Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Назарбаевдин "бизнес-империясы"


Эл башы Нурсултан Назарбаев миллиарддары: Казакстандын "Улут лидери" кайрымдуулук фонддору аркылуу эбегейсиз байлыктарды кантип көзөмөлдөйт - OCCRP
Эл башы Нурсултан Назарбаев миллиарддары: Казакстандын "Улут лидери" кайрымдуулук фонддору аркылуу эбегейсиз байлыктарды кантип көзөмөлдөйт - OCCRP

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин фонддору аркылуу башкарылган “миллиарддаган” байлык боюнча иликтөө жарыяланды.

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP), казакстандык Vlast.kz жана кыргызстандык Kloop.kgнин биргелешкен изилдөөсүндө банктар, отелдер, телеканалдар, соода жана логистикалык борборлорду ичине камтыган ири активдер анын атындагы фонддор аркылуу көзөмөлдөгөнү аныкталган.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев өз ысымы менен аталган төрт жеке кайрымдуулук фонду аркылуу кеминде 7,8 миллиард долларлык активдерди көзөмөлдөгөнү тууралуу Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны изилдөө борбору (OCCRP) менен Казакстандагы Vlast.kz жана Кыргызстандагы Kloop.kg медиаларынын жаңы иликтөөсү чыкты.

Кайрымдуулукка катылган сырлар

Бул активдердин бир бөлүгү Назарбаевдин тушунда байыган жана анын айланасындагы олигархтардын карамагынан соңку эки жыл аралыгында Назарбаевдин ысымы менен байланышкан аталган кайрымдуулук фонддорунун көзөмөлүнө өткөнү жана андагы бир катар жеке компаниялар казак өкмөтүнөн каржыланып турганын иликтөө учурунда аныкталганы маалымдалды.

“Формалдуу түрдө Назарбаевдин миллиарддаган байлыгы ага тиешелүү эмес, бирок ал бүтүндөй мүлктөрүн кайрымдуулук фонддору аркылуу көзөмөлдөйт” деген тыянакка келген иликтөөнүн авторлору.

“Назарбаев бул активдерин улам ирилештирип, улам көбөйтүп отурган. Ал өзү президент болуп турганда негизделген фонддору аркылуу аталган мүлктөрдү көзөмөлдөө жолун тандаган. Ал кайрымдуулук фонддору Казакстандын калкына жардам көрсөтүү деген негизде ачылган. Анда казак тилинин кеңири жайылуусун камсыздоо жана балдарды колдоо сыяктуу долбоорлор камтылган. Мына ошол төрт кайрымдуулук фонду тымызын түрдө ондогон ири жеке менчик компанияларга ээлик кылат”, - деп жазат иликтөөнүн авторлору.

Иликтөөдө миллиарддаган байлыкка ээлик кылып, бирок жылдык отчеттору жарыяланбаган, мүлкүнүн бир канча бөлүгү чет элдик коммерциялык түзүмдөрдүн артына жашырылган төрт кайрымдуулук уюмунун аты аталды.

Алар - Назарбаев Фонду, Нурсултан Назарбаев Фонду, Демеу Фонду жана Элбасы Фонду. Кийинки эки фонд коомдук ишмердик менен алектенбейт.

Билим берүү кору же бизнес-империясы?

Назарбаев фонду 2009-жылы негизделип, Назарбаев мектептер тармагы жана Назарбаев университети менен байланышкан. Назарбаев 2019-жылы президенттиктен кеткенде бул фонд инвестициялоо менен активдүү алектене баштаган.

Казакстан. Нур-Султандагы Назарбаев университети. 18-июль, 2018-жыл.
Казакстан. Нур-Султандагы Назарбаев университети. 18-июль, 2018-жыл.

Алкымды ачкан ачкөздүк

Назарбаев фонду президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Жаксыбековдун үй-бүлөсүнө караштуу ири банкты («Цеснабанк»), онлайн соода аянтчасын, ири кампаларды, соода борборлорун жана ал тургай макарон чыгарган фабрикага чейин ээлеп алганы иликтөөдө белгиленген.

Мындан сырткары Назарбаев фонду Люксембургдагы Pioneer Technologies компаниясы аркылуу Казакстандагы эң ири Kcell мобилдик операторунун 24% үлүшүн тымызын колуна алган дешет иликтөөчү журналисттер.

Казакстан. Вячеслав Абрамов, Vlast.kz басылмасынын башкы директору. Алматы, 19-август, 2020-жыл.
Казакстан. Вячеслав Абрамов, Vlast.kz басылмасынын башкы директору. Алматы, 19-август, 2020-жыл.

“Чынын айтканда, анын бул активдерин көргөндө мунун бардыгы мен үчүн күтүүсүз болду деп айта албайм. Кайрымдуулук фонддору аркылуу көптөгөн мүлктөрдүн бардыгын колуна алып, башкарып отурганын иликтөөгө кирише электе эле билдик. Иликтөөнүн жүрүшүндө соңку мезгилде Назарбаевдин “империясынын” кандай ылдамдык менен кеңейип, активдеринин ашкере көбөйүп жатканын көрдүк. Алкымы улам ачылып, өзгөрүп отурду. Айрыкча Назарбаев президенттиктен кеткен эки жыл ичинде анын бул империясы бир нече эсеге чоңойду. Бул нерсенин бардыгы көпчүлүктүн назарына илинбей койгон жок”, - дейт Vlast.kz сайтынын башчысы Вячеслав Абрамов.

Airbus - "учуучу пентхаус", банктар, отелдер, соода борборлору

Назарбаевдин калган үч фонду да ал президенттиктен кеткенден кийин жандана баштаганы байкалган. Иликтөөдө Назарбаев фонду швейцариялык авиакомпаниядан наркы 100 миллион долларлык Airbus ACJ320neo учагын сатып алганы көрсөтүлгөн.

Бул учак президенттин иш башкармалыгына караган “Беркут Эйр” авиакомпаниясына катталып, аны Нурсултан Назарбаев колдонору белгиленди. Иликтөөдө Назарбаев Демеу фондунун 2017-жылы борбордо ачылган The St. Regis Astana отели да аталды. Анын расмий ээси Turion Investment Group компаниясы. Ал эми Назарбаевдин фонду бул компаниянын ири акционери экени иликтөөдө аныкталганы кабарланды.

Түркиянын Жер ортолук деңизинин жээгиндеги беш жылдыздуу Rixos Beldibi отелинин Нурсултан Назарбаев фондуна байланыштуу экени да иликтенген. Ал мурда түрк өкмөтү туризмди өнүктүрүү үчүн Казакстанга бөлүп берген жерге курулган.

Иликтөө тобунун айтымында, бул фондго бир катар мейманкана, гольф клубу, балет театры жана кайрымдуулук иштерин активдүү чагылдырган “Караван” гезити баш болгон бир нече медиа ресурстары кирет.

“2020-жылы Назарбаев Фонду Jusan Technologies холдингин түзүп, Британияда каттоодон өткөрөт. Кийинчерээк Pioneer Capital банктарын, кампаларын, соода борборлорун жана бардык активдерин Jusan Technologies компаниясына өткөрүп берген. Jusan Technologies азыр төмөнкү компанияларга жана акцияларга ээ: Казакстан, Орусия, Кыргызстандагы Жусан банк, Оптима банк, Азия-Тынч океан банкы, Экспокредит банкы сыяктуу банктар. JMart.kz жана Jmart.ru интернет дүкөндөрү, Kcell, Jusan Mobile мобилдик операторлору, Astana Cargo Service, Дан логистикасы, Кунар-трейд логистикалык борборлору. Jusan invest, First Heartland Securities, First Heartland Capital каржылык кызматтары жана “Цесна”, “Сапа Нан” сыяктуу тамак-аш өндүрүшү, Астана жана Костанайдагы “Цесна”, “Астыкжан 1”, “Астыкжан 2”, “Жафар”, “Универсал”, “Астыкжан-Костанай” сыяктуу соода борборлору. Алардын активдеринин жалпы наркы 7,8 миллиард долларды түзөт”, - деп аталган иликтөөдөгү мүлктөрдү тизмектеди “Азаттыктын” казак кызматы.

"Пенсионер" - экс-президент

OCCRP изилдөөчүлөрү Казакстанды каптап, кан төгүү менен аяктаган соңку нааразылык акцияларында Назарбаев арткы планда калууну көздөгөнүн белгилешти.

Быйыл жаңы жылдын башынан бери Казакстандагы нааразылык акциялары биринчи жолу 18-январда эл алдына чыккан Назарбаев мураскери Токаев менен эч кандай чыр-чатак жок экенин айтып, өзүн эбак эс алуудагы “пенсионер” деп атады:

"Мен 2019-жылы ыйгарым укуктарды президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергем. Ошондон бери мен пенсиядамын. Азыркы учурда Казакстандын борборунда ардактуу эс алуудамын жана эч жакка кеткен жокмун. Президент Касым-Жомарт Токаев толук кандуу бийликке ээ. Ал Коопсуздук кеңешинин да төрагасы. Президент жакын арада “Нур Отан” партиясынын төрагалыгына да шайланат. Ошондуктан өлкөнүн элитасынын арасында эч кандай чыр-чатак же карама-каршылык жок. Бул темадагы ушактардын бардыгы негизсиз",- деди Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев.

Ал эми иликтөөнүн авторлору президент Касым-Жомарт Токаев Назарбаевдин башкаруусун сынга алып, экономиканы ээлеп алган олигархтар тобун айыптап, өлкөдөгү теңсиздик темасын козгогонун белгилешти.

Бирок Назарбаевдин фонддору көзөмөлдөгөн миллиарддаган долларлык активдердин тагдыры эми эмне болот деген суроо азыр ачык турганын журналисттер иликтөөсүндө белгилешти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG