Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:09

"Согушка алып кетпейби?" Орусия полициянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн кеңейтет

Орусиянын полиция бөлүмүндөгү мигрант аял
Орусиянын полиция бөлүмүндөгү мигрант аял

мазмуну

  • Орусия Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн кеңейтип, макамын аныктоодо.
  • Орус президенти Владимир Путин Кыргызстан менен ИИМ өкүлчүлүктөрү тууралуу макулдашууну апта башында ратификациялады.
  • Макулдашуу "мыйзамсыз миграцияга, трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизат аткезчилигине каршы кызматташууну күчөтүү жана миграциялык процесстерди натыйжалуу жөнгө салуу максатын көздөйт" деп айтылган.
  • Айрымдар муну кооптонуу менен кабыл алып, согуш учурунда мындай зарылчылык канчалык эле деген суроо коюп жатышат.

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, өкүлчүлүк мурда миграция маселелери боюнча гана иш алып барса азыр ИИМдин расмий өкүлчүлүгү катары дагы иштейт. Бул мигранттар үчүн мүмкүнчүлүкпү же көзөмөлдүн күчөшүбү? Кыргызстандын дагы миграция жана ИИМ өкүлчүлүгү Орусиянын айрым шаарларында иштейт.

Орусиянын президенти Владимир Путин апта башында ички иштер жана миграция боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамына кол койду. Макулдашууга былтыр 26-ноябрда Бишкекте кол коюлган. Бул тууралуу бир катар орусиялык маалымат каражаттары жазып, документ укуктук маалыматтар порталына жарыяланды.

Ага ылайык, эки өлкөнүн тийиштүү мекемелери трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө биргелешип кызматташат. Ошондой эле документ миграциялык процесстерди жөнгө салуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган.

Муну менен ИИМдин 2017-жылдан бери иштеп жаткан Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктары кеңейип, штат көбөйөт. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери дипломатиялык артыкчылыктар менен иммунитетке ээ болушат.

Анткен менен өкүлчүлүктүн төрт жылдан бери токтобой, жүздөгөн борборазиялык мигрант тартылып жаткан согуштун тушунда кеңейишине тычсыздануу айтылууда. Айрымдар "күзүндө мобилизация болот" деген сөздөр айтылып жаткан чакта Орусиянын өзүндө согушка чакыруу алып, бирок өлкөдөн чыгып кеткендерди аныктоо аракети болушу ыктымалдыгын жазышты.

"Биздин ИИМдин өкүлчүлүгү Орусияда көптөн бери эле иштеп жатат. Ал эми Орусия аскерге чакыруу алып, андан качкандарды аныктап, аларды кармап, фронтко жөнөтүшү мүмкүн. Демек мобилизация жарыяланат өңдүү", - деп жазган Султан аттуу соцтармактын колдонуучусу.

"Бул Орусиянын өзүнө гана пайдалуу, биздин мигранттардын иши мындан оңолуп кетпейт. Сахароводо кандай кыйнаса, ошол ошондой эле улана берет", - деген Таалай аттуу жаран.

Өзүн Бактыгүл деп тааныштырган маектешибиз Кыргызстандагы өкүлчүлүктүн кеңейтилип жатышына ичи чыкпай турат. Ал буга чейин мигранттарды убактылуу кармаган Сахарово борборунда кыйноого кабылганын айтып чыккан мигранттардын бири. Өзү Орусиядан депортация болгон:

"Кыргызстандын канчалаган жарандары Орусиянын жарандыгын алган да. Алар өз мекенине келсе, кайра аларды кармап кетиши ыктымалбы деген суроо жаралат. Бала-чакасы менен ошол жакта миграцияда жүргөндөр бар. Кокус согушка тарта турган болсо балдары эмне болот?"

Орусиянын ИИМинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кандай иштейт, ыйгарым укуктары кандай болот, эки өлкө органдарынын маалымат алмашуусу кандай жүрөт? Азырынча расмий жооп ала элекпиз.

Мигранттар менен иш алып барган юрист Мирлан Токтобеков өкүлчүлүк буга чейин деле иштегенин жана согушка баруудан качып жүргөндөрдү издеп, кармоого Кыргызстандын мыйзамдары жол бербей турганын айтууда:

Мирлан Токтобеков.
Мирлан Токтобеков.

"Бул өкмөт аралык келишимдердин негизинде гана жүргүзүлгөн формалдуу көрүнүш. Анткени өкүлчүлүктөр буга чейин деле болгон, азыр анын макамын гана аныктап жатат. Орусияда Кыргызстандын миграция өкүлчүлүгү бар болчу буга чейин, эми бул кызматтын эле эмес Эмгек жана социалдык министрлигинин өкүлчүлүгү болуп чоңойтулат экен. Эки өлкөдө тең ИИМдин өкүлчүлүгү мурда эле бар болчу. Анын үстүнө Орусияда миграция кызматы биздикиндей Эмгек министрлигине эмес ИИМге карайт. Ошол түшүнүктөрүн гана бириктирип жатат. Азыр актуалдуу болуп жаткан Кыргызстандын аймагында согуштук аракеттерден качып жүргөн кишилерди издөө, аларды кармап, Орусияга өткөрүү боюнча эч кандай иштерди деле алып бара албайт. Орусиянын аймагында кылмыш кылып, качып жүргөндөр болгондо гана Кыргызстандын укук коргоо органдарына маалымат берип, кыргыз милициясы кармап анан Орусияга өткөрөт азыр деле. Бирок ушул жерде суроо жаралышы мүмкүн. Анткени Орусияда аскерден качкандарды кылмышкерге теңеп жатпайбы. Бирок бул деле кооптуу жагдайга айланып кетиши мүмкүн дегенден алысмын, анктени Кыргызстан орус-украин согушунда нейтралдуулукту карманып турат. Ошондуктан массалык кармап, Орусияга өткөрүү иштери болбойт деп ойлойм. Мындан сырткары өкүлчүлүктүн кызматкерлери өздөрү Кыргызстандын аймагында кармоо иштерин жүргүзө албайт, бул эл аралык нормага жатпайт жана Кыргызстан буга уруксат бербейт".

Орусияда 2022-жылы мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстанга он миңдеген орус жараны качып келген. Кийин алардын теңинен көбү өз өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө чыгып кеткен. Азыр алардын канчасы жашап калганы же чыгып кеткени боюнча так маалымат жок. Айрымдары Украинадагы согушка каршы позициясы үчүн Бишкекте коркутуп-үркүтүүгө тушугуп жатканын айтып чыгышкан.

Айрым активисттер Бишкекте кармалып, камалгандан кийин кыргыз бийлигинен башпаанек дагы сурашкан. Согушка каршы чыккан активист Алексей Рожков дагы Бишкекте кармалып, Орусияга экстрадиция кылынган. 2025-жылы майда ал 16 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болгон.

Орусияда Украинага каршы согушту ачык айыптап чыккан активист "террорчулук" тууралуу доонун негизинде соттолгон. Ал 2022-жылы куугунтуктан улам Кыргызстанга качып келген.

"Абийириме таянып, жалпы адамзатка таандык болгон моралдык принциптерди тутуп, согушка каршылыгымды билдиргем. Бул протестимден эч ким жабыркаган жок", - деген активист соттогу акыркы сөзүн сүйлөп жатып.

Соттун өкүмү менен Рожковго интернеттеги сайттарга жана каналдарга администратор болууга тыюу салынганы, терроризмди актоо жана орус армиясы тууралуу фейк маалыматтарды таратуу жөнүндөгү айыптар ал Кыргызстанда жүргөн кезинде “Ходорковский LIVE” программасына курган маегинен кийин тагылганын "Медиазона" жазган.

Тергөөнүн материалдарында Рожков 2022-жылы 11-мартта "анархиялык көз караштарга таянып, "Молотов аралашмасы" куюлган бөтөлкөнү Березовский шаарынын аскердик комиссариатына ыргытып, өрттөөгө аракет кылганы" жазылган.

Мындан сырткары орус паспортун алган ондогон кыргыз тектүү жаран аскерге чакыруу алгандан кийин же согушка барбоо үчүн өз мекенине келе берген учурлар жок эмес. Алар көп учурда пикирин коопсуздуктан улам ачык айтып берүүнү каалашпайт.

Мигранттар менен иш алып барган "Инсан-Лейлек" уюмунун жетекчиси Гүлнара Дербишева өкүлчүлүктүн азыркы шартта кеңейип, макамын аныктап жатышынын бир нече себептерин жана божомолун айтып өттү:

Гүлнара Дербишева
Гүлнара Дербишева

"Негизи бул эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташуусу жөнүндө гана келишим эмес. Бул, биринчиден, Кыргызстандын эгемендигин, өзүбүздүн жарандарыбыздын укуктарын коргоо, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө дагы келишим. Ккайсы өлкө болбосун, өзүнүн күч органдарынын филиалын башка өлкөлөрдө ачканда анда ошол өлкө ыйгарым укуктарын кеңейткиси келип атат деп түшүнсөк болот. Эгер андай болсо жөнөкөй жарандардын укуктары кандай болот, мигранттардын персоналдык маалыматтары, кандай маалыматты Кыргызстан менен Орусия бири-бири менен алмашат, ошону билишибиз керек. Мындай учурда маалымат кандай корголот жана кандай маалымат кетип жатканын ким көзөмөлдөйт, ошол суроолорго жооп алгым келет эле. Албетте, Орусия биринчи кезекте өзүнүн кызыкчылыгын ойлойт. Ал эми Кыргызстандын кызыкчылыктарын ким коргойт? Булар миграциялык көзөмөлдү күчөтөбүз, маалымат алабыз деп атат. Бирок маалыматты кантип колдонот? Репрессиялык жакка колдонобу, ошону дагы биз өзүбүз ойлонушубуз керек. Маселе коомдук талкуудан өтсө жакшы болот эле. Эксперттердин пикирин угуп, парламент дагы кылдат көзөмөлдөшү керек. Эки мамлекет кызматташканына эч каршы эмеспиз, бирок кызматташуу тең укуктуу болушу керек. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы сөзсүз корголушу керек".

Орусияда күзүндө мобилизация болот деген кептер айтыла баштады. Муну расмий бийлик ырастай элек.

Ал арада Орусияда миграциялык каттоонун жаңы системасы, чет элдик жарандар үчүн санариптик профиль күчүнө кирди.

"Мемориал" борбору жарыялаган отчетко ылайык, мигранттар "байкоонун, көзөмөлдөөнүн жана репрессиянын жаңы ыкмаларын сынап жаткан "пилоттук" топко айланды".

30-июндан тартып толук ишке кирген жаңы санариптик миграциялык каттоо системасы "ыңгайлуу административдик кызмат" сыяктуу. "Бул мамлекетке чоң көлөмдөгү жеке маалыматтарды чогултууга, бириктирүүгө жана талдоо жүргүзүүгө жана жеке адамдарды башкарууга мүмкүндүк берген чоңураак инфраструктуранын бир бөлүгү", - деп жазды "Свобода".

Орусияда Кыргызстандын миграция мекемесинин жана ИИМинин өкүлчүлүгү бар. Кыргызстандын милиция кызматкерлери Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында 2024-жылы ноябрдан тартып иштей баштаган. Бул шаарларда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү ачылган.

"Биринчиден, орусиялык кесиптештерибиз менен биргеликте Кыргызстандын жарандарынын үстүнөн укук коргоо органдарынан арыз түшсө, иш алып барабыз. Мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз", - деген ИИМдин Орусиядагы өкүлү болгон Нурдин Жороев.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өзүнүн Москвадагы өкүлчүлүгүн 2022-жылы ноябрда ачкан. Өкүлчүлүк Орусиядагы кыргызстандыктарга миграция маселелери жана жарандардын мыйзамдуу ишке орношуусуна көмөк көрсөтөрү айтылган. Мындан сырткары өкүлчүлүк каза болгондордун сөөгүн мекенине кайтарууга байланышкан төлөмдөр, иш берүүчүлөр менен талаш-тартыштар, анын ичинде эмгек акысын ала албаган жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо иштери менен дагы алектенет.

ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн билдирген. Миграция министрлигинин быйыл майдагы маалыматы боюнча, 268 460 жаран миграциялык каттоодо турары айтылган. Ал эми июндагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын 104 миң 500 жараны Орусиянын “кара тизмесинде” турат, андан тышкары дагы 90 миң 721 кыргызстандык бул өлкөнүн көзөмөл реестрине киргизилген.

Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоорунун маалыматына ылайык, "Орусия негизсиз масштабдуу бастырып кирген төрт жылдан ашуун убакта 13 миңге жакын борборазиялык орус армиясы менен келишим түзгөн. Борбор Азиядан барган 80 миңдей адам Орусияда аскердик кызмат өтөө үчүн каттоого алынган".

Бул долбоор согушка кетип дайыны чыкпай жаткандарга байланыштуу 200 миң арыздын 500ү кыргызстандыктардан түшкөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Бирок Борбор Азия өлкөлөрү Орусия Украинага бастырып кирген төрт жылдан ашуун убактан бери бул согушта канча жараны каза болгону же согушка тартылганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Тек гана башка өлкөнүн согушуна катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын кайталап келишет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG