Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Кыргызстанда лифт чыгара турган завод ишке кирди


SKY INDUSTRIAL GROUP заводу .
SKY INDUSTRIAL GROUP заводу .

Чүй облусунда Кыргызстанда биринчи SKY INDUSTRIAL GROUP көп тармактуу заводунун ачылышы өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, башка мамлекеттик кызматкерлер, компаниянын өкүлдөрү катышты. Жапаров аталган заводдун ачылышы өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошорун, кыргыз өкмөтү заводдун мындан аркы ишине ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

“Жакында биз министрликтерди, мекемелерди, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясын көп кабаттуу имараттарды курууда атамекендик компаниянын лифттерин колдонууга милдеттендиребиз. Мындан тышкары, мамлекеттик объектилерди курууда дагы атамекендик продукцияны колдонобуз”, - деди ал.

SKY INDUSTRIAL GROUP корпорациясынын президенти Рахат Жунушбаеванын айтымында, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөт жана Бишкек шаарындагы лифттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында жогорку технологиялуу лифттерге алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүк бар.

Жабдууларды жасоонун бардык технологиясы Кыргызстандын, Түштүк Кореянын жана Кытайдын адистери менен биргеликте иштелип чыкканы заводдун ачылышында айтылды.

Буга чейин Ош шаарындагы кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзгөн "Кыргыз унаа курулуш" заводу 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштыра турганы айтылган. Мындан сырткары ишкана лифт, электргенераторлорду, электр калканчтарды, темир эшиктерди да чыгарары белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG