Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Тажикстандык жаран "чек араны мыйзамсыз өткөн" деген негизде кармалды


Чек ара чырына байланыштуу кармалган тажик жарандары. Лейлек району. 21-сентябрь, 2021-жыл
Чек ара чырына байланыштуу кармалган тажик жарандары. Лейлек району. 21-сентябрь, 2021-жыл

Баткендин Сүлүктү шаарында тажик жараны “чек араны мыйзамсыз өтүү” беренесине айыпталып кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Милициянын кабарлашынча, Тажикстандын Согд облусунун 47 жаштагы Сидикзода Нигина аттуу тургуну Сүлүктү шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жүргөн. Учурда факт Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тажик тараптан анын кармалышы боюнча расмий маалымат бериле элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин муздап кеткен. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши мерт болуп, 87 адам жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлады.

Бишкек менен Дүйшөмбү окуялар үчүн бири-бирин айыптаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG