Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Мекенин коргоо үчүн чет жерден кайтып келген украиналыктар


Румыниянын чек арасына чейин кызын узатып келген ата.
Румыниянын чек арасына чейин кызын узатып келген ата.

Орусиянын чабуулунан улам он миңдеген украиналыктар, негизинен балдар жана аялдар өз үйлөрүн таштап, Батыштагы кошуна мамлекеттерге качууга аргасыз болду. Ал арада четте жашаган айрым украиналыктар мекенин коргоо үчүн өлкөсүнө кайтып келүүдө.

"Качкындар жети миллионго жетиши мүмкүн"

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги 27-февралда билдиргендей, Орусия согуш жарыялаган төрт күн ичинде Украинадан 368 миңдей адам чыгып кетти. Алардын көбү кошуна Польша, Румыния, Венгрия жана Словакияга кире качты.

Евробиримдиктин кризисти жөндөө боюнча комиссары Янез Ленарчич: "Биз күбө болуп жаткан окуялар континентте көп жылдардан бери болбогон ири гуманитардык кризиске айланышы мүмкүн",-деп билдирди.

Ал ошондой эле украиналык качкындардын саны жети миллиондон ашары күтүлүп жатканын кошумчалады.

Польшанын түштүк-чыгышындагы Замостье шаарында төрт миңдей украиналык качкын жайгаштырылды. Жергиликтүүлөр аларга гуманитардык жардам чогултуп, эң зарыл буюм-тайымдарын жеткирип берип жатышат.

Венгрияны көздөй качып бараткан украиналыктар.
Венгрияны көздөй качып бараткан украиналыктар.

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто өлкөсүнө 65 миңдей украиналык киргенин, эми алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Анткени, Венгрия өкмөтү украиналыктарга качкын катары кирүүгө расмий уруксат берди.

Сийярто ошондой эле өкмөт украин бийлигине 100 миң литр бензин жана күйүүчү май жөнөтөрүн кошумчалады. Ал эми мамлекеттик MAV темир жол компаниясы качкындарды Венгриянын кайсы аймагына болбосун бекер жеткирерин жарыялады.

Румыниянын бийлиги маалымдагандай, алар 50 миңдей украиналыкты кабыл алышты. Бирок алардын жарымы үчүнчү өлкөгө чыгып кетишкен.

Украина менен чектешкен Молдовага да качкындар кирип жатышат. Расмийлер ал жакка 70 миңдей украиналык кире качканын билдирди.

"Мекенибизди коргоо үчүн кайтып жатабыз"

Он миңдеген адамдар Орусиянын соккусунан улам башка мамлекеттерге качууга аргасыз болсо, четте жашаган айрым украиналыктар эли-жерин коргоо үчүн мекенине кайтууда.

Польша менен Украинанын ортосундагы Перемышл бекетиндеги башкы автобекетте мекенине кайтууну көздөгөн жүздөгөн адам турат. Алардын көбү эркектер.

Көп жылдан бери Польшада жашаган Александр анда башка тандоо жок экенин жана мекенин коргоо үчүн баратканын айтты.

"Мен мындай кырдаал болот деп күткөн эмесмин. Эки элдин ортосунда согуш болот деп күткөн эмесмин",-дейт ал.

Буга чейин Польшада миллионго чукул украиналык бар болчу. Алардын кайтуусуна президент Владимир Зеленский дагы дем берип жатканын айтышууда. Президент эч кайда кетпей, Киевде калганы көптөргө дем берген. Зеленский ошондой эле 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Киевде тогуз жайкын тургун курман болду

Ал арада Киевдин мэри Виталий Кличко украин баш калаасы "гуманитардык алааматтын босогосунда" турганын билдирди.

Анын айтымында, тамак-аш жана дары-дармек жеткирүү жолдору иштелип чыккан. Кличко ошондой эле 24-февралдан бери Киевдин тогуз жайкын тургуну курман болгонун, алардын бири бала экенин билдирди. Андан тышкары аймактык коргонуу бөлүгүндөгү 18 украиналык аскер курман болуп, 150дөн көп киши жаракат алган.

Улуттар Уюму билдиргендей, Украинада жалпы 210 жайкын тургун жана 140тай аскер курман болду. Азырынча каза болгондордун так санын аныктоо кыйын болуп жатканы белгиленүүдө.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштун төртүнчү күнүндө гана орус аскерлеринин арасында жоготуу бар экенин мойнуна алды. Бирок курман болгон жоокерлердин так санын атаган жок.

Министрликтин мындай мүнөздөгү билдирүүсүн Орусиядагы мамлекеттик "РИА Новости" жаңылыктар агенттиги 27-февралда жарыялады.

Буга чейин Украинанын бийлиги орус күчтөрү 3 миңдей аскеринен, ондогон аскердик техникасынан айрылганын билдирген. Ошондой эле украин өкмөтү Кызыл чырым уюмуна кайрылып, каза тапкан "миңдеген" орус аскерлерин мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүүгө чакырган.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында куралдуу кармаш улануудаып жатат.

Орусия бул чабуулун Украинанын "демилитаризациясын" көздөгөн "атайын аскердик операция" деп мүнөздөгөн. Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Москванын кадамын ачык согуш жана агрессия деп сыпаттап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG