Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Байден орус президенти туңгуюкка кептелгенин билдирди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден орус армиясынын Украинадагы ийгиликсиз аракеттеринен улам Орусиянын президенти Владимир Путин эмне кыларын билбей, бурчка такалгандай абалга келгенин билдирди.

Ал Вашингтондо бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууда Путин “канчалык дубалга такалган сайын, ошончолук агрессивдүү аракеттерге барып жатканын” белгиледи. Буга мисал катары Орусиянын добуштан ылдам куралды колдонгонун мисал келтирди.

АКШ президенти Москва Украинада химиялык курал колдонушу мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

“Ал НАТО, Украина же Кошмо Штаттары жасайт деп сөз кылып жатса, демек ал ошону өзү жасоого камынып жатат. Мен олуттуу түрдө айтып жатам”,- деди Байден.

Мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги Украина химиялык куралды колдонуу менен чагым уюштурууну көздөп жатат деп маалымат тараткан. Жо Байден АКШда, Европада эч кандай химиялык же, биологиялык курал жок экенин белгилейт.

Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинанын батыш бөлүгүндө үндөн ылдам учуучу "Кинжал" ракетасын колдонгонун 19-мартта билдирген. Муну Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги да ырастаган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Дээрлик бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG