Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Ысык-Көлдүн тургуну Украинада каза болгон уулунун сөөгүн күтүп жатканы кабарланды


Украинанын Сумы аймагында талкаланган орус армиясынын танкасы, 7-март, 2022-жыл.
Украинанын Сумы аймагында талкаланган орус армиясынын танкасы, 7-март, 2022-жыл.

Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүрүп, Украинадагы cогушта каза болгону айтылып жаткан кыргыз жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумеков 22-мартта "Азаттыкка" билдиргендей, маркумдун сөөгү Кыргызстанга келе элек. Окко учкан 19 жаштагы жигит Орусиянын жараны болгон.

“Сөөктү бул жакка алып келе элек. Күтүп жатышат. Атасы бул жакта. 2002-жылкы бала экен. Орусиянын жараны. Башка маалымат жок”, - деди Жумеков.

Украинада согушта кыргыз жигит каза болгону тууралуу маалымат алгач 17-мартта чыккан. Кабарларга караганда, аскер жигит жакындарына 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Орусияда иштеген апасына тийиштүү мекемелер уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн айтышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча бул тууралуу маалымат бере албасын билдирди.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG