Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Мамлекет бейөкмөт уюмдардын тыйынына чейин санайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар ушул жылдын 1-апрелине чейин каржы булагы, акча эмне иштерге коротулганы жана сатып алынган мүлкү тууралуу Мамлекеттик салык кызматына маалымат бериши керек. Бейөкмөт уюмдар ансыз деле каржы маселелери боюнча отчёт берип келгенин, бул кошумча жүк болуп жатканын билдиришти.

Министрлер кабинети өкмөттүк эмес уюмдар Мамлекеттик салык кызматына каржы жана мүлкү тууралуу маалыматтарды кандай тартипте бере турганын бекитип, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткара баштады.

Ага ылайык, бейөкмөт уюмдар ыктыярдуу түрдө жана кайрымдуулук катары түшкөн каражаттын суммасын, аны ким которгонун, грант, гуманитардык жана техникалык жардам тууралуу отчёт тапшырышы керек. Буга кошумча мүлкү тууралуу маалыматты да 1-апрелге чейин бериши зарыл.

Министрлер кабинетинин токтому 22-мартта кабыл алынып, 24-мартта жарыяланды.

Бир катар өкмөттүк эмес уюмдар, алардын кызматкерлери токтом кечирээк чыкканын жана отчёт тапшырууга убакыт жетпей каларын билдиришти. Ушундан улам өкмөткө аны 1-майга чейин жылдыруу боюнча кайрылуу жиберишти.

Алар маалымат берүүнүн эрежелери кеч аныкталганын, аны менен таанышып чыгуу үчүн айрыкча аймактагы бейөкмөт уюмдарга убакыт керек экенин билдирип жатышат.

“Жарандык катышуу фонду” бейөкмөт уюмунун юристи Айбек Аскарбеков отчёт тууралуу буларга токтолду.

“Киреше жана чыгаша деген эки бөлүм бар. Ал жерге каяктан канча акча түштү жана ал эмнеге коротулганын жазасың. УКМКнын демилгеси менен дагы бир жакшы эмес сунуш кирип кетти. 100 миң сомдон ашык каражат түшсө аны ким которгону ачык жарыяланышы керек. Эми кайрымдуулук менен алектенген уюмдар жапа чегиши мүмкүн. Анткени көп учурда кайрымдуулук үчүн акча бергендер анонимдүү бойдон калгысы келет. Мындай талаптардан кийин алар каражат которбой калышы мүмкүн. Себеби, алардын аты-жөнү, паспортунун ИНН баары ачык берилет”.

Өкмөттүк эмес уюмдар Мамлекеттик салык кызматына маалыматты онлайн тапшырат. Алар каражат Кыргызстандын же чет өлкөлүк жарандан, болбосо жергиликтүү же эл аралык уюмдан түшкөнүн так көрсөтүшү керек. Андан тышкары жыйындарды өткөрүүгө, кызматкерлердин айлыгына, коммуналдык кызматтарга жана кызматтык иш сапарларга сарпталган акчанын суммасын да жазышы шарт.

“Бир дүйнө Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова өкмөттүк эмес уюмдар донорлордон алган каражаты тууралуу отчётту берип эле келишкенин айтып, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдагы жаңы талаптарды мындай уюмдарга басым катары баалады.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

“Мурдагы бийлик жетекчилери өкмөттүк эмес уюмдарды куугунтуктап, аларды жектеп аябай жүдөткөн. Тилекке каршы, Орусиянын Мамлекеттик Думасын туурап Жогорку Кеңештин кээ бир мурдагы депутаттары бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик көзөмөлдү киргизди. Өкмөттүк эмес уюмдар өз демилгеси менен мамлекетке жардам берет. Алардын иштерине бут тосуп коюшту”.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзамга 2021-жылы июль айында кол койгон. Президенттин басма сөз кызматы мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) ишинин ачыктыгын камсыздоо экенин билдирген.

Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам ошол кезде кабыл алынган эмес. Бейөкмөт уюмдар, эл аралык коомчулук мыйзам өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сындап келет.

Мыйзамды Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова иштеп чыккан.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын авторлору Марлен Маматалиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Аида Исмаилова, Бактыбек Райымкулов, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова жана Умбеталы Кыдыралиев (солдон оңго карай). Ортодо башкы демилгечи Бактыбек Райымкулов.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын авторлору Марлен Маматалиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Аида Исмаилова, Бактыбек Райымкулов, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова жана Умбеталы Кыдыралиев (солдон оңго карай). Ортодо башкы демилгечи Бактыбек Райымкулов.

Долбоордун баштапкы вариантында “Мыйзам күчүнө киргенден кийин өкмөттүк эмес уюмдар кайра каттоодон өтүшү керек” деген талап жазылган. Жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын сынынан кийин ал алынган. Азыр өкмөттүк эмес уюмдар каржы маселеси боюнча жалпы маалымат берет.

“Булар ушунча өкмөттүк эмес уюмдардын отчётун алып эмне кылышат билбейм. Ал маалыматтарды кайра иштеп чыкканга жетишеби ал да белгисиз. Мисалы, биз “Кылым шамында” канча киши иштейт, канча айлык алат Салык кызматына ансыз деле маалымат беребиз да. Бул кызматкер ушунча айлык алат, Социалдык фондго мынча акча которуп атабыз деп берип турабыз. Андан тышкары азыр ар бир киши жыл сайын декларация тапшырат. Алар тапкан кирешеси, короткон акчасы боюнча декларацияда баарын көрсөтөт. Бул жашыруун маалымат эмес. Каалаган мамлекеттик органдар таап алса болот”, - деди “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова.

Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу демилгелер утур-утур көтөрүлүп турат. Жакында эле Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштаган.

2014-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова сырттан каржыланган уюмдарды “Чет элдик агент катары таануу жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдап, бирок аны кабыл алууга ошол кездеги депутаттар жетишпей калган.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деген сөздөргө кошулбайт.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

“Бизде эле эмес бардык мамлекеттерде бейөкмөт уюмдар, өзгөчө чет өлкөдөн каржылангандары акча кайдан келди ал эмнеге жумшалды отчёт берип турат. Айрым мамлекеттерде, АКШнын өзүндө сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын ишине уруксат берилбейт. Мындай талап Орусияда да бар. Айрым бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган. Коммерциялык эмес уюмдар “буга чейин деле отчёт берип келгенбиз” деп элдин башын айлантып атат. Алар буга чейин кимге канча айлык төлөнгөнү, Социалдык фондго канча каражат түшкөнү тууралуу гана маалымат берчү. Акча каяктан келди, эмне иштерге жумшалды айтылчу эмес. Азыр мамлекет каражат каяктан келди жана ал кайсы максаттарга коротулду ушуну сурап атат”.

Президент Садыр Жапаров былтыр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кеңешмесинде Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар ашыкча саясатташып кеткенин айткан. Ал мамлекеттүүлүккө, саясий коопсуздукка кедергисин тийгизген уюмдарга мыйзам чегинде чара көрүлө турганын эскерткен.

Гүлшайыр Абдирасулова кыргыз бийлиги өзү эл аралык уюмдардан алган каражат, жардамдарды эске салды.

“Бейөкмөт уюмдарды жаманатты кылуу аракети болуп жатат. Өкмөткө, федерацияларга караштуу көп фонддор бар. Алар эл аралык уюмдар каржылаган долбоорлор менен иштебейби? Же акча алышкан жокпу? Кыргызстан өзү азыр насыя анан гранттын эсебинен жашап атат. Билим берүүгө, сот тармагына, укук коргоо органдарына акча келип атат”.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам коомдук бирикмелер, фонддор жана коммерциялык эмес уюмдарга гана иштейт. Бирок саясий партияларга, кесиптик бирликтерге, диний уюмдарга жана кооперативдерге колдонулбайт. Юстиция министрлигинде 31 миңден ашык бейөкмөт уюм каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG