Улуу Британия Украинага кошумча 10 миллиард фунт стерлинг өлчөмүндө колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-октябрда Британиянын премьер-министри Энди Бернхэм менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди.
Зеленскийдин айтымында, анын 7 миллиард фунт стерлинги Украинанын экономикасын колдоого жумшалат. Дагы 3 миллиард фунт стерлинг Британиянын экспорттук каржылоосу болот, негизинен курал-жарак сатып алууга пайдаланылышы пландалууда.
Украинанын президенти бул чечим өз убагында кабыл алынганын белгилеп, Орусия Украина өнөктөштөрүнүн колдоосун ала берерин түшүнүшү керектигин айтты. Анын пикиринде, Украинанын коргонуу жана башка мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө Москваны согушту токтотууга түрткү бериши керек.
Британия өкмөтүнүн 13-октябрда жаңыртылган маалыматына ылайык, кошумча жардам жарыяланганга чейин Лондондун Украинага көрсөткөн колдоосунун жалпы көлөмү болжол менен 25 миллиард фунт стерлингди түзгөн.
Бул суммага 16 миллиард фунт стерлинг аскердик жардам, 5,6 миллиард фунт стерлингге чейинки аскердик эмес жардам жана 3,5 миллиард фунт стерлинг өлчөмүндөгү экспорттук каржылоо лимити кирет. Британия 2030–2031-жыла чейин жана зарылчылык болсо андан ары да Украинага жыл сайын 3 миллиард фунт стерлинг аскердик жардам бөлүүгө милдеттенген.
Британия өкмөтү 13-октябрда Украинага кошумча санкцияларды, аскердик жана каржылык жардамды даярдап жатканын билдирген. Бул маалымат Лондондо Энди Бернхэм менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусунун алдында жарыяланган.
Британиянын артыкчылыктуу багыттарынын бири - Орусиянын аба чабуулдарынан коргонуу үчүн зениттик ракеталарды жеткирүүнү тездетүү. Ошол кезде өкмөт 45 миллион фунт стерлингдик ракета жеткирилерин билдирип, кыш башталганга чейин курал-жаракты өткөрүп берүүнү тездетүү ниетин маалымдаган.
Украинанын армиясы 28-октябрга караган түнү Орусиянын Тула облусундагы "Азот" химиялык заводуна сокку урду.
Astra басылмасы жана Телеграмдагы украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Новомосковск шаарындагы химиялык завод чабуулга кабылганын жазышты.
Тула облусунун губернатору Дмитрий Миляев дубанга жапырт дрон чабуулу болгонун ырастап, учкучсуз учактардын калдыктарынын кулашынан Новомосковскиде көп батирлүү үйлөргө, жер тамдарга жана "өнөр жай аймагындагы инфраструктура зыянга учураганын" жазды. Бир киши жараат алган.
Губернатор кайсы ишканага чабуул болгонун тактаган жок.
Exilenova+ жана Supernova+ каналдары АМ-70 аммиак жабдыгына зыян келтирилген болушу ыктымалдыгын билдирди.
Украина бул заводду былтыр жана быйыл июнь айларында бутага алган.
"Азот" заводу "Еврохим" холдингине карайт.
Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, Тула облусундагы "Азот" заводу аммиак менен азот жер семирткичтерин өндүргөн эң ири ишканалардын бири болуп саналат жана өндүрүлгөн продукциянын түрү менен көлөмү боюнча тармактагы алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ишкана жер семирткичтерди, аммиакты, азот кислотасын, аргонду жана метанолду чыгарат. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, "Азот" Нижегород облусундагы Свердлов атындагы заводго азот кислотасын жеткирет. Ал зат октоген жана гексоген өндүрүүдө колдонулат, ал эми бул жарылуучу заттар артиллериялык снаряд жасоодо керектелет.
Липецк облусунун бийлиги да бир түндүн ичинде аймактын асманында 45 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Липецк шаарында бир адам жабыркаган.
Курск облусунун губернатору Александр Хинштейн Курск шаарына чабуул болгонун билдирди. Анын айтымында, "учкучсуз учактын сыныктарынын кулашынан Перекальский көчөсүндөгү имараттын экинчи кабатында өрт чыккан, ошондой эле саламаттык сактоо тармагынын серверлери жабыркаган.
"Келтирилген зыяндан улам саламаттык сактоонун маалыматтык системасында убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн деп болжоп жатабыз. Айрым кызматтардын, анын ичинде электрондук кезекке жазылуу системасынын ишинде мүчүлүштүктөр жаралышы ыктымал", - деп жазган ал.
Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Брянск, Воронеж, Калуга, Курск, Липецк, Орёл, Ростов, Рязань, Смоленск, Тамбов, Тула облустарынын жана Москва аймагынын үстүнөн жалпысынан Украинанын 531 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жакын арада жолугушуусу өтөрүн билдирди. Ал 27-октябрда журналисттерге сүйлөшүүлөр чоң жылышка жол ачышы мүмкүн экенин айтты.
«Жолугушуу жакын арада уюштурулат деп ойлойм жана олуттуу прогресске жетишүүгө болот», - деди Трамп.
Кимдер менен жолугушуу пландалып жатканы тууралуу суроого ал:
«Президент Путин жана президент Зеленский менен», - деп жооп берди.
Соңку учурда Вашингтон Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерин күчөткөнү байкалууда.
Буга чейин Зеленский ноябрда Киев, Вашингтон жана Москванын өкүлдөрү катышкан үч тараптуу жолугушуу өтөрүн билдирген. Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу жана мамлекет башчыларынын жаңы жолугушуусун өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланарын айткан.
Ошол эле маалда Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн Орусияга каршы санкцияларды мөөнөтүнөн мурда жеңилдетпөөгө чакырган. Ал санкциялар Орусиянын агрессиясы үчүн киргизилгенин белгилеп, сүйлөшүүлөр башталганга чейин Киев санкциялар, каржылык колдоо жана тоңдурулган активдер сыяктуу басым көрсөтүүчү куралдарынан ажырап калбашы керектигин кошумчалаган.
Украина лидери Москва менен сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн позициясын алсыратуучу кадамдарга жол берилбеши керек экенин кошумчалаган.
Украинанын Херсон облусундагы Орусия басып алган Олешки шаарында гуманитардык миссия чүн ок атууну токтотуу режими башталды.
Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец ок атууну токтотуу режими Киев убактысы боюнча таңкы саат 03:00дөн тартып гуманитардык операция жүргүзүлө турган айрым аймактарда күчүнө киргенин билдирди. Анын айтымында, азырынча ок атууну токтотуу боюнча бардык шарттар сакталып жатат.
"Олешкидеги жайкын тургундардын коопсуздугун жана жетишилген макулдашуулардын аткарылышын биринчи орунга коюп, коомчулукту мындан аркы маалыматтар менен кабардар кылып турам", – деди ал.
Ок атууну токтотуу режими башталганын Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастады.
"Херсон облусундагы Алешки (Олешки) калктуу конушунун аймагында гуманитардык операция өткөрүүгө даярдык көрүүгө байланыштуу Орусиянын Куралдуу күчтөрү Херсон багытында ок атууну токтотуп, 2026-жылдын 27-октябрында Москва убактысы боюнча саат 04:00дөн тартып "тынчтык режимин" киргизди", – деп айтылат орус тараптын билдирүүсүндө.
Орусия менен Украина орус аскерлери көзөмөлдөгөн Олешки шаарында гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылуу жана тургундарды эвакуациялоого даярдык көрүү максатында согуш аракеттерин убактылуу токтотууну макулдашкан.
Ак үйдүн маалыматына ылайык, бул макулдашууга АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын ортомчулугу менен жетишилген.
Операциянын биринчи этабы катары шаарга алып баруучу жолдорду миналардан тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү.