Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

Мыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккан айыл башчылары кармалды


Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев.

Лейлек районунун чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары, Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов жана учурдагы жооптуу катчы камакка алынганы айтылды.

Ал Бекжан Жалилов бир ай мурда айыл аймактын муниципиалдык мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирип алгандарды ашкерелеп, жер тилкелерин жана мүлктү кайтаруу аракетин баштаганда аны Бешкент айыл аймагына которуп жиберишкенин айткан.

Бекжан Жалилов "Азаттыкка" бир ай мурда айыл аймактын муниципиалдык мүлктөрүн мыйзамсыз менчиктештирип алгандарды ашкерелеп, жерди жана мүлктөрдү кайтаруу аракетин баштаганда бийлик аны Бешкент айыл аймагына которуп салганын айткан.

Ал бул иште прокуратура өкүлдөрүнүн да кызыкчылыгы бар экенин белгилеп, Башкы прокуратурадан териштирүү иштерин башка облуска которууну суранган.

Кармалгандардын жакындары учурда Лейлек райондук прокуратурасынын жанына чогулуп, мыйзамсыз аракеттерди токтотууну талап кылууда.

Ушул жылдын февраль айында Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалилов муниципиалдык менчиктеги кыймылдуу жана кыймылсыз элүүдөн ашык мүлктүн мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин айтып чыккан.

Ал мүлктү жана жер тилкесин айыл аймактын эсебине кайтаруу аракетин баштаганын билдирген. Бул боюнча тиешелүү кызматтарга кайрылып, иш иликтене баштаганда жергиликтүү бийликтин буйругу менен кошуна Бешкент айыл аймагына которулган.

Бекжан Жалилов 24-мартта "Азаттык" радиосуна мүлктөрдү жана жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештиргендер прокуратурадагы тааныштары аркылуу өзүнө каршы иш козготуп жатканын билдирген болчу.

“Биз "мамлекеттин мүлкүн кайтарып алабыз" деп айткандан кийин прокуратура кысым кыла баштады. Бул иште Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиевдин кызыкчылыгы бар. Анткени менчиктештирүү ишинде анын да аты аталган. Бирок ага карабай бул киши мени "каматам, кылмыш ишин козгойм" деп катуу киришип жатат. Жеке пикиримде кызыкчылыгы бар тараптар аралашпашы керек эле. Орун басарларын жөнөтүп бизди текшерип, кандай болсо да менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузууларды жабууга аракет кылып жатышат. Ошол менчиктештирип алган кишилердин бири биздин үстүбүздөн арыз жазган. Кызыкчылыгы бар кишилер топтошуп алып бири арыз жазып, бири иш козгоп жатышат. Мен Башкы прокуратурага ишти башка аймактын укук коргоо кызматтары иликтесин деп кайрылгам. Прокуратура тергөө купуялуулугун бузуп, алдын ала ЖМКларга маалымат таркатып, мынча сом жеп койду деп айтууда. Мындан тышкары мамлекеттин акчасына жеке аудиторлорду жалдап текшертип жатат. Мен булардын баары мыйзамсыз экенин айттым”.

Жакындарынын айтымында, айыл аймактын мурдагы башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев, учурдагы жоптуу катчы Акжол Абдуллаев убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалган.

Лейлек райондук сотунун алдына Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалиловду, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаевди бошотууну талап кылгандар 26-мартта дагы митингге чыгышты.

Алар коррупция, мыйзамсыз менчиктештирүү тууралуу ачык айтып, күрөшкөндөрдүн бөгөт чарасын адилеттүү карап берүүнү соттон талап кылышты.

Прокуратуранын алдына келген Эргешалы Сулайманов буларды айтты:

“Биз бул жерге кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн чогулган жокпуз. Мамлекетибиздин мүлкүн сактап калалы деген жигиттерибиздин тагдырын ойлоп, чогулдук. Мүлк менчиктештирүүдө жеке кызыкчылыгы бар кишилер жеңип кетпеши керек. Маселе чечилбесе, эртең да келебиз. Жалаң кары-картаңдар чогулдук. Анткени мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип алгандардын Бекжандын үйүнө барып, мыйзамсыз аракеттерин моюнга алып "тынч эле жаап коелу" деп кечирим сураган видеолору бар. Ошол далил тасма чыгып кеткенден кийин элдин кызыкчылыгын ойлогон демилгелүү балдардын кармалып жатышы туура эмес”.

Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары жана жооптуу катчысынын кармалышы боюнча Баткен облустук прокуратурасынын түшүндүрмөсүндө бул иштин козголушуна өткөн жылы августта жарандардан түшкөн арыз негиз болгон.

Баткен облусунун прокурорунун орун басары Шергазы Кудайбердиев ошол күндөн бери иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатканын айтууда:

“Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары арыз жазган. Ал арыз бизде “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен 2021-жылы 26-августта катталып, тергөө амалдары башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө социалдык объектилер боюнча курулуш экспертизалары дайындалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндөгү жыйынтыктар боюнча 2022-жылдын 24-мартында айыл аймактын тиешелүү кызматкерлери шектүү катары кармалды. Анын кармалышынын мыйзамдуулугу сотто каралат. Ал эми облустун прокурору Нуркамил Набиев боюнча Башкы прокуратура атайын кызматтык иликтөө жүргүзүп кетти”.

Мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү 2000-жылдардан кийин айыл аймакты башкарып турган бир адамдын айланасындагылар мыйзамсыз менчиктештирип алганы тууралуу тасманы журналист, блогер Ыдырыс Исаков бир жума мурда жарыялаган.

Анда Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчысы Бекжан Жалилов муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү менчиктештирүүдөгү мыйзамсыз аракеттер тууралуу тиешелүү документтерди көрсөткөн.

Мүлктү мыйзамсыз менчиктештирген деп айтылып жаткан айыл аймактын мурдагы башчысы Турабай Бостонов менен райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Нажимитдин Усаров Жалиловдун үйүнө келип, "ишти жабалы, арызды ал" деп айтканы тартылган тасмалар интернетке чыккан.

Жаңы-Жердеги мыйзам бузууну иликтеген журналист, блогер Ыдырыс Исаков айыл аймактын мурдагы башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаевдин кармалышы тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Баткенде бүгүн коррупция жеңди. Облустагы 34 айыл өкмөттүн ичинен эч кандай кен каздырбай туруп айылды дотациядан сууруп чыккан Саатбек Эгембердиев камакка алынды. Аны менен кошо айылдагы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди элге кайтарып аткан жаңы айыл өкмөт башчы Бекжан Жалилов камалды”.

2000-жылдардын айланасында Жаңы-Жер айыл аймагынан менчиктештирилип кеткен деп айтылып жаткан 60тай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк 1 миллион сомдон ашык акчага сатылган.

Жылына бөлүп төлөө шарттары каралганы менен мамлекетке акча төлөнгөн эмес. Менчиктештирилген мүлктөр арасынан эки бала бакчаны айыл аймак 900 миң сомдой акчага сатып алган. Учурда айыл аймактын администрациясы ээлеп турган кеңсе убагында Баткен облусунун прокурору Нуркамил Набиевдин бир тууганына сатылган. Аны да мамлекет баштапкы баасынан он эсе кымбат акчага сатып алган.

Бул иштер жана Баткен облусунун прокурору Нуркамил Набиевдин аракети боюнча маселе башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө турганы кабарланган.

Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Сирожиддин Камолидинов "Азаттыкка" буларды айтты:

“Ыдырыс Исаковдун YouTube каналында көрсөтүлгөн видеодогу иштер жана Баткен облусунун прокурору Нуркамил Набиевге карата айтылган фактылар боюнча учурда Башкы прокуратура тарабынан текшерүү иши жүрүүдө”.

26-мартта Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы маалым болду. Прокурорлорго карата мындай чечим Лейлектеги жер чырына байланышкан окуядан улам кабыл алынган.
Эркин журналист Ыдырыс Ысаковдун мүлктү менчиктештирип алгандар тууралуу тарткан видеосу

Менчикке мыйзамсыз кеткен мүлктөр тууралуу айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчыларынын кармалышы активисттерди, жергиликтүү тургундарды нааразы кылды.

Алар Саатбек Эгембердиев 2019-жылы Жаңы-Жер айыл аймак башчылыгынан кеткенге чейин айылдарды түнкү жарыктандырып, суу менен камсыздап, айыл аймактын казынасын кеңейтип, дотациядан чыгарып өзүн өзү каржылоого жетишкенин, спорт аянтчалары курулуп, китепканаларды кайрадан иштеткенин, айыл аймакта коомдук радио ачылганын, бала бакча жана социалдык обьектилер курулганын тизмектеп жазып жатат.

Шектүү катары кармалган Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулуугу Лейлек райондук сотунда 26-марттын кечине чейин каралышы зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG