Орусиянын 19-октябрда Харьков облусундагы Новая Водолага шаарчасынын борбордук паркына тийген дрон соккусунан алты адам каза болду. Алардын арасында эки бала бар. Буга чейин үч баланын өлүмү тууралуу кабарланган эле. Дагы 14 адам жаракат алды, алардын арасында балдар да бар. Бул тууралуу Украинанын полициясы, бийлиги билдирди.
Украинанын ички иштер министри Иван Выговский чабуул паркта адамдар көп жүргөн учурда болгонун билдирди. Чабуулдан улам кафенин имараты да зыянга учураган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул соккуну "абсолюттук мыкаачылык" деп атады. Анын айтымында, каза болгондордун арасында жакында эле бир жашка толгон Ангелина аттуу кыз жана анын апасы бар. Дагы бир 11 жашар кыздын да өмүрү кыйылды.
Новая Водолага шаарчасы Харьковдун түштүк-батыш тарабында, майдан тилкесинен ондогон чакырым алыстыкта жайгашкан.
19-октябрда Украинанын батышындагы Хмельницкий шаарына урулган орус соккусунан дагы эки адам каза болду. Маалыматтарга караганда, чабуулдан кийин шаардын айрым тургундары электр жарыгысыз калган.
Ошол эле түнү Орусиянын армиясы Киевге жана Киев облусун бутага алган. Киев облусундагы Ирпен шаарында бир адам каза болуп, 19 адам жаракат алды. Ордо калаа Киевге баллистикалык ракеталар менен сокку урулуп, бир адам каза тапты.
RFE/RL радиосунун кабарчысы Алекс Рауфоглу украин булактарына таянып Киев ал түнү да өнөктөштөрүнөн, АКШдан ракеталык сокку тууралуу алдын ала эскертүү албаганын жазган. Кийинчерээк АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул маалыматты ырастай албай турганын айтты.
"Өткөн түнү эмне болгонун мен так билбейм", - деди Рубио.
Орусия 19-октябрга караган түнү Украинанын борбору Киевге сокку урду.
Украинанын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 21 жаштагы кыз каза таап, кеминде сегиз киши жараат алды.
Аба соккуларынан метронун жер үстүндөгү станциясына зыян келтирилди.
Киевдин мэри Виталий Кличко шаардын Соломенск районунда дрондун калдыктары көп кабаттуу үйгө түшүп, үч киши жараат алганын кабарлады.
Мындан тышкары Луцк, Ровно, Кропивницк жана Днепрге соккулар болгону тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Днепрде чабуулдардын кесепетинен бир киши жабыркаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-октябрда Bloomberg агенттигине маегинде өз өлкөсүнө абадан коргонуу системасы жетишпей жатканын, Орусия болсо элдин жашоосун болушунча татаалдаштыруу үчүн украин шаар-кыштактарынын инфраструктурасына ургаалдуу соккуларды уруп жатканын айтты.
Ал АКШ Украинанын Орусиянын алдында капитуляцияга барууга түртүп жатканын кошумчалады. Зеленскийдин айтымында, жакынкы күндөрдө Украинада Starlink системасынын спутниктик интернети америкалык бийликтин буйругу менен чектелгенин кайталады.
Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп, мамлекеттик катчы Марко Рубио баштаган расмий өкүлдөр украин президентинин мындай билдирүүсүн четке каккан.
Орусия 18-октябрга караган түнү Украинанын батышындагы аймактарга кайрадан сокку урду. Бутага Ровно облусу да алынды.
Облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ковалдын айтымында, сокку жарандык инфраструктура объектилерине тийип, өрттөр чыккан. Акыркы күндөрү Ровно бир нече жолу соккуга кабылды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Ровнодогу "Новая почта" компаниясынын терминалына сокку урулганын билдирди.
Тернопол облусунда энергетикалык объект жабыркап, электр энергиясында үзгүлтүктөр жаралды. Волын облусунун Маневичи кыштагында өнөр жай ишканасына сокку урулуп, өрт чыкты. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Запорожьеде Орусиянын соккусунан 27 жаштагы аял каза болуп, бир нече адам жараат алды. Алардын арасында 6 жашар кыз бар. Запорожье облустук аскердик администрациясынын маалыматына ылайык, чабуулдан эки көп кабаттуу турак үй, 18 автоунаа жана бир билим берүү мекемесинин имаратына зыян келтирилген.
Полтавада Орусиянын соккусунан бир адам каза болду. Ал жерде жер үйлөргө да зыян келтирилди.
Одесса облусундагы сокку учурунда энергетикалык объект жабыркап, 20 миңден ашуун адам жарыксыз калды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-октябрда эртең менен билдиргендей, АКШ президенти жарыялаган "энергетикалык элдешүүдөн" бери Орусия Украинадагы энергетикалык объектилерге 70тен ашуун жолу сокку урду.
Орусиянын Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу 18-октябрга караган түнү украиналык дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Бул Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери аймакка карата эң ири чабуул болуп калды.
Дрондор мунай базаларына, дата-борборго жана кампаларга кулап, өрт чыккан. Дрондордун бири көпүрөгө тийген. Бир нече турак жайга зыян келтирилди.
Санкт-Петербургдун башчысы Александр Бегловдун билдиришинче, чабуулдарда бир адам каза болуп, беш киши жаракат алды. Алардын баары ооруканада.
Беглов ошондой эле Санкт-Петербург мунай терминалында, "Ручьи" мунай базасында жана Колпино районундагы өнөр жай кампаларында өрт чыкканын ырастады.
Анын айтымында, соккунун натыйжасында 12 көп кабаттуу турак жай жана эки жеке үйгө зыян келтирилди.
Буга чейин Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко аймакта учкучсуз учактардын чабуулунан турак жайлардын бири жабыркаганын билдирген. Анын маалыматына ылайык, бир аял жана үч бала көмүр кычкыл газына уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилген.
Орусиянын бийлиги Санкт-Петербургга соккунун жүрүшүндө "ВКонтакте" социалдык тармагынын дата-борбору жана Ozon маркетплейсинин логистикалык борборунда өрт чыкканын ырастады.
Орусия Коргоо министрлиги ишемби, кечки саат 20:00дөн жекшемби күнү саат 08:00гө чейинки аралыкта абадан коргонуу күчтөрү Украинанын 1015 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, дрондор Орусиянын 15 аймагынын, аннексияланган Крымдын жана Кара деңиздин үстүндө жок кылынган.