Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Бишкекте Украинадагы согушка каршы чыккандарга иш козголду


Украинадагы согушка каршы митингге чыккандар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Украинадагы согушка каршы митингге чыккандар кармалды

2-апрелде Бишкекте Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууну талап кылып акцияга чыккан жарандык активисттерди милиция кармап кетти.

Шаардык ички иштер башкармалыгы бул аракетин сот мындай мүнөздөгү митингдерди өткөрүүгө тыюу салганына байланыштырды. Жарандардын кармалышы боюнча акыйкатчы ички иштер министринен түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

Жарандык активисттер бүгүн, 2-апрелде Украинадагы согушту токтотууну талап кылган акцияны Максим Горький атындагы гүлбактан баштап, кийин Орусиянын элчилигине чейин жөө жүрүш кылмай болгон.

Бирок шаардык милициянын кызматкерлери Бишкекте 1-апрелден 1-июлга чейин "Орусия менен Украинанын ортосундагы куралдуу кагылышуу маселесине" байланыштуу акция-митингдерди өткөрүүгө болбой турганын айтып, соттун чечими бар экенин эскертти.

Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргынбаев Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулууга укугу бар экенин айтып, президент Садыр Жапаровго аталган кыймылдын кайрылуусун окуп берди.

Уюштуруучулар акцияны милициянын эскертүүсүнөн кийин да улантмай болуп, кармалып калууну каалабаган жарандарды тарап кетүүгө чакырды.

Бирок милиция митингге чогулгандардын баарын кармап кетти. 20дан ашуун адам Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө үч сааттай кармалгандан кийин бошотулган.

Алардын дээрлик баарына Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси ("Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө") боюнча иш козголду.

Бул тууралуу кармалган жарандык активисттердин бири, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, ишти 3-апрелде Биринчи май райондук соту карайт.

Өндүрүш Токтонасыровду кармап кетип жатышкан учур. 2-апрель, 2022-жыл.
Өндүрүш Токтонасыровду кармап кетип жатышкан учур. 2-апрель, 2022-жыл.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) кармалган митингчилер тууралуу түшүндүрмө берди. Анда "митингдин катышуучулары Орусиянын элчилигине чейин жөө жүрүш менен баруу үчүн чагымчылдык кылып, милициянын эскертүүсүнө кулак салбаганы" айтылат.

"Төрт райондук жана шаардык соттун митингдер тууралуу чечимдерин аткаруудан ачык баш тартып, элчиликтин имаратына жөнөгөн учурда кармалып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди".

Маалыматта Орусияны колдоп чыккандар Горький гүлбагында митингди тынч өткөрүп, тарап кетишкени үчүн аларга чара көрүлбөгөнү да айтылган.

Аталган гүлбакка 2-апрелде түшкө чейин Орусияны колдогон адамдар топтолгон, бирок аларга укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чектөө болгон эмес.

Митингге чыккандардын кармалышына байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова ички иштер министринен түшүндүрмө талап кылды. Ал Фейсбуктагы баракчасына кармалгандардын арасында акцияга байкоо салып жүргөн Акыйкатчы институтунун бир кызматкери да бар экенин жазды.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

"Бишкектеги райондук соттордун "орус-украин куралдуу кагылышына байланышкан маселе" боюнча тынч жыйындарды уюштурууга тыюу салган чечимдеринин аткарылышына ким жооптуу экени тууралуу акыйкатчы катары ички иштер министринен чукул арада түшүндүрмө талап кылам. Учурда Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө адам укугунун, мыйзамдардын жана стандарттардын сакталышына байкоо жүргүзүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-апрелдин кечинде Фейсбуктагы баракчасына кыргызстандыктарды элчиликтердин алдына митинг өткөрбөөгө үндөгөн. Ал чет өлкөлөрдүн элчиликтери ошол мамлекеттердин менчиги болуп саналарын эскерткен. Ошондой эле Кыргызстан демократия багытынан кайтпай турганын, жарандардын оозун тыюу аракети туура эмес экенин белгилеп, митинг-акцияларды Горький гүлбагында өткөрүүгө чектөө жок экенин кошумчалаган.

"Элчиликтер жана анын аянтчалары кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө-жарым келип, эшигин каккылап, башаламандык кылганга акысы жок. Митингдер сөзсүз өтүп турушу керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңөрдү, пикириңерди айткыла. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч, элчиликтерди тынч коюңуздарчы", - деп жазган президент.


Акцияга чыккандардын кармалышына байланыштуу президент жана анын администрациясы азырынча үн ката элек.

Бишкекте өткөн айда, 17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова менен Азиза Абдирасулова Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыккан. Милиция аларды кармап кетип, сот аларга үч миң сомдон айып пул салган.

Анын алдында Биринчи май райондук милициясы 11-марттан 11-апрелге чейин аталган элчиликтин жанында, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана өкмөт үйүнүн алдында ар кандай акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. Сот "бул чечим мыйзамдуу" деген бүтүм чыгарган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскерткен.

Митинг-акцияларды чектөөлөр буга чейинки бийликтердин тушунда да бир канча жолу киргизилген жана сын-дооматка кабылган.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Бир айдан ашуун созулган согушта Украинанын бир катар шаарлары талкаланды, 4 миллиондон ашуун киши качкынга айланды. Расмий Бишкек согуш башталгандан бери бейтарап позицияда экенин айтып келет. Буга чейин борбордо эки тарапты тең колдогон митингдер өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG