Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Бишкекте Донбасс тууралуу тасма көрсөтүлбөйт


Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин орусиячыл жикчилдер “Донецк Элдик Республикасы” атап алган аймакта тартылган сүрөт. 28-апрель, 2014-жыл.
Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин орусиячыл жикчилдер “Донецк Элдик Республикасы” атап алган аймакта тартылган сүрөт. 28-апрель, 2014-жыл.

Кыргызстанда жарандык активисттердин каршылыгынан кийин Донбасс тууралуу даректүү тасмалардан турган "Чындыктын мезгили" деп аталган кинфестивалды өткөрүү кийинкиге жылды. Жарандык активисттер Кыргызстан Украинадагы окуяларды чагылдырууда орус маалыматтарынын таасиринде калганына айтып, коңгуроо кагууда.

Бишкектеги Asia Mall соода оюн-зоок жайы Донбасс тууралуу тасмалардан турган "Чындыктын мезгили" деп аталган кинофестивалды өткөрүүдөн баш тартты.

Бул фестивалдын алкагында Украинанын чыгышындагы окуялар тартылган бир нече фильм акысыз көрсөтүлмөк. Аталган жайдын жетекчилиги иш-чара өтпөй калганын ырастап, себебин түшүндүргөн жок.

"Чындыктын мезгили" деп аталган кинофестиваль өтөрү тууралуу маалымат Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайтына жайгаштырылган. Ага ылайык, фестиваль 15-17-апрелде Бишкек, Кара-Балта, Каракол шаарларында өтмөк. Анткен менен элчилик бул иш-чараны өткөрүүгө тиешеси жок экенин, анын демилгечиси "Гармония" орус маданий борбору болгонун билдирди.


"Фестивалды элчилик эмес, "Гармония" аттуу борбор уюштуруп жатканын тактадым", - деди элчиликтин кызматкери.

Аталган борбордун жетекчиси Александр Степанюк "Чындыктын мезгили" деп аталган кинофестивалды өткөрүү кийинкиге жылганын "Азаттыкка" ырастады.

"Биз ушул апта аягында өткөрөлү деп пландаганбыз. Муну кийинчерек кылууну чечтик. Бул тасмалар мурда эле Украинадагы соңку окуялар башталгандан кыйла эрте тартылган. Бул жашоо, Украинада адамдар кантип жашап жатканы тууралуу тасма болчу", - деди Степанюк.

Буга чейин Донбасс жөнүндө Орусияда тартылган даректүү тасмалардын көрсөтүлүшүнө бир катар жарандык активисттер каршы чыгып, нааразылык акцияларды уюштурмай болгон. Алар Украинадагы согуштун фонунда мындай бир тараптуу маалыматтарды жайылтууну туура эмес деп эсептешет.

Тарыхчы, "Эсимде" долбоорунун жетекчиси Элмира Ногойбаева Фейсбук баракчасында Украинада согуш, зордуктоо, зомбулук орун алып жатканда бул тасманын көрсөтүлүшүн "Кыргызстандын аймагында пропаганда жүргүзүү аракети" деп катуу сындады.

"Украинада согуш, киши өлтүрүү, зордуктоо жана талап-тоноолор болуп жатат. Ал эми Кыргызстанда Донбасс боюнча "чындыкты билүүгө" чакырып жатышат. Эмне үчүн⁉ Кыргызстандын жарандары ой жүгүртө албайт жана салыштырууну билбейт деп болжолдошобу? Кыргызстандын өкмөтү коркок жана лоялдуу болгону үчүнбү? Бул өлкөдө баарын кылууга мүмкүнбү? 9-майга маанай даярдалып жатабы?", -деп жазган.

Донбасс тууралуу тасмалардын Кыргызстанда көрсөтүлүшүнө каршы чыккан жарандык активст Банур Абдиева буларга токтолду:

"Кыргызстанга азыр саясий эрк керек. Өлкөбүз өзүнүн позициясын акыл калчап, туура нукка келтириши зарыл. Нугу жок болуп жатат. Ошондуктан коомчулуктун ичинде дагы эки тарапка бөлүнүп, туура эмес нерселер болууда. Жок дегенде нейтралитетти сактап, оокатыбызды кылышыбыз керек. Белгилүү бир позиция болбой жатат, бул абдан кооптуу".

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери кайталап келет. 9-мартта өткөн парламент жыйынына келген президент Садыр Жапаров Кыргызстан калыс позицияны карманарын белгилеген

"Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир эткенин көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотууга таасирибиз жетпейт, ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек", - деген Жапаров.

24-февралдан бери Бишкекте Украинаны да, Орусияны да колдогон митингдер өттү. Украинага каршы согушту айыптап, Орусиянын элчигинин алдында, андан кийин Горький атындагы гүлбакка митингге чыккандар кармалды.

Мындан улам кыргыз коомчулугунда Кремлдин саясатын колдогондорго милиция тийишпегенин эске салып, "митингге чыккандарга бирдей мамиле кылбай жатат" деп бийликке сын айткандар болду.

Көп өтпөй Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде, мыйзамын талаптарын аткарууда өкмөт кош стандартуулукка жол бербейт деп, Горький гүлбагында өткөн Украинага тилектештик акциясынын катышуучуларын мыйзамсыз кармаганы үчүн Ички иштер министрлиги жооп берерин айткан.

"Баарына бирдей тартип, бирдей мыйзам иштеп жатат жана иштейт. Бирок мен айрым жарандарга кайрылгым келет: бирөөнүн тилине кириппи, балким, эси жоктугунанбы же азыркы кырдаалды сезбегени үчүнбү, айрым туура эмес кадамдарынын кесепети бүткүл кыргызстандыктарга тийбегендей болушу керек", - деген Жапаров.

Ушу тапта социалдык медиада эки тарапка бөлүнүп, жаакташкандар болууда.

Шаар бийлигинин өтүнүчү менен сот 13-апрелден 1-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын, өкмөт үйүнүн, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин алдына нааразылык акцияларга чогулууга тыюу салды.

Кыргызстан Орусияны стратегиялык өнөктөш мамлекет деп санайт. Эки өлкө Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук келишими сыяктуу экономикалык уюмдарга жан аскердик блокторго мүчө.

Бишкектен анча алыс эмес Кант шаарында Орусиянын аскер базасы жайгашкан. Ушул тапта Балыкчыда Орусиянын учактарынын машыгуусу өтүп жатканы кабарланды.

Донбасс таржымалы

  • 2014-жылдын апрель айында Орусияга таянган жикчилдер Украинага караштуу Донбасс аймагындагы эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан.
  • 2022-жылы 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамлекеттик Дума 22-февралда ратификациялаган. Натыйжада, Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага басып кирген.
  • Ушу тапта Кремл Донбассты толук колуна алууга умтулуп жатат жана тынчтык сүйлөшүүлөрү дээрлик туңгуюкка кептелди.
  • Украин армиясынын кол башчылары 12-апрелде билдиргендей, урушта орусиялык 19 миң 500 аскер каза тапты. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги марттын этегинде 1 миң 370 жоокерин жоготконун маалымдаган. Ошондон бери статистикасын жаңырта элек. Америкалык расмий адамдар Орусия кеминде 10 миң аскеринен айрылганын расмий билдирип, ал эми жеке сүйлөшүүлөрдө реалдуу сан Киевдикине жакын экенин айтышат. Салыштыра кетсек, советтик армиянын Ооганстандагы 10 жылдык согуштагы жоготуулары мындан аз болгон.
  • БУУнун ушул айдагы эсеби боюнча, Украинада 1563 жай тургун каза тапкан, анын 130 балдар. 2213 адам жараат алган, алардын 188 балдар. Докладда айтылгандай, адамдардын өлүмүнө жана жараат алышына ракеталык аткылоо, абадан сокку уруу, анын ичинде жардыргычтарды колдонуу себеп болгон. Уюм жайкын тургундардын арасындагы курмандыктардын реалдуу саны мындан алда канча көп экенин айтууда.
  • Согуштан улам 11 млн. адам үй-жайын таштоого аргасыз болду. 5 миллиондой адам качкынга айланып, Украинадан чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG