Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Орусиянын аскер кербени Киевге жакындады


Харьков шаарына жакын жерде тартылган сүрөт. 27-февраль, 2022-жыл.
Харьков шаарына жакын жерде тартылган сүрөт. 27-февраль, 2022-жыл.

Украинанын экинчи ири шаары Харьков орус армиясынын соккусуна кабылды. Андан онго чукул адам курман болгону кабарланууда.

Орус аскерлери өлкө түштүгүндөгү Херсон шаарынын жака-белине блок-постторду орноткону да маалым болду. Ошондой эле орус аскер кербени баш калаа Киевге жакындаганын спутниктен алынган сүрөттөр ырастайт.

Харьковдогу аткылоо, 70 украин аскеринин өлүмү

Харьков шаарынын тургундары тарткан видеолордон орус армиясынын соккусунан облустук администрация жана көп кабатуу үйлөр жабыркаганын көрүүгө болот.

Бийлик Харьковдогу ракеталык аткылоодон онго чукул киши көз жумганын билдирди. Президент Владимир Зеленский чабуулду "аскердик кылмыш" катары мүнөздөдү.

"Карапайым адамдар жашаган райондорду, тынч шаарды аткылады. Ал жакта эч кандай аскердик обьектилер жок. Бул кылмыш боюнча сөзсүз эл аралык сот болот. Эч ким силерди тынч украин элин өлтүргөнүңөр үчүн кечирбейт",-деген Зеленский.

Зеленский 28-февралда Киевге үч ракеталык сокку урулганын, шаарда жүздөгөн орусиялык диверсанттар жүргөнүн жана Москванын эң башкы максаты баш калааны алуу экенин кошумчалады.

Ал арада Беларустун чек арасында турган, узундугу 65 чакырымга жеткен орус аскерлеринин колоннасы Киев шаарына жакындады. Муну спутниктен алынган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Расмий Москва бир гана аскердик обьектилерди аткылап жатканын билдирди. Орусиянын коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков украин бийлигин "Киевдин тургундарын калкан катары колдонуп жатат" деп айыптады.

Харьковдогу талкаланган имарат. 1-март, 2022-жыл.
Харьковдогу талкаланган имарат. 1-март, 2022-жыл.

Херсон шаарынын мэри Игорь Колыхаев "Фейсбукка" орусиялык аскерлер калаанын кире беришинде блок-постторду орнотуп жатышканын жазды.

Сумск облусунун губерантору аскер бөлүгүнө урулган соккудан 70 украиналык аскер курман болгонун билдирди.

28-февралда өткөн Орусия менен Украинанын расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн эч кандай майнап чыккан жок. Бирок эки тарап жакынкы күндөрү кайра жолугушууну макулдашты.


Зеленский ошондой эле Орусия 4500дөй аскерин жоготконун билдирди. Бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүнчүлүгү азырынча жок. Орусия Украинада көз жумган жана жаракат алган аскерлери бар экенин 27-февралда мойнуна алган. Бирок алардын так санын атаган эмес.

Башкы ассамблеянын чукул жыйыны

БУУнун Башкы Ассамблеясы соңку жыйырма жыл ичинде алгачкы ирет чукул жыйынга чогулду. 77 жылдык тарыхы бар Улуттар Уюмунун жетинчи жолку чукул жыйыны.

Ондогон мамлекеттин өкүлдөрү Орусиядан согушту токтотуп, аскерлерин Украинадан чыгарып кетүү талабы жазылган резолюцияны колдоду.

Уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш өз сөзүндө 500 миң украиналык өлкөдөн чыгып кеткенин жана бул согуштун дүйнө үчүн кесепети оор болорун эскертти. Украинанын БУУдагы өкүлү Сергей Кислица "Эгер Украина аман калбаса, дүйнө да аман калбастыгын" айтты.

Буга чейин Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Украинага Орусиянын кол салышын айыптаган резолюцияга Москва вето койгон.

Украинанын Улуттар Уюмундагы элчиси Сергей Кислица. 28-февраль, 2022-жыл.
Украинанын Улуттар Уюмундагы элчиси Сергей Кислица. 28-февраль, 2022-жыл.

Орусия кошуна мамлекетке басып киришин Украинанын чыгышындагы этникалык орустарды коргоо максатында жасалган "атайын аскердик операция" катары санайт.

Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя "Орусиянын аракеттери бурмаланып жатканын" билдирди.

Ушул эле күнү АКШ Улуттар Уюмундагы Орусиянын дипломатиялык миссиясынын 12 кызматкерин тыңчылыкка шектүү деп өлкөдөн чыгарды. Небензя муну кескин сынга алып, "эл аралык макулдашууларды одоно бузуу" деп атады.

Эгер 193 мамлекет мүчө Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы резолюциясы кабыл алынса, дүйнөнүн көп мамлекеттери Орусиянын Украинадагы аракетин сынга алган болот.

Документтин тарапташтары ага кеминде 100 мамлекеттин өкүлү колдойт деп күтүп жатышат. Ал эми Сирия, Кытай, Куба, Индия сыяктуу мамлекеттер Орусияны коргору же такыр добуш берүүдөн карманары күтүлүп жатат. Кыргызстандын позициясы кандай болору азырынча белгисиз.

Сириянын элчиси Бассам Саббах украин кризиси боюнча чукул жыйын чогултуу менен "Батыш эки жүздүүлүгүн көрсөтүп жатканын" билдирди. Ал эми Индиянын элчиси Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууга, дипломатиялык жолго кайтууга чакырды.

Башкы Ассамблея Украина боюнча жыйынын 1-марттын кечинде улантат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG