Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Чукул билдирүү: кээ бир аймактарда кар калың жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызгидромет” агенттиги аба ырайы тууралуу чукул билдирүү таратты. Ага ылайык, 19-20-январь күндөрү түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош менен Нарындын кээ бир райондорунда, 19-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Жалал-Абадда кээ бир аймактарда жаан-чаачын катуулашы ыктымал.

19-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад менен Баткен облустарында катуу жаашы ыктымал. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткү жаралат.

Абанын температурасы бардык аймактарда төмөндөйт.

Агенттик мындай туруксуз аба ырайы жолдордо, энергетика тармагында жана коммуналдык кызматтардын ишинде тоскоолдук жаратып, кыштоолордо малчылардын түйшүгүн көбөйтөрүн билдирди. Ошондой эле кан жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертти.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз -2…6;

Баткен Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…4 күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап ,карга айланышы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1, күндүз 3…5 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG