Польшада белгисиз объект өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы тууралуу маалымат текшерилүүдө.
Польшанын армиясы окуя 18-октябрда болгонун билдирди.
Reuters агенттиги белгилегендей, аба мейкиндигинин бузулганы азырынча расмий ырастала элек.
Аскерлер Люблин шаарынын түштүгүндө издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алар объект кулаган болушу мүмкүн деген аймакты издеп жатышат.
Буга чейин Молдованын бийлиги аба мейкиндиги бузулганын жарыялаган. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 15-16-октябрь аралыгында беш учкучсуз учак аба мейкиндикти бузду. Reuters агенттиги Молдованын бийлиги дрондор Орусияга таандык экенин аныктаганын жазды.
Молдованын Ички иштер министрлиги Орусиянын аракеттерин айыптады.
"Бул окуялар өлкөбүздүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузат, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратат жана Орусиянын Украинага каршы согушунун аймактык туруктуулукка тийгизген түз кесепеттерин көрсөтөт", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
10-октябрдан 16-октябрга чейинки аралыкта Молдованын аба мейкиндиги сегиз жолу бузулган.
Би-би-си, «Медиазона» жана ыктыярчылар тобу Украинага каршы согуш башталгандан бери каза болгон орусиялык аскерлердин кеминде 281 753үнүн аты-жөнүн аныктап чыгышты.
Эң көп жоготууга учурагандар орус армиясынын элитасы деп аталып жүргөн үч бөлүктө катталды. Алар: деңиздеги 810 жана 155-бригадалар жана ошондой эле 76-десанттык-штур дивизиясы.
Фронтто оор тилкелер көп болгондуктан, байкоочулардын баамында, бул бөлүктөрдү толук калыбына келтирүү үчүн тылга чыгарып кетүүгө убакыт жетишпей жатат. Натыйжада десантчылар менен деңиз жөө аскерлерин алдыңкы тилкеден кыска мөөнөткө гана чыгарып, курамын толуктап, андан соң кайра эле эң маанилүү деп эсептелген жаңы багыттарга жөнөтүп жатышат.
Украина соңку жолу өз жоготуулары тууралуу быйыл февралда маалымат берип, президент Владимир Зеленский 55 миң украин аскери жана офицери набыт болгонун билдирген. Бирок Батыштагы эксперттер бул көрсөткүч чыныгы сандан төмөн болушу мүмкүн деп эсептешет.
Соңку учурда Орусия келишим түзүп, согушка жөнөткөн жарандарга дароо өзүнүн жарандыгын берип жатканы айтылган.
Украинанын мамлекеттик "Хочу найти" долбоору 2026-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 миңдей жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын апрель айында билдирген. Бул сан алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныкталганы белгиленген.
Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экенин белгилүү болгон. Августта Би-би-синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.
"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.
"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, бөтөн элдин согушуна катышуу кылмыш экенин эскертип келет.
13-октябрда министр Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирди.
Украина 15-октябрга караган түнү Орусиянын Борисоглебск шаарындагы аскердик аэродромго сокку урду.
Бул тууралуу украиналык Supernova+ жана Exilenova+ Телеграм каналдары билдирди.
Маалыматка караганда, соккуда Tomahawk ракетасы колдонулган.
Орусиянын Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев аймакка чабуулдун кесепети тууралуу азырынча маалымат бере элек. Түнү ал дрон чабуулу тууралуу коркунучтар бар экенин жарыялаган.
Exilenova+ жергиликтүү жашоочуларга таянып жазгандай, Рязанда өрт чыккан жер мунай заводуна таандык болушу мүмкүн. Маалымат расмий ырастала элек.
Рязан облусунун башчысы Павел Малков дубан жапырт дрон чабуулуна туш болгонун ккабарлады.
Коопсуздук максатында Рязандын Октябрь районунда жана Совет районунун бир бөлүгүндөгү мектеп, бала бакчаларда окуу токтоду.
Кийинчерээк Малков мунайды кайра иштетүүчү заводго чабуул болгонун ырастады. Анын айтымында, аймакта өрт чыкты, Рязандагы башка ишкананын аймагында кампа, автоунааларга зыян келтирилди.
Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Financial Times басылмасына маек куруп, украин тарап Орусиянын мунай заводдоруна соккуларды калыбына келтирерин билдирген.
"Тыюу [мунай заводдоруна] алынды. Жетишет!" – деген ал.
2026-жылдын 15-октябрына караган түнү Орусия Украинанын Кировоград облусуна жапырт сокку урду. Анын кесепетинен үч киши набыт болгонун облустук аскердик администрациянын башчысы Андрей Райкович билдирди.
Анын айтымында, логистикалык борборлор, өнөр жай жана транспорт ишканалары бутага алынган. Каза болгондордун баары Кропивницкий шаарынын тургундары.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы чабуул дээрлик 10 саатка созулганын билдирди. Соккудан турак жайлар, короо-жайлар жана автоунааларга зыян келтирилген. Жалпысынан Кировоград облусунда 25 объект бутага алынган.
Днепропетров облусундагы Новоалександров айылдык жамаатында дагы эки адам каза болду. Облустук администрациянын жетекчиси Александр Ганжанын маалыматына караганда, Орусия 15-октябрдын таңында турак үйлөргө сокку урган. Павлоград шаарында бир нече жеке турак үйдө өрт чыккан.
Ровно облусундагы Здолбунов шаарынын бир бөлүгү, ошондой эле Дядьковичи жана Шпаков айылдары Орусиянын чабуулунан кийин электр жарыгысыз калды. Облустук администрациянын башчысы Александр Коваль электр линиясынын бузулушу өчүрүүлөргө себеп болгонун билдирди.
Полтава облусунда эки өнөр жай ишканасы бутага алынган. Тернопол облусунда дагы бир ишканага сокку урулуп, беш адам медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылган.
Ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги Измаил портунун инфраструктурасына, Одесса багытында бараткан эки жүк ташуучу кемеге сокку урулганын маалымдады.