Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:13

Мунай каатчылыгы, жаңы мүмкүнчүлүктөр: Кыргызстан кайсы багытты тандайт?

Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиядагы мунай кризисинен улам баа асмандап, күйүүчү майдын айрым түрү боюнча таңкыстык жаралган Кыргызстан менен Тажикстан көйгөйдү чечүүнүн жолдорун издөөдө. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Азербайжандан мунайды базар баасында сатып алууга даяр экенин айтты.

Өлкө башчысы билдиргендей, бул жаатта биргелешкен ишканаларды өнүктүрүүгө Кыргызстан даяр. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон биргелешкен ири мунай иштетүүчү завод куруу сунушун дагы бир жолу кайталаган. Күйүүчү май рыногундагы соңку жагдай жана Иран, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдөн мунай алуу аракетинен кандай майнап чыгат?

Түркмөнстанда өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын консультативдик кеңешинин 8-жыйынында чөлкөмдөгү мунай каатчылыгын чечүү маселеси да айтылды.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров өз өлкөсү күйүүчү майды базар баасында сатып алууга кызыкдар экенин билдирди:

“Эл аралык татаал геосаясий, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам калкты мунай продуктулары менен камсыздоо маселеси өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Мындан улам кыргыз тараптын чөлкөмдүн өлкөлөрүнөн мунайды базар баасында сатып алууга жана бул тармакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирем. Мунай продуктуларын жана электр энергиясын Борбор Азия өлкөлөрүнө жеткирүү маселеси бир тууган мамлекеттердин артыкчылыктуу кызыкчылыктарына жооп берет деп ойлойм”.

Июль айында Ысык-Көлдө жолугушканда Кыргызстан менен Азербайжан жетекчилери мунай жаатында алака түзүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Документтин шарттары боюнча дагы кошумча сүйлөшүүлөр болору айтылган.

Канат Эшатов
Канат Эшатов

Арийне, ал макулдашуулардан азыркы күнгө чейин конкреттүү жыйынтык көрүнө элек. Азербайжандан Кыргызстанга мунай алып келүү ишке аша электигин Кыргыз мунай жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов да айтууда.

“Бүгүнкү күндө ал жакта жайгашкан компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мамлекеттик келишимдер жок бүгүнкү күндө. Ал жерде көп нюанстар бар. Ошонун баарын такташ керек. Кандай болот? Кайсы сапатта, кайсы баада? Анан кийин, кайсы жерге келиш керек? Биз ал жактан алып кетишибиз керекпи же биздин Луговое станциясына алып келип береби? Ошондой көп маселелер бар, аларды чечкенден кийин гана келишимдерге кол коюлат. Анан кийин биздин компаниялар ал жактан сатып алып, Кыргызстанга ташып келишет”.

Орусиянын Украинага каршы ачкан согушундагы соңку кырдаалдын кесепети орус мунай продукциясын импорттогон Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө тийип жатат. Бул республикаларда бензиндин, дизелдин тартыштыгы сезилип, баасы кескин өстү.

Орусиядан күйүүчү май алып келген Кыргызстандын бийлиги түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн бардык айла-амалды караштырып жатканын бир нече жолу билдирди.

Расмий Бишкек өлкөдөгү кара май кризисин чечүү үчүн Казакстан, Беларус, Кытай баштаган бир нече өлкө менен сүйлөшүп жатканын шардана кылган. Мындай өлкөлөрдүн катарында Азербайжандын SOCAR мамлекеттик мунай компаниясы да бар экенин кыргыз бийлигинин өкүлдөрү “Азаттыкка” билдирген эле.

Түркмөнстандагы жыйында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да жалпы чөлкөмдү күйүүчү май менен камсыздай турган мунай заводун куруу сунушун көтөрдү:

“Артыкчылыктуу энергетикалык долбоорлордун тизмесин түзүүнү жана аларды биргелешип каржылоонун механизмдерин аныктоону сунуштайм. Бул планда мен Чолпон-Атадагы жолугушууда көтөргөн маселенин актуалдуулугун кайрадан белгилегим келет. Бул бүт чөлкөмдүн керектөөсүн камтый турган заманбап технологияларга негизделген ири мунай заводун куруу долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча”.

Рахмон бул сунушун июль айында чөлкөм президенттеринин Чолпон-Атадагы жолугушуусунда да билдирген болчу.

Тажикстандын күйүүчү май рыногу дагы Орусиянын заводдорунан абдан көз каранды болгондуктан соңку каатчылык Дүйшөмбүнү дагы мунай импортун диверсификациялоого аргасыз кылып жатат. Муктаждыгын камсыздоо үчүн Тажикстан жайында Ирандан жылына 2,5 млн тонна күйүүчү май сатып алуу боюнча макулдашып жатканы жарыяланган.

Каатчылык кыргыз өкмөтүн өз аймагында күйүүчү май өндүрүшүн көбөйтүү ойлорун кайра карап чыгууга түртүп жатат. “Жунда” заводунун кубаттуулугун арттыруу, заманбап жаңы завод куруу ниетин жарыялады.

Иран бийлиги сентябрдын башында Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагындагы жолугушууда Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод курууга даярдыгын билдирген. Кыргыз өкмөтү да мындай сунушка кызыкдар болуп тургандай. Арийне, аны ишке ашырууну олуттуу татаалдыктар коштошу мүмкүн.

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев Иран менен байланышкан завод куруу долбоору реалдуу экенин, бирок ал бир катар себептерден улам дароо ишке аша койбой турганын айтат:

“Алар бизге даяр бензинди сата албайт, мунай да сата албайт. Анткени “Жундага” бара турган темир жол жок. Алар “биз завод куралы” деп айтып атышат. Ага 2-3 жыл кетет, ал мезгилде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу даяр болот. Согуш да бүтүшү ыктымал. Кандайдыр бир чечимге келсе АКШнын санкциясы да жарым-жартылай чечилиши мүмкүн. Ошол кезде анан мунайды темир жол менен бизге жеткире алат. Анда бизде мунайды иштетүүчү заводдордун мааниси пайда болот. Анткени биз жабдыктарды Кытайдан алып келебиз. Ирандыктар куруп берет, жабдыктардын көбү Кытайдыкы болот. Ошондо Иранда өзүнүн чийки мунайын сатканга мүмкүнчүлүгү пайда болот. Азыр биздин мамлекет ал сунуштарды кабыл алса, бир гана маселе туруп калат. Бул АКШга түшүндүрүп, дипломатиялык жумушту жүргүзүш керек. Экинчиден, жер бөлүп берүү жана кошумча каражат табуу. Анткени ирандыктар куруп беребиз деп атышат, төлөйбүз деген жок”.

Орусиядагы каатчылыктан улам Кыргызстандын мунай рыногу күйүүчү майдын тартыштыгын жон териси менен сезип жатат. Орус заводдорунан келген күйүүчү майдын көлөмү кескин азайган, АИ-95 маркасындагы бензин токтогон. Өкмөттүн сүйлөшүүлөрүнүн аркасында Беларус менен Кытайдан бир аз көлөмдө күйүүчү май келип жатканы айтылат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Орусия менен айына 100 миң тоннадан күйүүчү май жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнү кабарланган. Бирок ал келишим ишке ашкан-ашпаганы белгисиз. Анткени тартыштык токтогондун ордуна күчөгөндөн күчөп келет.

Келген мунайдын импорттук баасы жогору болгондуктан өкмөт дүң баа менен чекене баанын ортосундагы айырмачылыкты жеткирүүчү компанияларга бюджеттин эсебинен төлөп берип келет.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG