Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

"Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму президентке кайрылды


Ош шаарындагы экстремизмге каршы жөө жүрүш. 23-ноябрь, 2018-жыл.
Ош шаарындагы экстремизмге каршы жөө жүрүш. 23-ноябрь, 2018-жыл.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбооруна анализ жасап, бир катар кемчиликтерди оңдоо өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Уюм аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса айрым аныктамалар эки ача түшүндүрүлүп, адам укугунун бузулушуна алып келерин билдирген. Андыктан аныктамаларды тактап, керек болсо толук өзгөртүү керектигин белгилейт.

Андан тышкары мыйзам долбоорунда бийликти сындаган маалымат каражаттарын жабууга жол ачкан жагдайлар бар экендигин айтат.

Ички иштер министрлиги январдын башында “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Долбоор koomtalkuu.gov.kg сайтында жарыяланган.

Жаңы мыйзам долбоорунда экстремизм идеология катары сыпатталууда.

Негиздеме катында министр Улан Ниязбеков документ экстремизмге каршы аракеттерди жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн даярдалганын билдирген. Ал экстремизм менен күрөшүүдө эл аралык жана заманбап ыкмалар зарыл экенин, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгү байкалып жатканын билдирген.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты – адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, өлкө аймагынын бүтүндүгүн, коопсуздугун коргоого багытталганы айтылган.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

2003-жылдан бери 21 диний бирикмеге өлкө аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG