Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44
Орусиянын реактивдүү дрону № 866 Днепр – Запорожье багытындагы поезд турган платформаларынын бирине тийген. 29-октябрь, 2026-жыл
Орусиянын реактивдүү дрону № 866 Днепр – Запорожье багытындагы поезд турган платформаларынын бирине тийген. 29-октябрь, 2026-жыл

Днепр: Орусиянын реактивдүү дрону темир жол бекетине сокку уруп, 14 өмүрдү жалмады

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:54

Орусиянын пилотсуз учагы Украинанын Днепр шаарындагы темир жол бекетине урган соккудан каза болгондордун саны, 29-октябрдын кечиндеги маалыматка караганда, 14 адамга жетти. Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, дагы 13 адам жаракат алган. Алардын төртөө оор абалда ооруканада жатат.

Ошол эле маалда Полтава облусунун Кременчук шаарында көп кабаттуу турак жайга урулган дрон соккусунан каза болгондордун саны үч адамга жетти. Дагы 19 киши, анын ичинде беш бала, жаракат алды. Алардын 11и ооруканага жеткирилген.

Чернигов шаарында борбордук аймакка жасалган ракета соккусунан 15 жаштагы эки кыз каза болду. Жергиликтүү бийлик кеминде 15 адам, анын ичинде үч бала жабыркаганын билдирди. Шаарда турак жайлар, дүкөндөр жана автоунаалар да зыянга учурады.

Запорожье облусунун Беленькое айылындагы чабуулдан 49 жаштагы эркек киши каза болуп, дагы үч адам жаракат алды.

Орусия бул чабуулдар боюнча азырынча комментарий бере элек.

16:41

Орусиянын армиясы 29-октябрда күндүз Украинанын Днепр шаарында темир жол бекетине сокку уруп, 13 адам каза болду. Бул тууралуу Днепр облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа билдирди.

Анын айтымында, кеминде 10дон ашуун киши жаракат алды.

Днепрдин мэри Борис Филатовдун маалыматына караганда, сокку жүргүнчүлөрдүн ылдам жүрүүчү поездине тийген.

"Көп адам каза болду. Жарадарлар абдан көп", - деп жазды ал.

Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат.

Украинанын темир жол компаниясынын маалыматына караганда, реактивдүү дрон № 866 Днепр – Запорожье багытындагы поезд турган платформаларынын бирине тийген.

Орусия 29-октябрга караган түнү Украинага 112 дрон менен чабуул койгон. Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, чабуул 28-октябрдын кечинде башталган. Дрондор Орёл шаарынан, Ростов облусундагы Миллероводон жана Орусия көзөмөлдөгөн Донецкиден учурулган.

Жалпысынан жети жерде сокку тийген учурлар катталып, дагы беш жерде дрондордун сыныктары кулаган.

Ровно облусунун Сарны районунда орусиялык дрон жарандык ишканага тийди. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ковалдын айтымында, анын кесепетинен бир адам каза болуп, ишкананын аймагында өрт чыккан.

Түнү Днепр шаарында дрондун соккусунан бир ишканага зыян келтирилген, 35 жаштагы жергиликтүү тургун жаракат алды. Днепропетровск облустук аскердик администрациясы Никопол районунда административдик имарат, инфраструктура объектиси жана көп кабаттуу турак үйгө, Синельников районунда жүк ташуучу машинеге зыян келтирилгенин билдирген.

Харьков шаарында дрондор бир нече районго сокку урган. Шаар мэри Игор Тереховдун айтымында, түнкү саат 03:00 чамасында Холодногорск районуна сокку тийип, өрт чыккан. Кийинчерээк дрон Салтов районундагы билим берүү мекемесинин имаратына тийген. Эртең менен Индустриалдык районго да дрондордун чабуулу болгону кабарланган.

14:52

Украинанын Орусия басып алган Олешки шаарында ок атышууларды токтотуу режими бузулбай сакталып жатат.

Мындай маалыматты Орусиянын акыйкатчысы Яна Лантратова билдирди.

Украинанын омбудсмени Дмитрий Лубинец да Олешкиде жымжырттык режими эреже бузуусуз уланып жатканын кабарлады.

"Тараптар өздөрүнө алган милдеттерди толук аткарып жатышат. Бир дагы эреже бузуу катталган жок", — деп жазды Лантратова соцтармактагы баракчаларына.

Лубинец болсо 30-октябрда шаарга гуманитардык жүк жеткирүү пландалып жатканын айтты.

Украинанын Херсон облусуна караган Олешки калаасында ок атышууларды токтотуу режими 27-октябрда Москва убактысы боюнча түнкү саат 03:00дөн тарта башталган.

Макулдашууга АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп жана Рим папасы Леон XIVнин ортомчулугу менен жетишилген.

Мелания Трамптын айтымында, Олешкиге америкалык Newsmax телеканалынын төрт журналисти жөнөп кеткен, алар "көз карандысыз" байкоочу катары кырдаалга байкоо салышат. Тынчтык режими 1-ноябрга чейин уланары күтүлүп жатат.

Олешкини орус аскерлери 2022-жылдын февраль айынын аягында, Украинага кеңири масштабдагы басып киргенден кийин басып алган. Шаар азыр Орусиянын көзөмөлүндө.

14:01

Орусиянын башкалаасы Москванын мэри Сергей Собянин 29-октябрга караган түнү Москваны көздөй 600дөн ашуун дрон учурулуп, анын 231и атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Жабыркагандар жана зыян тууралуу маалымат жок. Москванын аэропорттору ишин токтотту.

Башкырстандагы Стерлитамак шаарында дрон соккусунан Башкыр сода компаниясында (БСК) өрт чыкканын Телеграмдагы Astra каналы жазды.

Аталган ишканага сокку болгонун Старлитамактын мэри Эмил Шаймарданов бышыктады.

Курск облусунун губернатору Александр Хинштейн аймакта дрон соккуларынан беш киши жабыркаганын, келтирилген зыяндар бар экенин маалымдады.

Перм крайында аба коркунучу тууралуу эскертүүлөр болгону тууралуу маалымат түштү.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде Орусиянын 19 аймагынан 1214 украиналык учкучсуз учак жок кылынганын жарыялады. Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болбой турат.

Орусиянын армиясы Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан өлкөнү күн сайын аткылап келет. Далилдерге карабай Москва Украинанын жарандык жайларына сокку уруп, миңдеген кишинин канына забын болуп жатканын моюнга албайт.

Согуш башталганы Украинада бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду. Чабуулдарда Орусияда да киши өмүрү кыйылган учурлар бар.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG