Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Украина: орус жарандыгы бар кыргыз жигит каза болду


Украина. Курчоого алынган Мариупол шаары. Орусиялык күчтөр. 19-март, 2022-жыл.
Украина. Курчоого алынган Мариупол шаары. Орусиялык күчтөр. 19-март, 2022-жыл.

Орус армиясынын катарында Украинадагы согушка катышкан 19 жаштагы теги кыргызстандык жигит каза болгону ырасталды. Ал Орусиянын жарандыгын алган жана төрт айдан бери аскерде кызмат өтөп жүргөн. Маркумдун сөөгү 23-мартта Кыргызстанга жеткирилип, жерге берилери айтылууда.

Орусия Украинага кол салгандан бери бул согушка кыргызстандык мигранттар да катышып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай тарап жатат. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) азырынча мындай фактылар жок экенин билдирди.

Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүрүп, Украинадагы cогушта каза болгону айтылып жаткан жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумеков 22-мартта “Азаттыкка” билдиргендей, маркумдун сөөгү Кыргызстанга алынып келе элек.

“Сөөктү бул жакка алып келе элек. Күтүп жатышат. Атасы бул жакта. 2002-жылкы бала экен. Орусиянын жараны. Башка маалымат жок”, - деди Жумеков.

Украинада согушта кыргыз жигит каза болгону тууралуу маалымат алгач 17-мартта чыккан.

Маалыматка караганда, аскер жигит жакындарына акыркы жолу 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Орусияда иштеген апасына тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кыргызстандагы Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн билдирген.

Улуту кыргыз жигит Орусиянын жарандыгын качан алганы, бул мамлекетте качантан бери жашап жатканы боюнча азырынча маалымат жок. Анын атасынын жана өзүнүн гана аты-жөнү белгилүү.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта Телеграм каналы аркылуу Украинадагы согушта теги кыргызстандык орус жараны каза болгонун ырастады.

"Украинадагы демилитаризация жана денацификация боюнча атайын аскердик операцияда тапшырманы аткарып жатып Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, теги кыргызстандык орус жараны Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Орусия элчилиги каза болгон аскердин жакындарына көңүл айтканы кошумчаланган.

Буга чейин Орусия Украинадагы “аскердик операцияга” куралдуу күчтөргө келишимдик негизде келген аскер кызматчылары гана катышып жатканын билдирип келген. Өлкөнүн Коргоо министрлиги кийинчерээк милдеттүү аскер кызматындагы жаш жоокерлер тартылганын моюнга алган.

Гүлиза Акматсияева.
Гүлиза Акматсияева.

“Силер каза болгон бир гана учурду айтып жатасыңар. Менин угушумча андан да көп. Согуш жүрүп жаткан жерде каза болгондорду Орусиядагы каттоосу боюнча карайт. Андан кийин ата-энеси менен байланышып, “жүк 200” кылып, Кыргызстанга алып барып көмсө болот. Бирок бул алардын жарандык милдети да. Сен Орусиянын жарандыгын алдыңбы, анда ошол өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн жарандык милдетиңди аткарышың керек. Мыйзамда кош жарандуулукка тыюу да салынган эмес, уруксат да жок. Көпчүлүгү Кыргызстандын жарандыгынан чыкпай туруп эле орус жарандыгын алып атышат”, - деди Орусияда мигранттарга укуктук көмөк көрсөткөн активист Гүлиза Акматсияева.

Ушул тапта Кыргызстандын миллиондон ашык жараны Орусияда эмгектенип жүрөт. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган. Азыркыга чейин алардын так саны белгисиз.

Москвадагы “Ноокат” коомунун мурдагы жетекчиси Толкунбай Акматов жарандык алууда буга чейин аскерге баргандарга да жеңилдик каралганын, азыр ал жоюлганын билдирди.

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

“Менин балдарымдын классташтары Орусиянын армиясында кызмат өтөдү. Балдарым болсо башка жерде окуп, барбай калышты. Мурда орус армиясында аскердик кызмат өтөгөндөн кийин жарандык берилчү. Азыр мындай жок. Орусиянын жарандыгын алгандан кийин алар аскерге чакырат да. Ошондуктан каалайсыңбы-каалабайсыңбы барып ант бересиң. Ант бергенден кийин алар согушка кетиреби, жокпу, өзү билет”.

Орусия Украинага кол салгандан бери согушка Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган эмгек мигранттары да акча үчүн катышып жатканы тууралуу ар кандай маалыматтар чыккан.

Маселен, Ozodlik радиосу 28-февралда “Өзбек мигранттары Украинадагы жаңжалга жалданып жатабы?” деген аталыштагы макаласын жарыялаган. Анда Донбасстан тартылышы мүмкүн делген өзбекстандык айдоочунун видеосу социалдык тармакка тараган. Ozodlik радиосу тасмадагы ал кишини Фергана облусунан Орусияга иштегени барган өзбек мигранты экенин белгилейт. Анда ал орус армиясынын жүк ташуучу автоунаасын айдап, Украинанын чыгышында жүк тартып бара жатканын баяндаган. Ал видео кайрылууда тажикстандыктар да бар экенин айткан.

Орусиянын мыйзамдары чет элдиктерге келишимдик негизде аскер кызматына орношууга уруксат берет.

Бирок өзбек мыйзамдары буга тыюу салат. Бул арада Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги социалдык тармактар аркылуу өзбек жарандарына кайрылып, Украинадагы эч бир аскердик операцияларга катышпоо керектигин эскертти жана ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев кыргыз бийлигин да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

“Бул маселени Тышкы иштер министрлиги менен элчилик жакшы карап, ыкчам такташ керек. Ошондой эле биздин жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсө болбойт. Жарандарыбызга убагында маалымат берип, ар кандай мыйзамсыз иштерден сактап калбасак, материалдык азгырыктын артынан мындай окуялар көп болушу мүмкүн”.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Донбасстагы калкты коргоо” тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Дээрлик бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG