Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Казакстан: Карим Масимовдун тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды


Карим Масимов казак өкмөтүн эки жолу жетектеген.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимовдун тергөө абагындагы мөөнөтү 6-майга чейин узартылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Масимовго карата “бийликти басып алуу” беренеси боюнча да кылмыш иши козголгон.

Ал Казакстанда жыл башындагы тоз-топлоң менен коштолгон наарызылык акцияларына байланыштуу 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып коюлган.

Суюлтулган газдын кескин өсүп кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына тез эле жайылып кетти. Кийин ал башаламандыктар жана талап-тоноолор менен коштолгон. Ондогон адам мерт болуп, дагы бир канчасы жабыркаган. Эң негизги тополоң Алматы шаарында катталган. Тоз-тополоңдордон улам миңдеген адам кармалган.

56 жаштагы Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүрөт. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG