Орусия 27-октябрга караган түнү Украинага баллистикалык ракеталар жана жүздөгөн дрондор менен жапырт чабуул жасады. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдиргендей, негизги сокку Киев шаарына багытталды.
Киевде чабуулдан бир аял каза болуп, кеминде 14 адам жараат алды. Алардын арасында сокку урулган жатакананын студенттери жана чакырууга барган эки тез жардам кызматкери бар.
Чернигов облусунда да алты адам жабыркады. Менск жамаатындагы айылда дрон турак жайга тийип, аял жана 12 жаштагы бала жараат алды. Холмы жамаатындагы айылда жубайлар жабыркаса, Семеновка шаарында улгайган аял менен 34 жаштагы эркек жаракат алган.
Украин аскерлеринин маалыматына караганда, чабуулда «Искандер-М» жана С-400 үлгүсүндөгү баллистикалык ракеталар, ошондой эле 280 дрон колдонулган. Алардын арасынан эки ракета жана 255 дрон атып түшүрүлгөн.
Киевдин мэри Виталий Кличко билдиргендей, соккулардын бири Днепр дарыясындагы Түштүк көпүрөгө тийген. Көпүрө жана метрополитендин инфраструктурасы жабыркап, айрым транспорт каттамдарына чектөө киргизилди.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде өлкөнүн 12 облусунда, аннексияланган Крымда жана Кара деңиздин үстүндө 222 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Брянск шаарында дрон чабуулунан көп кабаттуу үч үй жана 11 автоунаа жабыркап, алты адам жараат алган. Ошондой эле шаардагы райондордун биринде дрондон ташталган жардыргыч заттан бир эркек киши каза болгону кабарланды.
Запорожье облусундагы орусиячыл администрация билдиргендей, Симферополь-Москва багыты боюнча бара жаткан жүргүнчү автобусуна дрон чабуул жасап, бир адам каза тапты. Автобуста 31 жүргүнчү бараткан.
Украина Орусия аймагындагы бул окуялар боюнча комментарий бере элек.
Украин аскерлери 25-октябрга караган түнү жана жекшемби күнү эртең менен Орусиянын бир катар аймактарына сокку урду.
Пермь крайынын губернатору Дмитрий Махониндин маалыматына ылайык, аймакта өнөр жай ишканасына чабуулда беш киши жаракат алды.
Украинанын мониторинг жүргүзгөн каналдары сокку "АВИСМА" титан эритмелерин өндүргөн ишканага, Березники шаарындагы заводго тийгенин жазышууда.
Махониндин айтымында, "өнөр жай объектиси" зыян тартып, ишин улантууда.
Белгородго да дрондор менен жапырт сокку урулду.
Белгород облусунун губернатору Александр Шуваев чабуулдан бир адам каза болуп, кеминде 14 киши жаракат алганын билдирди. Анын айтымында, соккунун кесепетинен 30 көп кабаттуу турак жай, ошондой эле административдик имараттар, коммерциялык жана социалдык объектилер жабыркады. Жарыяланган сүрөттөр менен видеолордон көрүнгөндөй, соккуга "МегаГринн" соода, көңүл ачуу борбору да кабылган.
Курск облусунун губернатору Александр Хинштейн аймакта болжол менен 11 миң адам жарыксыз калганын, бир киши жабыркаганын жазды. Анын маалыматына ылайык, соңку сутка ичинде облус аймагында 174 дрон атып түшүрүлгөн.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, түн ичинде 500дөн ашуун украин дрону атып түшүрүлгөн. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Украин армиясы соккулар тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Ишембиде Омскидеги өнөр жай аймагына жапырт урулган. Маалыматтарга караганда, анда башкы бутага мунай иштетүүчү завод алынган эмес. Мындан тышкары "Тамань" көмөк чордонуна чабуул болуп, аннексияланган Крымда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
24-октябрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага 126 учкучсуз аппарат менен чабуул жасады. Украинанын Аба күчтөрү алардын 101ин атып түшүргөнүн билдирди. Аскерлердин маалыматына караганда, соккулар 14 жерде катталып, дагы беш жерде дрондордун сыныктары кулаган.
Эртең менен Киевге да дрон чабуулу жасалды. Шаардын Оболон районунда жеке турак үй жабыркап, эки адам жаракат алды.
Ошол эле учурда Украинада Starlink жана анын аскердик багыттагы Starshield байланыш системаларынын иши толук калыбына келтирилгени кабарланды. Украинанын Коргоо министрлиги системалар эми саатына 400 чакырымдан ашкан ылдамдыкта да туруктуу иштеп жатканын билдирди. Буга чейин президент Владимир Зеленский фронттун айрым тилкелеринде жабдуулар 130-161 км/саат ылдамдыкта иштебей калып жатканын айткан. Бул дрондорду башкарууга жана аскердик логистикага таасир эткени белгиленген.
Ал тапта Орусиянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да сокку болгонун маалымдашты.
Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород облусунун губернатору Александр Шуваев акыркы суткада украиналык дрондордун чабуулдарынан бир адам каза болуп, жети киши жараат алганын билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар арасында бир бала бар. Облуска 130дан ашык чабуул жасалып, 223 дрон атып түшүрүлгөн.
Орёл облусунун губернатору Андрей Клычков жума күнкү соккудан кийин урандыларды тазалоо маалында үч адамдын сөөгү табылганын маалымдады. Буга чейин аймак бийлиги Орёл шаарындагы заводго чабуул жасалганын жана сегиз киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Брянск облусунда да жүргүнчү ташыган автобусуна сокку урулган. Аймак башчысы Егор Ковальчуктун маалыматына караганда, бир аял каза болуп, үч киши жаракат алды.
Орусиянын Коргоо министрлиги соңку суткада украин тараптын 1297 дрону, ошондой эле беш канаттуу ракетасы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары, мекеме 24-октябрга караган түнү өлкөнүн бир катар облустарында жалпысынан 616 украиналык дрон жок кылынганын маалымдады.