Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Санкциялар жана эл аралык изоляция


Орусияга карата каржылык санкциялар күчүнө кирери менен орус рублинин куну кескин түшүп, тарыхта болуп көрбөгөндөй эң төмөнкү чекке жетти.

Орусиянын каржы рыногунда 1 евро 121 рублга, доллар 109 рублге бааланды. Орусия эл аралык изоляцияга дуушар болуп, аны менен спорттук-маданий келишимдер жокко чыгарылууда.

Каржы рыногун титиреткен олку-солкулук

Москва биржасында 28-февралда эрте менен саат 10до башталган акча алмашуу базарында рублдин курсу тарыхый эң төмөнкү чекке түштү.

Орусияга каршы каржылык санкциялар күчүнө кирген соң, евро менен доллардын курсу 121 жана 109 рублга жетти. Бул жагдай каржы рыногун дүрбөлөңгө түшүрүп, евро менен долларга карата суроо-талап күчөдү.

Азыр көпчүлүк орусиялыктарды АКШ менен Евробиримдиктин Орусиянын бир катар банктарын SWIFT эл аралык тутумунан ажыратуу чечими кабатырлантып турган учур.

“Эгерде SWIFT өчүрүлө турган болсо азык-түлүк же башка күндөлүк керектөөчү товарларды кантип сатып аларыбызды түшүнбөйм. Анткени чет элдик акча которуулардын баары ошону менен жүрөт. Онлайн соода деген токтойт. Буюртма менен чет өлкөлөрдөн товарларды сатып ала албай калабыз. Ал эми өлкөнүн ичинде карта менен төлөсө болсо керек. Бирок, сырттан товар кирбей, таңкыстык күчөйт деген чочулоо бар”, - дейт Москванын тургуну Сергей Громов.

Орусияда 27-февралда эле 1 АКШ доллары 90 рубль, евро болсо 101 орус рублинин айланасында сатылып жаткан. Андан үч күн мурун, тагыраагы 24-февралда Орусия Украинага кол салган күнү каржы базарында олку-солкулук орун алып, бирок бир күндөн кийин турукташып калган.

Москвадагы акча алмаштыруу жайларынын бири.
Москвадагы акча алмаштыруу жайларынын бири.

Буга АКШ президенти Жо Байдендин "Орусиянын банктары SWIFT тутумунан азырынча өчүрүлбөйт" деген билдирүүсү негиз болгон.

Бирок бул маселе кайрадан көтөрүлүп, Евробиримдикке кирген өлкөлөр Орусияны SWIFT тутумунан өчүрүүнү кайрадан макулдашты.

Буга байланыштуу 28-февралда Лондондогу фондулук биржада орусиялык Сбербанктын акциялары 75,11% арзандап, 1,011 долларды түздү.

Орусиянын Борбордук банкы 28-февралда түшкө жуук өлкөнүн каржы рыногундагы бул оор жагдайга карата чукул чараларга өтүп, эсептик ченди 20% жогорулатты.

"Орусиянын экономикасы үчүн тышкы шарттар кескин өзгөрдү. Эсептик чендин жогорулатылышы рублдин девальвациялык жана инфляциялык тобокелдиктерин компенсациялоо үчүн зарыл болгон деңгээлге чейин депозиттик чендердин өсүшүн камсыз кылат. Бул финансылык туруктуулукту, биринчи кезекте баалардын өсүшүн кармоого жардам берет", - деп айтылат Орусиянын Борбордук банкынын билдирүүсүндө.

Акыркы жолу Борбордук банк эсептик ченди быйыл 11-февралда 9,5% чейин көтөргөнъ. 28-февралда орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Батыштын Орусияга каршы жаңы санкциялары күчүнө кирди.

Эл аралык изоляция

Ошол эле кезде Орусия дээрлик бардык тармактар боюнча эл аралык обочолонтууга (изоляцияга) дуушар болуп жатканы кабарланды. Орусиялык соода, бизнес, спорт, маданият жана искусство аралашкан иш-чараларды четке кагып, кызматташуудан баш тарткан учурлар каттала баштады.

Орусиянын спорттук кызматташтыгы менен алектенген Tribuna Digital компаниясынын башкы директору Дмитрий Навоша эл аралык спорт коомчулугу орус спортунан баш тартып жатканын белгиледи:

Дмитрий Навоша.
Дмитрий Навоша.

"Мен өткөн төрт күндүн ичинде 100дөн ашуун ар кандай мүнөздөгү спорттук санкциялар кирген учурду эсептеп чыктым. Бул Орусияда чемпиондор лигасынын финалын жокко чыгаруу, “Формула-1дин” Орусиядан чыгып кетиши, аябагандай көп сандагы чет элдик спорт клубдары менен спортчулардын беттештерден баш тартышы сыяктуу окуялар катталды. Ал тургай жөн эле жеке мелдештерге катышуудан баш тартышууда. Эмнегедир азыр бардыгы кара тумоодон качкандай орусиялык спорттон качып жатат. Мындай маанай улам күчөп жатат. Роман Абрамович “Челсиден” кетүүгө аргасыз болду. Орусиянын дүйнөлүк спорт менен кызматташтыгы агрессия токтогонго чейин же Путинизм доору бүткөнгө чейин болбой калат го".

АКШ, Британиядан кийин Евробиримдик 25-февралда Орусияга каршы жаңы күчөтүлгөн санкцияларды жарыялаган. Бул чектөөлөр өлкөнүн жеке жана юридикалык жактарына Орусиянын Борбордук банкына, Улуттук байлык фондуна жана Финансы министрлиги катышкан ар кандай каржылык операцияларга чектөө киргизип тыюу салууну билдирет.

Еврокомиссия жаңы санкциялар Орусиянын финансалык жана өнөр жай тутумун кыйратууга багытталганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG