Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин, ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар экенин билдирди.
Ал өкмөттүн биринчи милдети - элди кара май менен камсыздоо экенин айтып, күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташын дүйнөлүк рыноктогу абал менен байланыштырды.
“Орусиянын өзүндөгү чектөөлөргө карабастан бизге колдоо көрсөтүп, күйүүчү майды Кыргызстанга жеткирүү кайра жанданат жана сапатынан, көлөмүнөн маселе болбойт”, - деди ал.
Буга чейин Данияр Амангелдиев 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун айткан.
Орус бийлиги күйүүчү-майлоочу майды экспорт кылууга салынган тыюуну 2027-жылдын 31-январына чейин узарткан. Бирок 1-сентябрдан баштап өкмөттөр аралык келишимдердин жана гуманитардык жардамдын алкагында сыртка чыгарууга уруксат берилген.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы 20-июлда орус жергесиндеги дрондордун чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдордогу соңку кырдаалга байланыштуу Орусиядан Бишкекке мунай ташуу дээрлик токтогонун маалымдаган. Ушундан улам Кыргызстанда бензиндин, солярканын баасы көтөрүлүп, айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин менен солярка жок болуп жатат.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда Кытай Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө берген убадасынын негизинде күйүүчү-майлоочу майдын биринчи топтомун Бишкекке жөнөткөнүн айткан. (BTo)
Шерине