Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Кыргызстанда былтыр 430 миң тоннадай эт өндүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министрлиги былтыр жалпысынан 428,9 миң тонна эт өндүрүлгөнүн, бул мурдагы жылга караганда 2% көп экенин маалымдады. Мекеме мындай көрсөткүч өлкөдө мал-келдин санынын көбөйгөнү менен байланыштуу экенин белгиледи.

Былтыр 1698,9 мин тонна сүт алынды жана бул 2020-жылдагы караганда 1,9% арбын.

Соңку бир жылда өлкөдө эттин баасы 30-40% кымбаттады. Сүт азыктарынын баасы да көтөрүлдү.

Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң.

Өлкөнүн ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG