Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Мигранттар Украинадагы согушка тартылып жатабы?


Крым жарым аралынан бараткан Орусиянын аскер жүктөрү.
Крым жарым аралынан бараткан Орусиянын аскер жүктөрү.

Орусиянын Украинадагы согушунда жаңжалдын эки тарабында калган борборазиялык мигранттар тууралуу маалыматтар чыга баштады.

Интернетке өзбек айдоочусунун орус армиясынын жүгүн ташып бараткан видеосу тарады. Анда мигранттарды акчага азгырып, согушка тартуу ыктымалдыгы тууралуу да эскертүүлөр бар.

Ферганалык айдоочунун видео кайрылуусу

Ozodlik радиосу 28-февралда “Өзбек мигранттары Украинадагы жаңжалга жалданып жатабы?” деген аталыштагы макаласын жарыялады. Орус армиясынын оорук жумуштарына өзбек мигранттарын тартуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат чыкты.

Орусиянын мыйзамдары чет элдиктерге келишимдик негизде аскер кызматына орношууга уруксат берет. Бирок өзбек мыйзамдары буга тыюу салат.

Донбасстан тартылышы мүмкүн делген өзбекстандык айдоочунун видеосу социалдык тармакка тарады. Ozodlik радиосу тасмадагы бул кишини Фергана облусунан Орусияга иштегени барган өзбек мигранты экенин белгилейт. Анда ал орус армиясынын жүк ташуучу автоунаасын айдап, Украинанын чыгышында жүк тартып бара жатканы көрсөтүлгөн. Өзбек айдоочусу жүк ташуучу машине айдап баратып, видео кайрылуу жасады:

“Мына бул жерде аскердик кампалар. Аскердик КамАЗдар баратат. Мекенибизге сак-саламат жетип баралы эми. Бизде эми арга жок, кызматтабыз. Орусия тараптан келгенбиз. Бул жактагы урушка келген өзбектерибиз дагы көп. Тажикстандан келгендер дагы көп. Келишим менен келдик. Бардык жакта аскердик учактар учуп жүрөт. Мына ушундай жагдай. Кудай эми өмүрүбүздү узак кылсын. Аман-эсен жетип алалы. Өзбек айдоочулар дагы көп. Мени бул жакка мурда Ооганстанда кызмат өтөгөнүм үчүн алышты,”- деди атын атабаган өзбек эмгек мигранты.

Ozodlik радиосунун журналисти аны таап, сүйлөшүп, маектештин өтүнүчү боюнча анын жеке коопсуздугуна байланыштуу аты-жөнүн ачыкка чыгарбоого убада берген.

Жарандык алуунун оңой жолубу?

Ал өзбекстандык айдоочу журналист менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Луганск аймагына Орусиянын Коргоо министрлигинин жүк ташуучу автоунаасы менен барганын ырастады. Өзбек мигранты айдоочулукка үч айга жалданганын айтат.

Өзбек мигранты ушундай жол менен Орусиянын жарандыгын, турак-жай жана жакшы маяна алуу максатын көздөп, бул ишке макул болгонун жашырбайт. Анын айтымында, ага 50 миң рубль же 590 АКШ доллары өлчөмүндө айлык акы төлөнөт.

Айдоочу бул жумушту өзбек мигранттарынын арасында популярдуу болгон UzMigrant сайтынан тапканын айтып берген.

Өзбек бийлиги ферганалык айдоочунун видеосу боюнча комментарий бере элек. Ал Ozodlik радиосунун журналисти менен сүйлөшкөн маалда Луганск аймагындагы орус аскерлери менен бирге болгон.

Өзбекстандын Москвадагы элчилиги бул айдоочу тууралуу маалымат жоктугун айтып, анын ал жакка кантип барган чоо-жайын иликтей турган болду.

Бул арада Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги социалдык тармактар аркылуу өзбек жарандарына кайрылып, Украинадагы эч бир аскердик операцияларга катышпоо өтүнүчү менен кайрылып, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.

Москвада жашаган бир өзбекстандык блоггердин Ozodlik радиосуна айтымында, UzMigrant порталы менен байланышы бар NorthJobs компаниясы учурда өзбекстандык жарандарды келишим боюнча Орусиянын аскер кызматына чакырып жатат.

Блогердин айтымында, NorthJobs өзбек мигранттарына Орусияда жумуш табууга жардам берип, иш берүүчүлөр менен мигранттарга юридикалык жардам көрсөткөн компания катары белгилүү.

UzMigrant сайты жана NorthJobs акыркы жылдары Орусияда жашап, иштеп жүргөн өзбекстандык юрист Бахром Исмаиловго таандык.

Буга чейин Исмаилов YouTube баракчасы аркылуу орус армиясында келишимдик негизде кызмат өтөгөн чет элдиктерге үч айдын ичинде бул өлкөнүн жарандыгын алууга мүмкүндүк берилерин айткан:

“Кийинки жаңылык Орусиянын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү. Эгерде сиз орус армиясында контракт менен кызмат кылсаңыз, анда сиз бир жылда эмес, үч айдын ичинде Орусиянын жарандыгын алышыңыз мүмкүн. Орусиянын армиясында кызмат өтөө тууралуу видео даярдаганбыз. Шилтеме менен кирип, мына ошол видеону көрсөңүз болот”, - деп билдирген Бахром Исмаилов.

Бул жарыядан соң, мигранттар арасында аталган компания Өзбекстандын жарандарына 500-600 доллар маяна убада кылып, айдоочулукка, аскердик техниканы тейлөөгө жана жүктөрдү жеткирүүчү жумуштарга алат деген маалыматтар Telegram каналдары аркылуу да таркатылып турган.

Исмаиловдун жообу

Ozodlik радиосу UzMigrant жана NorthJobs сайттарынын негиздөөчүсү Бахром Исмаилов менен байланышты. Кабарчынын Украинадагы согуштук аракеттерге өзбектерди жумушка чакыруу барбы деген суроосуна Исмаилов төмөнкүдөй жооп берди:

“Жок, UzMigrant – бул укуктук-маалымат кызматы. Биз өзбек жарандарына Орусияда кабыл алынып жаткан жаңы мыйзамдар тууралуу гана маалымат берүү менен алектенебиз. Ошондой эле аларга туруктуу жашоого уруксат алуу же жарандык алууда юридикалык жардам көрсөтөбүз. Биз Украинадагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн эч кимди жумушка жалдаган эмеспиз. Биз эч бир аскердик же аскерлештирилген түзүмдөр менен кызматташпайбыз. Мындан тышкары, мен NorthJobs сайтынын негиздөөчүсү болом. Менин компаниям КМШ өлкөлөрүнүн кызматкерлерин Орусиянын алдыңкы компанияларында жумушка орноштурууну сунуш кылган онлайн сервис. Пандемиядан улам компания ишин баштай элек”, - деди Бахром Исмаилов.

Ошол эле учурда ал Украинада согушуп жаткан украин жана орус армиясынын катарында Өзбекстандын жарандары бар экендиги тууралуу такталбаган маалыматтар бар экенин кошумчалады. Батыштын санкциялык кысымына кабылган Орусияда жумуш орундары кыскарып, мигранттардын кирешеси азайып, аларга көзөмөл күчөшү мүмкүн деген кооптонуулар күчөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG