"Уулумду каяктан издейм, эмне кылам?"
Уулу Орусияда иштеп жүрүп, бир нече айдан бери дайынсыз болуп жаткан эне баласынан кабар жок болгон сайын жүрөгү ордунда эмес. "Азаттык" аны менен телефондон байланышып, миграцияга кеткен уулу кабылган окуянын чоо-жайын сураштырды.
Көрсө ал быйыл апрель айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн экен. Ошондон ары аны Украинадагы согушка айдашкан.
Маектешибиз, Чүй облусунун тургуну, аты-жөнүн ачык атабоону суранды. Анын айтымында, уулу Орусияга иш издеп төрт жыл мурда кеткен, байланышып турушчу. Акыркы жолу 1-июнда кабарлашкан.
Бир ай мурда апасы Орусия тынч болбой жатканын айтып, уулунан Кыргызстанга кайта берүүсүн суранган:
"Бир аз кое турайын деп койгон. Акыркы жолу байланышка чыкканда "Апа, мен азыр шаар жакка кирем, акча которушум керек" деди. Мен "Акчаңдын эмне кереги бар эле, өлсөм бир ууч топурагыңды жазданып жатсам болот эле" дедим. Келиним "Ал сентябрда өргүүгө чыгып, барат" деди. Келмек тургай, ошондон бери байланыш жок. Каяктан издейм? Эмне кылам?", - деди көз жашын тыя албаган эне.
"Эрте кайрылса согуштан алып калуу мүмкүн"
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу министр 13-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Мунун алдында эл өкүлү Айбек Алтынбеков Орусияда кыргызстандык жаранды соттун чечими чыга электе мажбурлап кол койдуруп, машыгуу лагерине алып кеткенин айтты.
Алтынбеков Кыргызстандын жараны тууралуу кенен маалымат берген жок.
Министр Кулубаев бул багытта активдүү иш жүрүп жатканын белгиледи:
"Эгерде биз убагында билип калсак аларды токтотуп калып жатабыз. Аскер комиссариаттарында же чакырып, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кетип жатышпайбы. Эгер ошону билип калсак, биз көптөгөн мигранттарды токтотуп калдык. Бирок кээ бир мигранттар айтпай кетип калып, баргандан кийин ата-энелери билип бизге кабар берип жатышат. Эгер ошондойлор болсо бизге арыз жазса биздин Украинада элчилик аркылуу аларга чыгып, чыгарганга аракет кылып жатабыз. Көптөрү айтпай жатышат, жарадар болгондо же каза болуп калганда эле билип калып жатышат. Ата-энелери деле билбей калып жатат. Согушка кетип калгандан кийин чыгаруу бир топ оор болууда. Эгер кайсы аскер бөлүктө, кайсыл жерде экенин билсек аракет кылабыз".
Министр согуштан канча кыргызстандык кайтарылганын айткан жок.
Кыргыз бийлигине кайрылып, бирок баласын, жакындарын согуштан кайтара албай убара тарткандар бар. Алардын айрымдары тууралуу "Азаттык" жазып келген.
"Келишим түзгөн мигранттар согуштан кутула албайт"
Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоорунун маалыматына караганда, Орусия кол салган төрт жылдан ашуун убакытта 13 миңге жакын борборазиялык жаран орус армиясы менен келишим түзгөн. Борбор Азиядан барган дагы 80 миңдей адам Орусияда аскердик кызмат өтөө үчүн каттоого алынган.
Булардын ичинде 1500дөйү кыргыздар экени белгилүү болгон. Өткөн айда Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.
Мигранттар менен иштеген юрист Эрлан Токтосунов Кыргызстандын жарандары согушка барууга келишимге кандайча кол коюп жатканы белгисиз экенин айтууда.
"Чет өлкөлүк жаран Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түздү деп айтылат. Бирок канчалык деңгээлде ал өз эрки менен ошол келишимге кол койду, бул белгисиз. Эч кандай далил жок. Тергөө абактарында, түрмөлөрдө алдап, күч колдонуп, башка жолдор менен эптеп планды аткаруу болуп жатканын угуп жатабыз. Тергөө абактарына, түрмөлөргө "мынча адам жибересиң" деген тапшырма берилет экен, аны аткарыш керек. Бул бардык эле мамлекеттик органдарга берилиптир деген маалыматтарды угуп жатабыз. Анын ичинде Сахарово миграциялык борбору да болушу мүмкүн. Күйөөсү ошол жакка түшүп калган келин мага да кайрылды, сот күйөөсүн Орусиядан чыгарылсын деген чечим кабыл алыптыр. Бирок "макул, кетейин" десе да кетирбей кармап, согушка барганга келишим түзүүгө мажбурлап жатыптыр. Согушка барган соң ал жактан кайтып келбейт. Элчилик, миграция кызматы Сахарово миграция борборундагы кыргызстандыктар тууралуу маалымат алып, алардын укуктарын коргоп берсе жакшы болмок".
Адвокаттын айтымында, Орусия Куралдуу күчтөрү менен бир жолу келишим түзүп, согушка барган адам өлүп гана кутулбаса, согуштан кете албайт:
"Жакында бир жараныбыз согушта жаракат алып, госпиталга түшүптүр. Ал жактан айыгары менен кайра согушка алып кетишиптир. Мурунку жылдары орус жарандыгын алган бир мекендешибиз согуштан качып, Кыргызстанга келсе, аны "Орус жараны, кайтарып бергиле" деп Орусиянын полициясы бизден талап кылган. Ортого юристтер, Жогорку Кеңештин депутаттары түшүп жатып жаран Кыргызстанда туулганы үчүн Кыргызстандын жараны болорун далилдеп, бербей алып калганбыз. Ал жараныбыздын да полкундагы бардык адамдар согушта өлгөн экен".
"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.
"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.
Эксперттер согушуп жүргөн жана урушта каза болгондордун саны мындан алда канча көп экенин белгилеп жатышат.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Шерине