Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29
Орусиянын реактивдүү дрону № 866 Днепр – Запорожье багытындагы поезд турган платформаларынын бирине тийген. 29-октябрь, 2026-жыл
Орусиянын реактивдүү дрону № 866 Днепр – Запорожье багытындагы поезд турган платформаларынын бирине тийген. 29-октябрь, 2026-жыл

Днепр: Орусиянын реактивдүү дрону темир жол бекетине сокку уруп, 14 өмүрдү жалмады

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:55 23.10.2026

Орусия менен Украина 29-октябрдан тартып Херсон облусундагы Олешки шаарында атышууну убактылуу токтотууга макул болушту. Бул тууралуу 23-октябрда жарыяланган Ак үйдүн басма сөз билдирүүсүндө айтылды.

Маалыматка караганда, тараптар гуманитардык жардам жеткирүүгө жана атайын уюштурулган коопсуз коридор аркылуу жайкын тургундарды эвакуациялоого шарт түзүү үчүн атышууну убактылуу токтотот. Олешки шаары 2022-жылдан бери орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат.

Ак үйдүн билдирүүсүндө АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп бул макулдашууга жетишүүгө көмөктөшкөнү белгиленген. Анын айтымында, эки өлкөнүн жарандык өкүлдөрү шаар тургундарын кыдырып чыгып, кандай жардамга муктаж экенин аныкташат. Шаардан чыгып кетүүнү каалагандарга транспорт жана керектүү колдоо көрсөтүлөт.

АКШнын маалыматына караганда, Олешкидеги абал оор бойдон калууда. Шаарда негизинен улгайган адамдар калган, алар медициналык жардамга, дары-дармекке, азык-түлүккө жана таза сууга муктаж. Эл электр энергиясынын тартыштыгы, миналанган жолдор жана дээрлик токтоосун аскердик чабуулдар шартында жашап жатат.

Билдирүүдө Мелания Трамп жана анын өкүлү Орусия менен Украинанын жетекчилиги менен түз сүйлөшүп, атышууну токтотуу шарттарын, мөөнөтүн жана техникалык жол-жоболорун макулдашканы айтылды.

Согушка чейин Олешки шаарында болжол менен 24 миң киши жашаса, азыр анда 1700-2000дей тургун калганы айтылды. Алардын көпчүлүгү улгайган адамдар. Ошондой эле шаарда 50гө жакын бала бар.

16:39 22.10.2026

22-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Киевге жасаган соккуда кассеталык дүрмөттүү "Искандер" баллистикалык ракетасын колдонду. Бул тууралуу Украинанын президентинин коргонуудагы технологиялык багыттарды өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Сергей Бескрестнов ("Флеш") билдирди.

Анын айтымында, ракета К5 үлгүсүндөгү кассеталык дүрмөт менен жабдылган. Ал жерге жетпей абада жарылып, болжол менен 400 метрге 400 метр аянттагы адамдарды жана техниканы бутага алат.

"Бүгүн түнү Орусия Киевдин тарыхый борборуна К5 кассеталык дүрмөтү бар "Искандер" ракетасы менен сокку урду. Бул дүрмөт жер үстүндө жарылып, кеңири аймактагы адамдар менен техниканы жабыркатуу үчүн колдонулат. Андагы 58 согуштук элемент абада жарылат", - деп жазды Бескрестнов.

Ал бул сокку аскердик эмес максатты көздөгөнүн белгиледи:

"Максат эски шаардын бир бөлүгүн талкалап, мүмкүн болушунча көп адамды жарадар кылуу болду. Көптөгөн жайкын тургундар жабыркап, кыйроолор катталды".

Украинанын Аба күчтөрү 22-октябрга караган түнү Орусия Украинага каршы ири масштабдагы чабуул жасаганын билдирди. Маалыматка караганда, чабуулда "Искандер-М", С-400, "Циркон", "Оникс" ракеталары жана жалпысынан 210 сокку уруучу дрон колдонулду. Алардын 110у реактивдүү Shahed дрондору болгон.

Russia Hits Kyiv With Ballistic Missiles
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

Негизги сокку Киевге багытталганы айтылды. Чабуул 21-октябрда Санкт-Петербург шаарында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунан жана АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту жөнгө салуу "мурдагыдан да жакын калганын" билдиргенден кийин болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 21-октябрдын кечинен тартып Киевге каршы жалпысынан 21 ракета атылганын билдирди.

"Орусиялык 'гуманисттер' кечтен бери Киевге үч толкун менен баллистикалык сокку урду. Тилекке каршы, шаарда көптөгөн кыйроолор болду: турак жайлар, энергетикалык объектилер, темир жол бекетинин жана метронун инфраструктурасы, соода борборлору, ишканалар жабыркады. Бузулган имараттардын арасында монастырь да бар", - деди Зеленский.

Анын маалыматына караганда, бул түнү Орусиянын соккуларына Украинанын 12 облусу кабылды. Киевде жана башка аймактарда 34 адам жарадар болду, алардын бешөө балдар. Кеминде үч адам каза тапканы кабарланды.

17:35 21.10.2026

Орусияда Украинанын Куралдуу күчтөрүнө жалданган деген айып менен соттолгон америкалык Стивен Хаббард абактан бошотулду.

Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф менен сүйлөшүүдө билдирди.

Путиндин айтымында, Хаббард Петербургдун Пулково аэропортуна жеткирилген.

74 жаштагы Стивен Хаббард 2022-жылдын апрелинде туткунга түшкөн.

Орусиянын тергөөсү ал ошол жылы февралда Харьков облусунун Изюм шаарында Украинанын аймктык коргонуу бөлүмү менен келишим түзүп, айына миң доллар маяна убада кылынып, даярдыктан өткөнүн жана курал алганын маалымдаган.

2024-жылдын 7-октябрында Москва шаардык соту Хаббардды жалдануу иши боюнча Кылмыш кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүгү менен айыптуу деп тапкан. Алты жыл 10 айга эркинен ажыраткан.

Абакта ал катаал мамилеге кабылганы белгилүү болгон. 2024-жылы алмашуунун негизинде орус түрмөсүнөн чыккан жана аны менен бир камерада отурган украиналык жоокер Игор Чичко, америкалык жаран дайыма сабалганын айткан.

Күзөтчүлөр Хаббардга иттерди кое берип, ачка кармашканын, коридордо "сойлоого" мажбурлаганын айтып берген.

Стивен Хаббард өзү Украинага 2014-жылы жубайы Инна менен англис тилинен сабак берүү максатында барганын, 2022-жылы февралда Орусия кол салганга чейин бейкапар жашаганын билдирген.

Анын эжеси журналисттерге Хаббард Украинага барганга чейин 30 жыл Жапонияда жашаганын, андан кийин төрт жыл Кипрде жүргөнүн маалымдаган.

Америкалык жаранды бошотууну Трамп өзү өтүнгөн.

17:35 21.10.2026

21-октябрга караган түнү Орусия Украинага абадан жапырт сокку урду. Чабуулдардын кесепетинен Харьков, Киев жана Кременчук шаарларында адамдар жабыркап, инфраструктуралык объекттерге зыян келди.

Харьков облусунун Коротыч кыштагында эки улгайган адам каза болуп, дагы 11 киши жараат алды. Жабыркагандардын арасында эки айлык ымыркай жана сегиз жаштагы бала бар. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов 13 жеке үй жана бир автоунаа зыян тартып, чарбалык курулуш толугу менен талкаланганын билдирди.

Киевде да дрон чабуулунан кеминде эки адам каза болду. Десна районунда токтоп турган автоунаалар күйүп кетсе, Святошин районунда көп кабаттуу үйгө сокку урулду. Шаардын мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Соломенский районунда пилотсуз учак транспорттук инфраструктура объектисине тийип, өрт чыккан.

Полтава облусундагы Кременчук шаарында да чабуул катталды. Облустук бийликтин маалыматына караганда, орус күчтөрү Михаил Остроградский атындагы Кременчук улуттук университетинин окуу корпустарынын бирине сокку урган. Натыйжада бир адам жараат алды.

Украина бийлиги соңку апталарда Орусиянын дрон жана ракета чабуулдары күчөгөнүн билдирүүдө. Ал эми Москва 2022-жылы Украинага кол салган күндөн тартып бул өлкөнүн жарандык инфраструктурасын талкалап, жерлерин ээлеп, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG