Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Украинада окко учкан теги кыргызстандык дагы бир жигиттин сөөгү келди


Маркум Рустам Зарифулин.
Маркум Рустам Зарифулин.

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү киндик кан тамган Кара-Балта шаарына жеткирилип, 27-мартта акыркы сапарга узатылды.

Ал Кыргызстанда туулуп, кийин орус жарандыгын алган жана Орусиянын армиясынын катарында Украинага барганда окко учуп, сөөгү туулган жерине жеткирилген экинчи жаран.

26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтадагы ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылды. Шаар тургундарынын маалыматына караганда, аны акыркы сапарга узатууга жакындары, колу-коңшулары жана Орусиянын Канттагы аскер базасында кызмат өтөгөн жоокерлер катышты.

Маркумдун сөөгү Орусиянын Канттагы аскер базасы аркылуу келген.

Анын атын атагысы келбеген досунун айтымында, Рустам бокс менен машыгып, Кыргызстандын чемпионатын жана бир нече турнирлерди жеңип жүргөн. Мындан жети-сегиз жыл мурун орус армиясынын катарына кошулуп, андан кийин Кара-Балтага маал-маалы менен келип турган.

"Рустамдын каза болгонун 10 күн мурда угуп, акырына чейин ишенбей турдук. Анын Украинада жүргөнүнөн кабарыбыз бар болчу. Бул жактагы балдарга видео аркылуу байланышкан эле. Өзү спортко жакын, аскер адамдарына кызыккан бала болчу".

Рустам Кара-Балтада туулуп-өсүп, 18 жашында Орусия жарандыгын алган. Сегиз жыл мурда орус армиясынын катарына кошулган, 14-мартта Украинанын Изюм шаарынын жанындагы согуштук аракет учурунда каза болгон.

Кара-Балтадагы тажыяда Орусиянын Канттагы аба базасынын жоокерлери менен катар Кыргызстандын аскерлери катышып, өлкөнүн туусун көтөрүп маркумду акыркы жайга узатканы коомдо ар кандай пикирлерге жем таштады.

Буга чейин Украинадагы согушта окко учкан, кыргыз тектүү орус жараны, 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин тажыясында да ушундай көрүнүш орун алып, кыргыз жоокерлеринин кадамына түшүнбөстүк, сын-пикир айтылган. Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Эгемберди Дорбоевдин тажыясына кыргыз аскерлеринин катышканы боюнча минтип түшүндүрмө берген:

"Кыргызстандык аскер кызматкерлери тажыяга Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кайрылуусунун негизинде өз ара аракеттенүү тартиби менен катышкан".

Коргоо министрлиги Рустам Зарифулиндин 27-марттагы тажыясына Кыргызстандын аскерлеринин катышканы тууралуу комментарий бере элек.


Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды.

Согуш жүздөгөн кишилердин өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG