Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Назарбаевдин доору бүттүбү? "Нур-Отандын" тизгини Токаевге тийди


Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев, 20-март, 2019-жыл.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев, 20-март, 2019-жыл.

“Нур Отан” партиясынын кезексиз курултайында анын жаңы төрагалыгына президент Касым-Жомарт Токаев шайланды. Ал курултайда ачык жана таза саясий атаандаштыктын кепили болууга сөз берди.

28-январда башкаруучу партиянын саясий кеңеши да өзгөрүп, экс-президент Назарбаевдин жакындары жаңы курамга киргизилген жок.

Акорда билдиргендей, Касым-Жомарт Токаевди партия төрагалыгына шайлоону Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган. Курултайдын делегаттары бул сунушту "бир добуштан" колдошту.

Президент саясий атаандаштыкка кепилдик берип, "бийликтин макулдашылган аракеттерин жана жоопкерчилигин камсыздоо" анын конституциялык милдети экенин айтты. Ал бул нерсе президентти партия башчылыгынан алыс болууга милдеттүү кыларын, ошондуктан жыл соңуна чейин бул маселеге кайра кайрылып келүүгө убада кылды.

Саясат талдоочу Газиз Абишев Токаевге азыр Назарбаев негиздеген партия эмнеге керек экенин мындайча чечмеледи.

"Президент азыр жаңы саясий маданиятты жарыялады. Бул эмне экенин азырынча билбейбиз. Балким, сөз эркиндигинин жана эксперттик талкуулар чөйрөсү кеңейет. Балким, жогорку бийликте эле эмес, жергиликтүү бийликтерде дагы жекеликтен кетүүгө басым жасалат. Мунун баары президент Токаев партияны төрагалыгына шайланган соң, анын жаңы программасында чагылдырылат. Азыр биз январдын башында баштан кечирген кризисти эске алып, өткөөл учурдун транзитин жана президент Токаевдин саясий системаны кайра куруу зарылдыгын эске алганда, мунун бардыгы башкаруучу партия аркылуу жасоо натыйжалуу болушу мүмкүн".

Токаев курултайда туңгуч президенттин сиңирген тарыхый эмгегин баалап, "анын ийгиликтерин алдыга чыгарууга жана кетирген кемчиликтерин болочок жетекчилер үчүн эскертүү катары калтырууга" чакырды.

“Нур Отан” партиясынын саясий кеңеши өзгөрүп, анын курамынан Дарига Назарбаева жана Аскар Мамин сыяктуу экс-президенттин жакындары чыгарылды. Мажилис депутаты, “Нур-Отан” партиясынын мүчөсү Айдос Сарым саясий реформа тууралуу айтты.

Айдос Сарым, Казакстандын Мажилисинин депутаты.
Айдос Сарым, Казакстандын Мажилисинин депутаты.

"Азыр эми тиешелүү күрдөөлдүү тапшырмаларды берүүдө бул нерсе коомчулукка жана эл аралык коомчулукка берилген чоң белги. Азыр эми эң башкы милдет азыркы өкмөт негизги реформаларды тез арада баштоо үчүн зарыл болгон алгачкы кадамдарды жасоого туура келет".

“Нур-Отан” партиясы коронавирус чектөөсүнөн курултайын онлайн өткөргөнүн жарыялаган.

Бул курултай Казакстандын ар кайсы район, шаарында бийлик партиясын жана анын саясатын сындаган пикеттердин фонунда өттү.

"Нур-Отан" партиясынын онлайн-курултайы. 28-январь, 2022-жыл.
"Нур-Отан" партиясынын онлайн-курултайы. 28-январь, 2022-жыл.

"Бул деген азыркы учурда Назарбаевдин доору батып бараткан күн сыяктуу соңуна чыкканынан кабар берет. “Нур-Отан” партиясындагы аткаминерлер армиясы шамал каяктан согуп жатканын тез арада эле аңдап, өз багыттарын бат эле өзгөртүп, лидерин сатышты. Назарбаев кызматтан кеткен менен таасирин сактап тургандагы абал башкача болчу. Азыр Токаев бийлигин чыңдап жаткан маалда депутаттар ага ак дил экенин далилдөө үчүн абдан тез жыйналышты", - дейт Казакстандын социал-демократтар партиясынын лидери Айдар Алибаев.

Ал эми Назарбаев негиздеген “Нур-Отан” партиясынан көптөгөн мүчөлөрү чыга баштаганы кабарланды. Казакстандын парламенти жакында Назарбаевди Коопсуздук кеңешин жана Улуттар ассамблеясын өмүр бою башкарууга жол берген мыйзам жоболорун жокко чыгарды.

"Кечээ жакында эле ал киши өзү пенсионер экенин айтты. Мыйзамдар коомдогу зарылдыкка жараша өзгөрүп турат. Ошондуктан бүгүнкү күндө мыйзам кандай болсо дагы, ал нерсе эч кимге кол тийбестикти кепилдик кыла албайт", - деди Мажилис депутаты Ерлан Саиров.

Казакстандын туңгуч президенти Назарбаев январдын башындагы тополоңго айланган толкундоолор тууралуу 18-январда видеокайрылуу таратып, азыркы президент менен келишпестиги жок экенин айткан.

Назарбаев “Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын өткөрүп бергенин, жакын арада “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын да Токаевге берерин билдирген. 2-январда башталган соңку нааразылыктарда партиянын Алматыдагы кеңсеси талкаланган эле.

"Нур Отан" партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы 57 жаштагы Дарига Назарбаева былтыр май айына чейин Сенаттын спикери болчу. Кийин анын ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаев өз буйругу менен токтотуп койгон. Себеби ачык айтылган эмес. Назарбаева буга чейин да өкмөттө жана парламентте жогорку кызматтарды ээлеп келген. Соңку парламенттик шайлоодо "Нур Отан" 71% добушка ээ болгон.

"Нур Отан" партиясы көп жылдан шайлоолордон утуп чыгып, башкаруучу партия катары Казакстандын саясий айдыңында үстөмдүк абалда болду.

Былтыр 10-январдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында президенттик "Нур-Отан" партиясы 76 мандат алса, бийликке жакын "Ак жол" партиясына 12 мандат берилип, Казакстандын Элдик партиясы 10 мандатка ээ болду. Мажилистеги 107 орундун тогузу экс-президент Нурсултан Назарбаев мурда башкарып келген Казакстан эл ассамблеясынын мүчөлөрүнөн көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG