Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Швейцария: Кабаеваны кууп чыгуу үчүн кол топтоо


Алина Кабаева.
Алина Кабаева.

Орусиядагы окуялардын көз карандысыз кыргыз медиасына таасири, Украинаны колдогон Грузиянын президентине айтылган сындар. Орусиянын лидери Владимир Путиндин көңүлдөшү делген Алина Кабаеваны Швейцариядан чыгаруу үчүн петицияга кол койгондордун катары калыңдады. Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө баяндама.

Орусиядагы эркин медиага чабуул коңгуроо болууга тийиш

The Diplomat басылмасы 18-мартта Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун (OCCRP) Борбор Азия боюнча редакторунун орун басары Миранда Патручичтин макаласын чыгарды.

Иликтөөчү журналист “Кыргызстандагы прессанын эркиндиги терс багытта баратат” деген макаласында Орусияда болуп жаткан окуялардан улам жарандардын пропагандага сугарылбай, чындыкты билиши канчалык маанилүү экенин белгилеген.

Автор Орусияда бир эле түндө сөз эркиндигине мамиленин кескин өзгөрүп кетишин коңгуроо катары кабыл алып, мындай көрүнүшкө өзгөчө көңүл буруш керек экенин белгилеген. Ал Кыргызстанда көз карандысыз маалымат каражаттарына буга чейин да кысым болгонун, бирок чөлкөмдөгү эң демократиялуу деген өлкөдөгү соңку окуялар кооптуу коңгуроо экенин жазган.

Автор президент Садыр Жапаров кызматка шайлана электе сөз эркиндигине, демократияга, мыйзам үстөмдүгүнө, адам укуктарынын сакталышына кепилдик берилерине убада кылганын эске салган.

Бирок соңку окуялар ошол убадаларга көлөкө түшүрөрүн белгилеген Патручич иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышын, “чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзамды кабыл алуу демилгесин, мыйзамды Kloop сайтына жана “Азаттык” радиосуна каршы колдонуу чакырыктарын мисал келтирген.

Орусия Украинага кол сала электе ушундай эле мыйзамга таянып, эркин прессаны куугунтуктап келгени да айтылат. Макалада тажик медиасынан көчүрүп баскан кабар үчүн Kaktus Media сайтына каршы козголгон кылмыш иши жөнүндө да сөз болот.

Журналист мунун бардыгы былтыр августта “жалган маалымат таратуу” тууралуу жобо киргизилгенден кийин болуп жатканына көңүл бурган.

Сөз соңунда Патручич иликтөөлөр Кыргызстанда эң жогорку деңгээлдеги коррупциянын жайылганын аныктагандан кийин нааразылык акциялар тутанганын, натыйжада буга чейинки өкмөт кулатылганын баяндап, президент Жапаров иш жүзүндө аны бийликке алып келген эркин прессаны активдүү колдоого тийиш деген ою менен бөлүшкөн.

Анын пикиринде, жөнөкөй жарандар журналисттерди колдоп, чет өлкөлүк өкмөттөр да Кыргызстандагы медианын эркиндигине жана демократияга жардам көргөзүшү керек.

Грузин өкмөтү менен президентин уруштурган согуш

Eurasianet 25-марттагы макаласында грузин өкмөтү "Украинага ачыктан-ачык колдоосун билдирген президент Саломе Зурабишвили ыйгарым укуктарынан аша чапты" деп Конституциялык сотко кайрылганын жазды.

Зурабишвили Украина армиясынын тарабында согушкан грузин ыктыярчыларынын зыйнатында. 24-март, 2022-жыл.
Зурабишвили Украина армиясынын тарабында согушкан грузин ыктыярчыларынын зыйнатында. 24-март, 2022-жыл.

Көз карандысыз журналист Георгий Ломсадзе мамлекет башчы грузин бийлигинен согушка каршы чечкиндүү реакциясын билдирүүнү талап кылган миңдеген митингчилердин талабын аткарганын, Еврошаркетке кошулуу арызын алга сүрөп, Тбилисинин позициясын так айтуу үчүн Парижге жана Брюсселге барып келгенин баяндаган.

Ага чейин премьер-министр Ираклий Гарибашвили өлкө Орусияга каршы санкцияларга кошулбай турганын, согуш чет өлкөнүн аймагында жүрүп жатканын айткан. Ошондон кийин украин бийлиги Тбилисидеги элчисин чакыртып алып, убактылуу өкүлүн калтырган.

Бирок Зурабишвили 14-мартта парламентте жылдык доклад жасаганда грузин жана украин желектери түшүрүлгөн маска тагынып, Киевдин Тбилисидеги ыйгарымдуу өкүлүнүн коштоосунда барган. Докладын баштап жатып, президент Орусия Украинага алып келген азап чегүүлөрдү эмоционалдуу сүрөттөгөн, “Грузия Украинанын жана украин элинин тарабында болгон жана кала берүүдө”, - деген ал.

Журналист ушундай түз жана ачык сөздөрү аны өкмөт менен уруштурганын, эртеси эле бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы Зурабишвили парламент менен макулдашпай туруп Европага сапар тартканын, ыйгарым укуктарынан аша чапканын, андыктан Конституциялык сотко арызданарын билдиргенин жазды.

Ломсадзенин айтымында, юристтер арыз канчалык мыйзамдуу экенин териштиргиче, кээ бир байкоочулар өкмөт президентти кызматтан алууга болбосо да, анын оозун жабууга аракеттенүүдө деп эсептешет. Макалада акыркы мезгилдеги сурамжылоолор Зурабишвилини колдогондор көбөйгөнүн көргөзгөнү да айтылат.

Кабаеваны Швейцариядан чыгарттыруу аракети

Италиянын бир катар маалымат каражаттары Путиндин көңүлдөшү делген Алина Кабаеваны Швейцариядан чыгаруу үчүн кол топтоп жатышканын жазышты.

Кабаевага орден тапшыруу аземи. Кремль, 8-июнь 2001-жыл
Кабаевага орден тапшыруу аземи. Кремль, 8-июнь 2001-жыл

21-марттагы санында Corriere della sera гезити швейцариялык айрым активисттер, теги орусиялыктар, украиндер жана беларустар өлкө бийлигине петиция менен кайрылышканын, ага бир нече күндө 35 миң киши кол койгонун маалымдайт.

“Согуш жүрүп жатканына карабай, Швейцария Путин режиминин көмөкчүсүнө башпаанек берүүдө. Орусиялык саясий жана медиа ишмер, мурдагы спортчу Алина Кабаева санкциялардан жашырынып, бул өлкөдө жүргөнүн жалпы коомчулук азыр билип отурат”, - деп айтылат кайрылуунун web change.org сайтына жайгаштырылган текстинде.

Петициянын авторлору Путин миллиондогон кишинин тагдырын талкалап жаткан маалда, “эмне үчүн конфедерациянын бийлиги Кабаеваны үй-бүлөсү менен кошо батырып жатат?” деген собол узатышкан.

Макалада айтылгандай, мурдагы спортчу Швейцарияда балдары менен турат. Андан ары Кабаеванын өмүр баяны, көркөм гимнастикадагы жетишкендиктери баяндалып, кийин саясатка аралашып, Мамлекеттик Думанын депутаты болгону жазылган. Кабаеванын “Орусия Донецкини жана Луганскини "нацисттерден" коргоону чечкен” деп айтып келатканы да кошумчаланган.

Гезит эл аралык маалымат каражаттары аны орус президентинин “жашыруун” шериги деген имиштерди жазып жүрүшкөнүн белгилейт. Кабаева ошондой эле Кремлге жакын “Улуттук медиа топтун” директорлор кеңешинин төрайымы экени, бул үчүн жылына 8 миллион фунт стерлинг алары, бирок азырынча Батыш аны санкциялар тизмесине киргизбегени айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG