Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Токаев Назарбаевдин кадрларын "тазалай" баштады


Казакстан. Ак-Орда. Байтерек.
Казакстан. Ак-Орда. Байтерек.

Казак парламентинин эки палатасын тең эми президент Касым-Жомарт Токаевдин жакын адамдары жетектей турган болду.

Бул кандуу январдан берки кадрдык жүрүштөрдүн экинчи толкуну. Токаев ушуну менен бийликтин жогорку эшелонунан экс-президент Назарбаевдин жакын санаалаштарын дээрлик алып түштү.

Назарбаев Мажилис төрагасы кызматын тапшырды

Нурсултан Назарбаев Казакстандын президенти кезинде мыйзам чыгаруу бийлигине келген Нурлан Нигматулин 1-февралда Мажилис төрагалыгынан кетти. Борбордук шайлоо комиссиясы өзү берген арызы боюнча Нурлан Нигматулиндин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ал Мажилистин үч чакырылышына депутат болуп, он жыл бою башкарган.

Төрага Нурлан Нигматулин кызматынан кетип жатып мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге ыраазы экенин жашырган жок.

"Элибизге, калкыбызга кызмат кылууга мага мүмкүнчүлүк берип, ушул киши менен бирге үзөңгүлөш эмгектендик. Бул жылдар аралыгында мага бир катар жооптуу кызматтарды аркалоого ишеним көрсөтүп, ар качан колдоп келгени үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем", - деди Нурлан Нигматулин.

Нурлан Нигматулин, Казакстан Республикасынын парламент Мажилисинин экс-төрагасы.
Нурлан Нигматулин, Казакстан Республикасынын парламент Мажилисинин экс-төрагасы.

Ошол эле кезде Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы “Нур Отан” партиясынын бошогон мандатын дароо Ерлан Кошановго өткөрүп, аны депутаттыкка каттады.

Өз киши парламенттин өтүлүн алат

Ак ордонун сайтына Касым-Жомарт Токаевдин Ерлан Кошановду президенттик аппараттын жетекчилигинен бошотуу тууралуу жарлыгы жарыяланды.

Андан кийин "Нур Отандын" депутаттар тобу Кошановдун талапкерлигин төрагалыкка көрсөттү. Анын талапкерлиги “бир добуштан” колдоого алынды.

Ерлан Кошанов, Казакстандын Мажилисинин жаңы төрагасы.
Ерлан Кошанов, Казакстандын Мажилисинин жаңы төрагасы.

"Менин өмүрүмдүн көбү мына ушул парламент ичинде өттү. Сиздердин ишенимиңиздердин арты менен бул абройлуу кызматты биргеликте аткарабыз. Мажилистин төрагасы кызматы бул жогорку мартабалуу жана ошол эле кезде Казакстандын калкы менен президентинин алдындагы чоң жоопкерчилик", - деди Ерлан Кошанов төрагалык кызматка киришип жатып.

Мажилистин төрагасы Казакстандын Баш мыйзамы боюнча мамлекеттеги үчүнчү кызмат адамы.

Атаандашсыз өткөн шайлоо

Парламенттин төмөнкү палатасынын төрагалыгына президенттик аппараттын жетекчиси Ерлан Кошановдун келиши менен эки палатаны тең президент Касым-Жомарт Токаевдин жакын адамдары жетектеп калды. Ага атаандаш талапкер көрсөтүлгөн жок.

"Биздеги 107 депутаттын ичинен 76 депутат бул «Нур-Отан» партиясынан. Биз канча талапкер көрсөткөн менен алар биздин кишини колдоп, өткөрбөйт. Муну биз билип туруп, анан талапкер көрсөтүү өзү аныгында болбогон нерсе", - дейт Мажилистеги “Акжол” фракциясынан депутат Берик Дүйсенбинов.

2020-жылы да президент Токаев менен экс-президенттин кызы Дарига Назарбаеванын ортосунда таасир талаш орун алган учурда дээрлик ушундай эле жол менен Сенаттын спикерин “шайлоо” болуп өткөн.

Анда ошол жылы 4-майда Маулен Ашымбаев президенттик администрация башчысынын орун басарлыгынан бошотулган. БШК экс-президенттин кызы, Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, анын бошогон мандатын Ашымбаевге тапшырып берип, ал жогорку палатанын төрагасы болуп калган.

Мажилистин 1-февралдагы жыйыны журналисттердин катышуусуз өттү. Онлайн трансляция болбоду. Канча депутат катышканы да белгисиз. Жыйынга 2021-жылы январдагы парламенттик шайлоодо Мажилиске ошол кезде атасы жетектеген “Нур Отан” партиясынын тизмеси менен кайрадан депутат болуп келген Дарига Назарбаева катышкан жок.

"Нур-Отандан" сүрүлгөн үлкөндөр

Өткөн аптада Токаев партиянын лидерлигине киришти.

28-февралдагы партиянын курултайында экс-президенттин жакын адамдары эсептелген Дарига Назарбаева, Нурлан Нигматулин, экс-премьер-министр Аскар Мамин, Назарбаевдин классташы, партия төрагасынын орун басары Бауыржан Байбек “Нур Отандын” саясий кеңешинин курамынан чыгарылды.

Мажилисте “Нур Отандан” башка–“Ак жол” жана Казакстан Элдик партиясы бар. Бирок алар саясий чечимдерге таасир эте албайт. Биринчисинде болгону 12 мандат, экинчисинде 10, ал эми «Нур Отанда» 76 мандат бар.

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жактоочулары менен Токаевдин адамдарынын ортосунда мүмкүн болуучу тирешүүлөр январь окуясынан кийин күчөдү. Токаев менен Назарбаев чыр-чатак тууралуу сөздү четке кагышты, бирок экс-президенттин эң жакын адамдары жана жакындары жогорку кызматтарынан ажыратылууда.

Улуттук компаниялардын башчылары, Назарбаевдин күйөө балдары Кайрат Шарипбаев, Димаш Досанов кызматтарын тапшырды. Динара Назарбаевнын күйөөсү Тимур Кулибаев “Атамекен” ишкерлер палатасынын төрагалыгынан кетти. Дарига Назарбаеванын кудасы Берик Имашев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгынан алынды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен мурдагы президент Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын курултайына катышууда, 23-апрель, 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен мурдагы президент Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын курултайына катышууда, 23-апрель, 2019-жыл.

Президент Токаев атайын кызматтын башчысы Масимовду кызматтан алып, бир нече күндөн соң ага мамлекетке чыккынчылык, бийликти күч менен басып алуу жана жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптар тагылган. Аны менен бирге мурдагы эки орун басары Даулет Ергожин менен Ануар Садыкулов да камакка алынган.

Казакстандагы калабада кеминде 227 адам набыт болуп, жүздөгөн адам жараат алган. Жалпысынан он миңдей адам кармалып, анын ичинен жети жүздөн ашууну камалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG