Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Казакстанда “Январь окуялары” боюнча 700дөй кылмыш иши козголду


Казакстан. 12-январда тартылган сүрөт.
Казакстан. 12-январда тартылган сүрөт.

Казакстандагы январдын башындагы окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин саны 695ти түздү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурорунун улук жардамчысы Азамат Сергазин журналисттерге билдирди.

“Оор жана орто оор кылмыштарга байланыштуу 695 иш боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын 44ү терроризм, 15и адам өлтүрүү, алтоо үгүт-насыят жана бийликти басып алууга чакырык таштоо фактысы боюнча. Шектүү катары 780 адам кармалган, анын 695ин камоого санкция берилген”,-деди Сергазин.

Буга чейин Башкы прокуратурага тополоңго байланыштуу 546 кылмыш ишин тергөө жүрүп жатканын айткан. “Негизсиз кармалган” деген жүйө менен 100дөй адам бошотулган.

Мекеменин маалыматына караганда, 8354 административдик иш каралып, 3337 адамга эскертүү берилген. 1653 иш боюнча айыппул салынып, 1002 адам камалган. Алардын жазасын жумшартуу боюнча 1758 апелляциялык арыз каралууда. 676 адам камактан бошотулган.

Мурдараак тополоңдон кийин Казакстанда кармалган жарандардын саны жалпы 10 минден ашканы кабарланган.

Amnesty International эл аралык уюму 13-январда Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга чакырган. Уюм ошондой эле кармалгандардын арасындагы журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG