Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Казакстан кандуу окуялардан “Йакын Инкардын” изин тапты


Алматы акимчилигинин имараты. 6-январь, 2022-жыл.
Алматы акимчилигинин имараты. 6-январь, 2022-жыл.

Казакстандын “Хабар” телеканалынын даректүү тасмасында кандуу январь окуяларына “Йакын Инкар” диний агымынын катышы бар экени белгиленди.

Анда Алматыда жана Казакстандын башка аймактарында тынч митингдер кантип башаламандыктарга айланганы жана бул курч окуяларда “аракеттенген” күчтөрдүн бир командалык борбордон башкарылганы айтылды. Айрым эксперттер казак бийлиги толкундоолорду басуудагы репрессияларды актоо үчүн "тышкы душман" издөө далалаты катары карашууда.

"Хабардагы" даректүү тасманын "баш каармандары"

“Хабар” мамлекеттик телеканалы даярдаган даректүү тасмада кандуу окуяларга байланыштуу кармалгандардын арасында "Йакын Инкар" диний радикалдык кыймылынын бир катар мүчөлөрү бар экени кабарланды. Аларды тинтүү учурунда жанынан жана үйлөрүнөн курал-жарактар, гранаталар, ок-дарылар, диний адабияттар алынганы айтылды.

Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев чагылгандай тез курчуган бул окуяларды "террорчулардын чабуулу" деп атаган эле.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордада терроризмге каршы штабдын жыйынын өткөрүүдө. Нур-Султан, 7-январь, 2022-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордада терроризмге каршы штабдын жыйынын өткөрүүдө. Нур-Султан, 7-январь, 2022-жыл.

"Бир эле Алматыга 20 миң бандит кол салды. Алардын кыймыл-аракеттери дээрлик бардык облустарда аскердик, административдик жана социалдык объектилерге чабуулдардын так планы бар экенин, жакшы уюшкан аракеттерди, жогорку күжүрмөн даярдыкты жана жырткычтык ырайымсыздыкты көргөздү. Жоочулардан башка, идеологиялык диверсия боюнча машыккан, дезинформация менен фейкти билгичтик менен колдонгон жана элдин маанайына таасир эте алган адистер да болгон. Аларды даярдоо жана башкаруу менен бир командалык пункт алектенгени көрүнүп турат",- деген президент Токаев.

Диний радикалдуу мүнөздөгү “Йакын Инкар” тобу - Казакстанда экстремисттик уюм катары таанылган “Таблиги жамаат” радикал кыймылынын бир бутагы. Казакстандын Башкы прокуратурасы уюм тууралуу биринчи жолу 2018-жылы жарыялаган. Ал кезде бул уюм бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Казакстанда “халифат” куруп, бийликти күч менен басып алууну көздөп жатканы да белгиленген.

Президент Токаев ыңгайлуу учурду күтүп, буктурмада жаткан тымызын күчтөрдү өз убагында аныктап, кандуу окуялардын алдын ала албаганы үчүн чалгын кызматтарын сынга алды.

"Жабырлануучулардын арасында дарыгерлердин мамлекеттик же орус тилдеринде берген суроолоруна түшүнбөй, жооп бербеген жана медициналык жардам алгандан кийин ооруканалардан уруксатсыз чыгып кеткен, ал тургай аларды белгисиз куралчан адамдар реанимация бөлүмдөрүнөн алып кеткен учурлар болду".

Аскерлер менен полицияны барымтага алгандар кимдер?

Расмий маалыматтар боюнча январь окуясында Казакстанда кеминде 227 адам набыт болгон. Алардын ичинен 19у күч түзүмдөрүнүн жана аскер кызматкерлери. Даректүү тасмада жаракат менен ооруканага түшкөн аскер кызматкери Куандык Кусаиновдун көрсөтмөсү да берилди.

"Жолдо келе жатканыбызда биздин аскердик автоунаага адамдар чабуул жасап, алдыбызды тосуп алышты. Анан биз отурган КамАЗды белгисиз кишилер талкалап баштады. Биз аларды сабырдуулукка чакырып, жан соогалап жатканбыз. Андан ары эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам, ооруканада экенмин".

Казак бийлигинин айтымында, антитеррористтик операция учурунда каза болгондордун айрымдары “куралданган бандиттер” жана “террорчулар” болгон. Бирок бийлик буга ынандыралык далилдерди келтире элек.

Башкы прокуратура Алматыдагы өлүкканага 7 жолу чабуул жасалып, 41 адамдын жасаты уурдалып кеткенин кабарлаган. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги жарадарлар ооруканалардан качып чыккан же аларды бирөөлөр чыгарып кеткен учурлар болгонун билдирди.

"Террордук чабуулдардын артында тургандарды териштирүү абдан маанилүү. Эмне үчүн мамлекет жоочулардын уктап жаткан уячаларын жана алардын башкаруу пунктун билбей калды? Эмне үчүн биздин өлкөнүн аймагына өтө көп мыйзамсыз курал-жарак жана атайын каражаттар кирген? Эмне үчүн террористтик байланыштарды аныктай турган чалгын иштери өткөрүлгөн эмес?", - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Асел Артакшинова.

Жалганды жашыруунун амалыбы?

Анткен менен нааразылык акцияларына катышканы үчүн кармалып, камакка алынгандардын жакындары алар террорчу болбогонун ырастап, кайрылуулар менен чыгышууда. Кээ бир эл аралык эксперттер казак бийлиги репрессияларды актоо үчүн ойдон чыгарылган уламыштарды токуп жатканын айтышууда.

"Кандайдыр бир сырткы "демөөрчүлөрдөн" келчү коркунучтарга басым жасоо азыр репрессияларды актоо сценарийинин бир бөлүгү. Мунун баары “түстүү ыңкылаптар” деп алкактанып жатат, туурабы? Көчөдөгү нааразылык акциялары мыйзамсыз деген негизде, тыштан каржыланчу кандайдыр бир таза эмес күчтөр иштеп жатат деген идеяны жайылтуу аракети бар", - деди Колумбия университетинин Гарриман институтунун директору, эксперт Александр Кули.

Айрым активисттер январь окуясын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүп, окуянын айланасында белгисиз жагдайлар көп экенин белгилеп, бийликтин билдирүүсүнөн күмөн санап жатышканын белгилешти. Каза болгондордун толук аты-жөнү азырынча ачык жарыялана элек. Ошол эле кезде интернет желесинде күч түзүмдөрү эч кандай террорчуларга эмес эле, куралсыз демонстранттарга каршы күч колдонуп, ок атканы тууралуу ар кандай видео тасмалар да тарады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG