Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларус, Армения, Кытай жана башка бир катар өлкөлөрдүн ишкерлери Украинанын Куралдуу күчтөрү Wildberries компаниясынын объектилерине жасаган чабуулдарынан улам миллиарддаган чыгымга учурады. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Татьяна Ким видео кайрылуусунда билдирди.
"Ошондуктан бизге жасалган соккулар - бир эле учурда он өлкөдөгү жүз миллиондогон адамдарга жасалган сокку", - деди Ким.
Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү ошондой эле компания күн сайын өз объектилерин коргоону күчөтүп жана дрон чабуулдарынын көпчүлүгүнүн мизи кайтарылып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, компаниянын объектилери жеткиликтүү коргонуу каражаттары менен жабдылган.
Татьяна Ким кампаларга жасалган дрон чабуулдарын террордук аракеттер деп атап, юридикалык жактан мындай окуялар форс-мажордук жагдай болуп саналарын билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча мындай чыгымдардын орду толтурулбайт жана бул шарт келишимде бар-жоктугуна карабай колдонулат.
Ошол эле учурда Ким өкмөт менен биргеликте жабыркаган ишкерлерге жардам берүү системасы иштелип чыгып жатканын билдирди. Компания товарлары бузулган же жок кылынган сатуучуларга төлөмдөрдүн эки траншы бөлүнгөнүн, кийинки жумадан тартып эң көп жабыркаган аймактардагы ишкерлер менен бетме-бет жолугушуулар өткөрүлө баштай турганын айтты.
Татьяна Ким ошондой эле украин тараптын Wildberries аскердик багыттагы товарларды сатат деген айыптоолорун четке какты.
Украина Wildberries компаниясынын кампаларына сокку урууну 18-июлда баштаган. Ошондон бери чабуулдар дээрлик күн сайын болуп жатканы кабарланууда. Маркетплейстин кампаларына жасалган чабуулдардан ондой адам каза болду, арасында Тажикстандын бир жараны бар.
Расмий Киев бул соккуларды маркетплейс Орусия логистикасынын "өтө маанилүү бөлүгү" экендиги менен түшүндүрүп келет. Украин бийлиги Wildberries аркылуу Орусияга аскердик жабдуу, анын ичинде рациялар, ок өтпөс жилеттер жана дрондор үчүн компоненттер жеткирилүүдө деп эсептейт.
Бул аптада "Коммерсант" гезити Wildberries Казакстандан кампа издей баштаганын жазды. Бирок Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги орусиялык маркетплейстен өлкөдө кошумча кампа жайларын жайгаштыруу боюнча расмий кайрылуу түшпөгөнүн билдирди.
Wildberries'тин кампаларына чабуулдардан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкер товары күйүп кеткенин айтып чыккан.
Шерине