Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Казакстандын байлыгын чеңгелдеген 162 киши


Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң теңге купюрасы. Иллюстрациялык сүрөт.

The Financial Times гезити 14-январдагы санында “Назарбаев жана Казакстандын келечеги үчүн бийлик күрөшү” деген аталышта көлөмдүү материалын басып чыгарды.

Том Бургис Назарбаев 1995-жылы эле керектүү кагаздарга кол коюу менен кантип эбегейсиз байлык топтосо болорун, акчанын жардамы менен бурмаланган шайлоо жана саясий репрессиялар аркылуу бийликти кармап туруу жолун түшүнгөнүн жазат.

Автор Казакстандагы мунай кенин сатып алууну көздөгөн америкалык Mobil компаниясын мисал келтирген.

Канны шаарындагы вилланын ээси же мурдагы ээси экс-президенттин бир тууганы Болот Назарбаев.
Канны шаарындагы вилланын ээси же мурдагы ээси экс-президенттин бир тууганы Болот Назарбаев.

Автордун айтымында, диссиденттер, эксперттер жана ишкерлер мурдагы президент жарытылыш ресурстарына бай өлкөнүн экономикасын жеке өзү колго алган деп эсептейт.

Ал эми мурдагы режимдин тушунда иштеген айрым адамдар Назарбаевдин үлүшү алюминий өндүрүүдөн баштап банк секторуна чейин жеткенин айтышат.

Журналист макаласында британиялык аудитордук компаниянын маалыматына таянган. Ага ылайык, 19 миллион калктын 0,001 проценти же 162 киши өлкө байлыгынын 55 процентине ээлик кылат.

Алардын көбү экс-мамлекет башчынын жакын тууганы же бизнес өнөктөштөрү.

“Назарбаев бийликтеги карасанатай топ миллиарддаган каражатты чет өлкөлөргө которууга, дүйнөдөгү мыкты юристтерди, лоббисттерди (мыяткерлерди ) жалдап алууга жетишкен маалда өлкө ичиндеги диссиденттердин үнүн ырайымсыз баскан постсоветтик режимдин символуна айланды”, – деп жазат гезит.

Андан ары Казакстандын бай жаратылыш ресурстары тизмектелип, жогорудагы Mobil компаниясына байланышкан жана бир нече жаңжалды санабаганда, Назарбаевдин финансылык иштеринин чоо-жайы ачыкка чыкпаганы баяндалат.

Бургис мурдагы казак лидеринин басма сөз өкүлүнө комментарий сурап кайрылганын, бирок жооп болбогонун кошумчалады.

Макалада ошондой эле Назарбаев ыктымал атаандаштардын пайда болушун алдын алуу үчүн чет өлкөлөрдөн келген олигархтарга өнүгүп-өсүүгө, байлык топтоого мүмкүнчүлүк берген деген ой айтылат. Бургис макаласын жергиликтүү атайын кызматтардын мурдагы офицеринин эми байлык жетекчилер арасында “кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн”, Назарбаев түзүп кеткен системанын кала бериши ажеп эмес деген пикири менен жыйынтыктаган.

Казак бийлигине санкция салуу чакырыгы

The Gardian басылмасы да 12-январдагы санында Казакстандагы окуяларга кайрылып, казак элитасын бутага алган жазалоочу чаралар маселеси козголгонун жазды. Атап айтканда, америкалык ишкер, британ жараны Билл Браудер казак бийлигине каршы адам укуктарын бузганы үчүн санкциялар тууралуу тиешелүү мыйзамдарды колдонсо болот деп эсептейт.

Өткөн шаршембиде Браудер парламенттик комитетте сүйлөгөн сөзүндө өкмөттү жана Британиянын коррупция менен күрөшкөн органдарын казак байларынын мүлкүн бутага алууга үндөдү.

Назарбаев Лондондогу визит учурунда. 4-ноябрь, 2015-жыл.
Назарбаев Лондондогу визит учурунда. 4-ноябрь, 2015-жыл.

Макалада айтылгандай, Chatham House өткөн айда жарыялаган докладда 1998-2002-жылдар аралыгында Казакстанды башкарган адамдар падышалыкта 530 миллион фунт стерлингге (болжол менен 725 миллион доллар - ред.) 34 кыймылсыз мүлк сатып алышканын жарыялаган.

Басылма кан төгүү менен коштолгон окуялардан кийин Казакстандан жана башка авторитардык режимдерден акчанын агылышын тыюу үчүн санкциялар өңдүү укуктук чара көрүү чакырыктары жана кысым күчөп жатканын белгиледи.

Браудер Британиянын санкцияларды жана арам акчаны адалдоого каршы күрөштү тескеген мыйзмдарын жаңылагандардын бири. Өзгөртүүлөрдүн авторлоруна “Магнитский актысы” шыкак берген.

Басылманын жазганына караганда, лейбористтер партиясынан эл өкүлү Маргарет Хож жана Браудер падышалыктын Кылмыштуулук менен күрөшүү агенттигин диктаторлордун, клептократтардын жана алардын жакындарынын мыйзамсыз байлыгын бутага алуу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деп сындашты. Агенттиктин басма сөз өкүлү “жалкоолук” кылып жатат деген дооматты четке какты жана “мыйзамсыз финансылык иштерге шек саналган адамдардын артынан сая түшүү үчүн колдогу жоболорду пайдаланып жатканын, кылмышкерлер жана паракор элита менен күрөшкө бар аракет жумшаларын” билдирди.

Андан ары жазылгандай, Хож казак элитасына санкция салуу ийгиликсиз болуп жатканынын бир себебин атады. Депутаттын айтымында, 2020-жылы агенттиктин мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кызынын жана небересинин активдерин камакка алуу аракеттеринен майнап чыкпай калган.

Жонсон кечирим сурады

Бир катар маалымат каражаттары британ премьер-министри Борис Жонсондун карантин эрежелерин бузганын моюнга алганын, оппозиция анын отставкасын талап кылганын чагылдырышты.

Би-Би-Синин 13-январда жазганына караганда, өкмөт башчы шаршембиде парламентте кечирим сурады. Жонсон “Мыйзам, эрежелерди киргизген адамдар өздөрү аларды сакташпайт деп ойлошорун билем... Кээ бир нерселерди туура эмес кылганыбызды да билем”, - деп айтты.

Борис Жонсон парламентте суроолорго жооп берүүдө. Лондон, 12-январь, 2022-жыл.
Борис Жонсон парламентте суроолорго жооп берүүдө. Лондон, 12-январь, 2022-жыл.

Кеп 2020-жылдын 20-майында премьердин резиденциясындагы бакчада болгон отуруш жөнүндө жүрүүдө. Күбөлөр 30 чакты коноктун арасында премьер жубайы менен болгонун айтып беришкен. Кечеде алкоголь ичимдиктери да ичилген экен. Ал учурда өлкөдө катаал карантин киргизилген. Британдарга бири-бири менен аралашып, чогулууга тыюу салынган. Өткөн декабрда Жонсон коомчулуктун кысымына туш болуп расмий иликтөө жүргүзүүгө буйрук берген. Бирок анын алдында эле мыйзамдарды бузбаганын журналисттерге айткан. Иликтөө болжол менен эмки аптанын аягында жыйынтыкталмакчы.

Британдар өкмөт башчынын жоругун байма-бай комментарийлеп, ачуулангандар арбын. Жонсондун чектен чыгып кеткенин айткан оппозициялык саяатчылар анын отставкасын талап кылышууда. Башкалар болсо "бул ирет премьер кечирим суроо менен чектелет" деген пикирде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG