Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Навальный Батышты Путинге каршы "маалыматтык согуш" ачууга чакырды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Түрмөдөгү орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный АКШнын президенти Жо Байден, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон баштаган дүйнө лидерлерин, ири IT-компанияларынын башчыларын социалдык тармактардагы Орусиянын президенти Владимир Путиндин пропагандарысына каршы "сокку урууга" чакырды.

Анын Твиттердеги баракчасына жарыяланган билдирүүсүндө "чындык жана эркин маалымат Путиндин акылсыз режимине каршы "Жавелелинден" (ракеталык комплекс-ред) кем эмес сокку урат. Орусиянын жарандарынын басымдуу бөлүгүнө Украинадагы окуялар тууралуу бурмаланган маалымат берилип жатат" деп жазды.

Орусия 24-февралда Украинага бастырып кирип согуш ачкандан бери Роскомнадзор мекемеси Орусияда же орус тилинде иш алып барган бир катар эркин маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир нече редакцияларынын, Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

Айрым Батыш өлкөлөрү Орусиянын мамлекеттик телеканалдарына жана медиаменеджерлерге санкция салып, "кара тизмеге" киргизген.

Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG