Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Жапаров Кыргызстан Азербайжандан күйүүчү май сатып алууга даяр экенин айтты

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Азербайжандан мунай азыгын базар баада сатып алууга жана бул жаатта биргелешкен ишканаларды өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 8-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтканын vesti.az сайты жазды.

“Жакынкы Чыгыштагы татаал кырдаалды эске алуу менен, Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдөн күйүүчү-майлоочу материалдарды рыноктук баада сатып алууга, ошондой эле бул жаатта биргелешкен ишканаларды ишке ашырууга даяр”, - деген Садыр Жапаров.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азияда ири мунай иштетүүчү завод куруу сунушун дагы бир жолу айтканын Тажикстандын жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады. Мындай демилгени ал 31-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда да көтөргөн.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.

Ушундан улам Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү боюнча Орусиядан тышкары Беларус, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып жатат. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин айткан.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG