тыйыныңарды өз ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла”, - деп талап койгон президент.

Январдагы президенттик шайлоого катышып жатканда Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтагы жемкордукту жоюу үчүн кадрдык реформаларды жасоо зарылдыгын айткан. Ал үчүн бардык мамлекеттик кызматтарга кадрлар онлайн чагылдырылган ачык сынактын негизинде гана алынарын билдирген.

“Жаңы Конституцияны кабыл алсак, реформалардан кийин бардык кадрлар өз кесиби боюнча конкурс менен кабыл алынат. Бардык жаштар катышса болот, орто жаштагылар да, аксакалдар да катышса болот. Кимиси күчтүү болсо, ошол өтөт. Мурдагыдай тууган-уругун же куда-сөөгүн алып барып, ошол жердин адистиги эмес болсо дагы “ушул жерге коёлу иштей берет” деген болбойт. Реформадан кийин андай болбойт, мен ага сөз берем”, - деген президент.

Кийин райондордун акимдерин аттестациядан өткөрүп, андан соң өлкө боюнча ротациялык орун которууларды жасады.

Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетип жатканда жоюп салган Антикоррупциялык кызматты кайра калыбына келтирип, сегиз айдан ашуун иштетти. Кызмат быйыл июнь айында биротоло жоюлду. Жыл ортосунда Каржы полициясын да жоюп, анын функцияларын УКМК менен ИИМге кошуп беришти.

Садыр Жапаров эки мекемени тең өлкөдө экономикалык реформа жасоо жана бизнести коргоо программасынын алкагында жойгонун билдирди.

“Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен, бул орган “өзүн-өзү актаган жок” деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болгон”, - деген өлкө башчысы.

Быйыл июль айында президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлдү. Кеңешке “коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү” милдети жүктөлгөн. Муну менен катар “коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү” иштерин аткарат.

Кеңештин төрагасы президент өзү, башкы катчылыкка Нурипа Муканова дайындалган. Кеңештин алгачкы отуруму 16-ноябрда болуп өттү. Ал жыйында коррупцияга каршы күрөшүүнүн концепциясы бекитилип, анын алкагында катчылыкка стратегиялык программа даярдоо тапшырылган. Муканова коррупцияга каршы күрөшүү жаатында 2022-2024-жылга стратегиялык программа даярдалып жатканын билдирди.

“Бүгүнкү күндө катчылык антикоррупциялык стратегияны иштеп чыгып атабыз. Стратегияны иштеп чыгыш үчүн беш топ түзүлгөн. Биринчи топ мамлекеттик органдар боюнча, экинчи топ бизнес-чөйрөдөгү коррупциялык ченемдерди аныктайт, үчүнчү топ билим берүү жана илим системасын изилдейт, жарандык коом боюнча өзүнчө топ иштейт. Стратегия 2022-жылдан 2024-жылдын аягына чейин – үч жылга даярдалып атат”.

Стратегиядан тышкары Башкы прокуратура “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамды кайра иштеп чыгып жатат. Башкы прокуратурадан аталган мыйзам тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Жемкордукка каршы күрөш жана Райымбек Матраимов

Былтыр УКМКга жаңы дайындалганда Камчыбек Ташиев “Матраимовду таап, кылмышы болсо толук жоопко тартабыз” деп жарыялаган. Ташиев “эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт” деп ишендирген. Айткандай эле атайын кызмат буга чейин колго илинбей келген Райымбек Матраимовду кармап, “Жемкордук” жана “Мыйзамсыз баюу” беренелери боюнча айып такты.

Матраимов жана бажыдагы дагы кырктай кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, ал азырга чейин иштеп, мамлекетке ири көлөмдө зыян келтиргенин жарыялаган.

Бул окуя коомдо кызуу талкуу жаратты.

Атайын кызмат Матраимовду эки жолу кармап, эки жолу кайра бошотту. Ал мамлекетке келтирген зыянын төлөөгө макул болуп, 2 млрд. сом төккөн. Бул сумманын 1 млрд. 400 млн. сому акчалай, 600 млн. сому кыймылсыз мүлк түрүндө берилген.

2021-жылдын 11-февралында Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сом айып салды. Ушуну менен Матраимов бажы тармагында жемкордук схемаларын түзүп, өлкө казынасына келтирген ири зыяны үчүн тартылуучу мыйзам жазасынан кутулду.

21-апрелде Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовго тагылган айыптар далилденбегени үчүн кылмыш иши токтотулганын билдирген. Аны менен кошо айыпталып жаткан бажычылардын бир тобу ар кандай суммадагы каражатты төлөп, абактан чыгышкан.

“Бизге чет мамлекеттерден “Райымбек Матраимовго жана анын үй-бүлөсүнө катталган мүлкү жок” деген жооптор келип түштү. Ошондон кийин биз ишти токтотуп, аны чыгарууга мажбур болдук. 40тай бажычынын 15 чактысы күнөөлөрүнүн такталганына карап 5 миллиондон 50 млн. сомго чейин акча төлөп чыгышты”, - деп билдирген УКМК төрагасы.

Райымбек Матраимов былтыр 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө “Магнитский тизмесине” киргизилген.

Матраимов менен кошо айыпталган бажычылардан Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов “Мыйзамсыз баюу” боюнча айыпталса, дагы бир мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев менен Түндүк-чыгыш бажысынын экс-башчысы Абдыбахап Боронбаев “Жемкордук” беренеси менен айыпталышты.

Кийин Айтмаматов 74 миллион сом, Ражабалиев 6 миллион, ал эми Боронбаев 8 миллион сомду депозиттик эсепке төгүп, тергөөдөн кутулушту.

Нурлан Ражабалиев 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого №2 Баткен шайлоо округунан катышты. Тергөө иштериндеги тагылган айыптар жана ал үчүн мамлекетке каражат төккөнү саясий кызматка ат салышууга жолтоо болгон жок. Ал жакында парламентке депутат болот.

Каржы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров менен анын орун басары Эмил Жамгырчиев жемкордукка жана ири көлөмдө пара алууга шек саналып кармалды.

Таиров да, Жамгырчиев да жыл башында депозиттик эсепке 20 млн. сомдон төгүп, үй камагына чыкканы маалымдалган. 19-ноябрда Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевди актаган чечим чыгарды.

“Кустуруу” ыкмасы: жемкордукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолубу?

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев былтыртан бери жемкордукка каршы жигердүү күрөшөрүн байма-бай жарыялап келет. Былтыркысын эсепке албаганда, 2021-жылы ондогон ири аткаминерлер менен саясатчылар жемкордукка шек саналып кармалды.

Мурдагы Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде айыпталуучунун тергөө менен кызматташуусу тууралуу атайын беренелер бар болчу. Ушул беренелердин негизинде кармалгандардын басымдуу көпчүлүгү белгилүү өлчөмдөгү каражатты депозиттик эсепке төгүп, баш коргоо чарасын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

4-февралда экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевге Эл аралык медицина университетине лицензия берүүдө жемкордук схеманы уюштурган, кылмыштуу жолдор менен чогултулган мүлктөрүн мыйзамдаштырган, ири көлөмдө салык төлөөдөн качкан жана мыйзамсыз байыгандыгы боюнча айып тагылып, кармалган. Эки ай абакта отурган Жумалиев 1 млрд. сом төлөп абактан чыккан.

Жогорку соттун судьялары Камил Осмоналиев менен Дильфуза Боронбаева “мамлекеттин кызыкчылыгына миллиондук зыян келтирген жана мыйзамсыз байыган” деген айып менен кармалышкан. 2020-жылдын декабрында кармалган Камил Осмоналиев үч айдан соң атайын эсепке 114 млн. сом төгүп, абактан бошогон.

Жогорку соттун өкүлү Изати Шүгүралиева бул судьялар милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилгенин, бирок соттун өкүмү чыкканга чейин статусун сактап турарын билдирди.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык Судьялар кеңеши судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген учурда ал кызмат ордунан убактылуу четтетилет. Демек, соттун айыптоо өкүмү чыкканга чейин Камил Осмоналиев менен Дильфуза Боронбаева судьялык статусунан ажыратылбайт. Алар учурда милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилишкен”.

“Мыйзамсыз баюу” беренеси менен Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов да кармалып, бир айга жетпей 170 млн. сом төлөө шарты менен кайра чыккан. Экс-вице-мэрлер Мирлан Амантуров менен Уланбек Азыгалиевге да ушундай эле айып тагылып, 25 миллиондон 30 млн. сомго чейин каражат төгүшкөн. Алар да азыр эркиндикте жүрүшөт.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, парламент депутаты Алиярбек Абжалиев да “мыйзамсыз баюуга” айыпталып 20 млн. сом төксө, дагы бир депутат, былтыркы парламенттик шайлоодо бийликтин “Биримдик” партиясын жетектеген Марат Аманкулов 50 млн. сом менен абактан чыккан. Абжалиев депутаттык мандатын сактап калса, Аманкулов парламенттен биротоло кеткен.

“Кустуруу” операциясынан ишкерлер да сыртта калган жок. Оштогу ири олигарх деп эсептелген Жалил Атамбаев менен “Бакай Банктын” ээси Сергей Ибрагимов ар бири 100 миллиондон, “Карвен групп” компаниясынын кожоюну Генрих Балян 60 млн. сом төгүшкөн.

Атактуу кримтөбөл Камчы Көлбаев 50 млн. сомдой каражат төгүп, абактан чыккан. Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырганы үчүн ага жалпысынан 250 млн. сом жүктөлгөн.

Соодалашууга шарт түзгөн мыйзам

Чуулгандуу камоолордун басымдуу бөлүгү айыпталуучулардын тергөө талап кылган миллиондорду төгүп, андан ары үй камагына чыгып кетиши менен аяктап келет.

Буга президент жарыялаган экономикалык мунапыс мыйзамы менен Жазык-процессуалдык кодексинин тергөө менен кызматташуу боюнча беренеси жол берет. Укукчулар бул жоболор тергөө менен кылмышкерлердин ачык соодалашуусуна түрткү берерин айтып келет.

“Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова мындай көрүнүштүн мыйзамга сыйбай турганын айтат.

“Азыр “кустурабыз” деген лозунг менен мыйзам тандалма түрдө колдонулуп жатканын көрүп жатам. Соту жок эле айрымдар макулдашып алып, ордун толтуруп берип жатат. Мен ошол эле Матраимовдун ишмердиги кандай зыян алып келгендигин билбейм. Бул боюнча чечим жок. Бул иш эмес да. Бул соодалашуунун ыкмасы да. Мыйзам боюнча тергөө болуш керек, зыян болушу керек. Баары далилдениши кажет. Бардык процедуралар жазылган. Мыйзам менен иштегиле. Бирок эч ким каалабайт”.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев февраль айында “Азаттыкка” курган маегинде тергөө менен кызматташып, зыяндарды төлөө айыпталуучуларды жоопкерчиликтен куткарбай турганын билдирген.

“Эгерде өзү мойнуна алып, өз каалоосу менен мамлекетке төлөп берем десе биз эмнеге тоскоол болушубуз керек? Биз төлөтүп, ордуна коюшубуз керек да. Ошол эле убакта бул жарандар кылмыш жоопкерчилигинен кутулган жок. Алар мыйзам чегинде тергөө менен макулдашууга барып, соттон жаза алып жатпайбы. Аларды ачык эле күнөөң жок деп коё берген эч ким жок. Эгерде мамлекетке ири экономикалык зыян келтирсе, аны өз каалоосу менен төлөй турган болсо, биз аларды күнөөсүнөн куткарып эмес, тергөө убагында үй камагына чыгарууга макулдук берип жатабыз. Эгер өз каалоосу менен кылмыштын бетин ачып, кандай кылмышты, кантип, кайсы кызмат адамдары менен жасагандыгын айтып берсе. Бул жазык-процессуалдык кодексинде көрсөтүлгөн норма, ошол мыйзам менен иштеп жатабыз”, - деген Зулушев.

Быйыл Жазык-процессуалдык кодекси кайра иштелип чыгып, тергөө менен кызматташуу беренеси жоюлду. 2-декабрда күчүнө кирген кодексте кылмыш ишинин жагдайы толук иликтенип, ага тергөө баа берери, акыркы чечимди сот чыгарары жазылган.

Кайтарылган каражаттардын тагдыры

Жыл башында өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн Казыналыкта депозиттик эсеп ачкан. Токтомдо эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган каражаттар чогултулары жазылган.

Укук коргоо органдарына кылмыш иштеринин алкагында өндүрүлгөн каражаттарды өз эсебинен ушул депозиттик эсепке которуп турууга милдеттендирилген.

Каржы министрлигинин маалымат кызматынын адиси Алтынай Акмашаева жыл башынан бери бул эсепке 2 млрд. сомго жакын акча түшкөнүн билдирди.

“Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы №5 токтомунун негизинде республикалык бюджетти колдоо үчүн ачылган депозиттик эсепке ачылган күндөн баштап 2021-жылдын 13-декабрына чейин түшкөн каражаттардын жалпы суммасы 1 млрд. 997 млн. 559 миң 500 сом 97 тыйынды түздү”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында былтыр октябрдагы бийлик алмашкандан бери жемкордук менен күрөшүүдөн 7,5 млрд. сом казынага кайтарылганын билдирди.

“2021-жылдын өткөн айларында аныкталган жемкордук боюнча 2193 жазык иши териштирилип, мамлекеттин кирешесине 7,5 млрд. сом өлчөмүндө каржылык жана материалдык каражаттын түшүүсү камсыздалды. Бул жыйынтык жемкордукка каршы күрөштүн сиздин жетекчилигиңиздин астында өтө катуу көзөмөлдүн натыйжасы деп билебиз”, - деп билдирди Ташиев.

Камчыбек Ташиев айткан 7,5 млрд. сом кайда жана кандай максатта колдонулуп жатканы активисттердин бүйүрүн кызытып келет.

Сентябрь айында Каржы министрлигине кат менен кайрылган укук коргоочу Нурбек Токтакунов депозиттик эсептеги каражаттар уурдалып же башкаруучу топтун тар кызыкчылыгына иштетилип жатканын божомолдойт.

“Кустуруу” деп коёт го, жөн эле кармайт, акчасын алат, кайра бошотуп коёт. Акчалар бюджетке түшпөйт. Мен Каржы министрлигине кат жолдоп, жообун алгам. Алар “акчалар мамлекеттик эсепке түшкөн жок, ошондуктан биз анын тагдырын билбейбиз” деп айтышты. Атайын эсеп мамлекеттик бюджет эмес. Компенсациялардын баарын казыналыктан республикалык эсепке өткөрүү керек. Өткөрүшкөн эмес, атайын эсепте эмне кылып жатканы белгисиз”, - дейт укук коргоочу.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жемкордукка каршы күрөш кызуу жүрүп жатканын, андан түшкөн каражаттар күч органдарын күчтөндүрүүгө иштетилип жатканын айтат.

“Мына ууруларды токтотуп койдук, коррупционерлер камалып жатат. Бюджетке акчалар миллиарддап түшө баштады. Ошонун негизинде биз азыр армияга техникаларды, кымбат курал-жабдыктарды сатып алып атабыз. Укук коргоо органдарынын айлыктарын көбөйтө баштадык, керектүү жерлерде штаттарын көбөйтүп жатабыз”, - деп билдирди Марат Иманкулов.

Айрым серепчилер Ак үйдүн жасап жаткан кадрдык реформалары мамлекеттик кызматтагы жемкордукту жоюу ордуна, жек-жаат жана тааныш-билишке таянып жатканын айтышат.

Саясатчы Клара Сооронкулова жемкордук менен күрөшүүнүн табияты өзгөрбөгөнүн айтууда.

“Беш-алты кишини жоопкерчиликке тартып, аларды "кустуруу" коррупция менен күрөш эмес. Анткени, алардын ордун башка жемкорлор келип ээлеп жатат. Жогорку бийликте турган адамдардын туугандары, өкүл балдары, кудалары ар кандай кызмат орундарын ээлеп атышканы тууралуу абдан көп маалымат бар. Бул дагы коррупциянын бир түрү. "Кадр саясаты ачык болот, бүт кызматтарга сынак менен дайындалат" деген сөз калп болуп чыкты. Анткени, эл айткан “майлуу-сүттүү” кызматтарга жалаң тууганчылык принциптер менен дайындалып атат. Кадр саясатында жылыш болгон жок”.

“Кумтөрдөгү” жемкордук

“Кумтөр” ишинин алкагында да бир катар жемкордук иштери болгону айтылып, мурдагы премьер-министрлер, парламент спикерлери баш болгон аткаминерлер кармалышты.

Бул иштин алкагында мурдагы өкмөт башчылардан Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаев тергөө абагында кармалып чыгышты. Аларга тагылган айыптардын далилденгендиги тууралуу маалымат жок.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бюджетти колдоо үчүн 100 млн. сом төлөп берип, кылмыш ишин кыскарткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев андан эч ким зыян тартпаганын билдирген.

“Өмүрбек Токтогуловичтин иштери боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Буга чейин ал иштерди Каржы полициясы изилдеген, кийин бизге өттү. Биз дагы 2-3 ай текшерип, баарын карап чыктык. Тергөөчүлөр “Бабанов жана анын туугандары эч кимге чоң зыян келтирбегенин” аныктаган чечим чыгарышты. Бабанов менен сүйлөштүк, бюджетке жардам берди”, - деп айткан Ташиев.

Экс-депутаттар Исхак Пирматов, Алмаз Баатырбеков жана Талантбек Узакбаев тергөө менен кызматташууга барып абактан чыгышкан. Өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошеваны үй-бүлөлүк жагдайына жана жаш баласы бар экендигине байланыштуу кайра чыгарышкан.

Бардык бийликтер “Кумтөр ишиндеги" жемкордукта мурдагы президент Аскар Акаевди башкы айыпкер катары көрсөтүшчү. Ал киши август айынын башында Бишкекке учуп келип, “Кумтөр иши" боюнча бир жума сурак берди. Декабрдын ортосунда экинчи жолу келип, УКМКнын сурагына кайра алынды. Мурда Кыргызстанга келе албай жүргөн Акаев бул жолу эркин келип-кетип жүрөт.

Парламенттин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен анын мурунку орун басары Төрөбай Зулпукаров ушул жылдын 31-майында “Кумтөр иши" боюнча УКМК тарабынан камакка алынган.

8-декабрда Башкы прокуратура эки депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламентке сунуш киргизди. Сунушту өзгөчө ыкчам караган парламент аны четке кагып, депутаттарды бошотуу чечимин чыгарды.

Алты айдан бери бул иш боюнча кыймылсыз жаткан прокуратуранын күтүүсуз жанданышы менен парламенттин VI чакырылышынын таркардын алдындагы адаттан тыш “азуу көрсөтүүсү” серепчилерди таң калтырды.

“Коомдук рейтинг” басылмасынын саясий баяндамачысы Нурдин Дүйшөнбеков ыйгарым укуктарынын бүтүшүнө саналуу күндөр калганда Жээнбеков менен Зулпукаровдун маселесин парламентке алып чыгуу күмөндүү суроолорду жаратканын айтат.

“Мен ушул депутаттар тарап кетерде аябай кайраттуу болуп кетти деп деле ойлобойм. Бул жерде кандайдыр бир саясий оюн болуп кеткендей түр калтырат. Ансыз деле булардын (парламенттин – ред.) аброю коомдо бийик деп айта албайбыз. Биринчиден, “жогото турган эч нерсебиз жок”дегендей позиция болду десек болот. Экинчиден, электораттан коркоор жери жок, анткени шайлана турган депутаттар кайра шайланып келишти, шайланбай тургандары шайланбай калышты. Ошон үчүн ушундай “кызмат көрсөтүүгө” барыштыбы деп ойлоп калдым. Бул Жогорку Кеңештин токтому менен ушул эки депутат жоопкерчиликке тартылбайт деген позиция болуп калды. Кийин кандайдыр бир шылтоо болуп колдонулушу мүмкүн”, - деген пикирин айтты саясий баяндамачы Нурдин Дүйшөнбеков.

“Кумтөр иши" боюнча кармалган аткаминерлерден учурда тергөө абагында президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Данияр Нарынбаев менен экс-биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев гана калды.

Жемкордукту ачыктоо кимге пайда, кимге зыян?

Бийлик жемкордук тууралуу фактыларды таап берген адамдарга каржылык колдоо жөнүндө жол-жоболорду иштеп чыгууда. Каржы министрлиги бул боюнча мыйзам даярдап жатканын, ага ылайык мындай адамдарга өндүрүлгөн каражаттан 10% берүү каралган. Президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин 16-ноябрда өткөн алгачкы жыйынында ушундай жоболорду батыраак ишке киргизүү талабын койду.

Өлкө башчысы айтып оозун жыйганча Жаза аткаруу мекемесинин кызматкери жемкордук тууралуу президентке ачык кайрылып, жумуштан кеткен. Бул окуяга көзөмөл органдары да, президент өзү да реакция кылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG