Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Бишкек: он күндүн ичинде орусиялык үч активист кармалды


Иллюстрациялык сүрөт. Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин өлкөсүнөн чыгып бараткан орус жарандары.
Иллюстрациялык сүрөт. Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин өлкөсүнөн чыгып бараткан орус жарандары.

Кыргызстанда камакка алынган эки орусиялык активист башпаанек сурап кайрылды. Активисттер Алена Крылова менен Лев Скорякиндин өтүнүчтөрү Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине расмий тапшырылган.

Аталган министрлик өтүнүчтөрдү карап, “Башпаанек сураган адам” деген күбөлүктү берүү же бербөө маселесин чечет. Ушул айдын башында согушка каршы чыккан активист Алексей Рожков Бишкекте кармалып, Орусияга экстрадиция кылынган.

"Башпаанек берилбесе, экстрадицияга жол ачылат"

Соңку он күндүн ичинде Кыргызстанга качып келген орусиялык үч активист Бишкекте кармалды. Орусиялык активист Алена Крылова Биринчи май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) камалганы 11-июнда белгилүү болду. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастап, 4-июлга чейин камакта болорун билдирди.

Крылова Орусиядагы "Адам укуктары үчүн" кыймылынын мурдагы маалымат катчысы болгон жана ал бул өлкөдө экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу. Аны менен кошо дагы беш кишиге "мекенинде экстремисттик бирикме түзгөн” деген негизде кылмыш иши козголгон.

"Солчул каршылык" кыймылынын ишмердигин Орусиянын укук коргоо органдары "бийликти каралоо жана полиция менен кагылышууларга алып келген митингдер, жүрүштөр жана пикеттер" деп мүнөздөйт.

Активисттин адвокаттары соттун чечимине каршы арыз беришкен. "Адилет" укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыровдун айтымында, Крылова Кыргызстандан башпаанек сурап, расмий түрдө өтүнүч келтирди. Ошондуктан качкын макамын берүү же бербөө чечими кабыл алынганга чейин аны өлкөдөн чыгарууга болбой турганын белгиледи.

"Аталган мекеме азыр иштеп баштады. Биз кат менен кайрылдык. Тергөөнү Свердлов райондук милициясы жүргүзүүдө. Адвокаттар кармалган жаранга ордердин негизинде кирсек, министрликтин өкүлдөрү тергөөчүнүн уруксаты менен гана кире алат. Биз тергөөчүдөн уруксат алуу боюнча кайрылдык. Эми тергөөнүн жообун күтөбүз, эгер күбөлүк берилсе суроолор чечилет. Кыргызстан негизи качкындар жөнүндө конвенцияга Жогорку Кеңештин эки токтому менен кошулган. Эгер башпаанек берилбей калса, анда Орусияга экстрадиция кылууга жол ачылат", - деди жактоочу.

Орусиялык активист Кыргызстанда кандай шартта кармалганы тууралуу маалымат тергөөнүн жана активисттин кызыкчылыгы үчүн айтылган жок.

9-июнда Орусиянын бийлиги издөө салган "Солчул блок" (Левый блок) кыймылынын активисти Лев Скорякин Бишкекте кармалган. Бул маалымат алгач аталган кыймылдын Телеграм-каналына жарыяланып, Скорякин жана кыймылдын дагы бир активисти Руслан Абасовго карата Орусия 2021-жылдын декабрь айында "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун жазган. Абасов мындан сырткары вандализмге айыпталууда.

Аларга кылмыш ишин козгоого коопсуздук кызматкерлеринин күнүндө Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратынын жанында өткөн митинг себеп болгон. Активисттер ФСБнын Москванын Түштүк-Батыш округу боюнча бөлүмүнүн жанында от жагып, "Чекисттердин күнү менен!" деген баннерди илип коюшкан. Андан соң Скорякин менен Абасов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жети айдан кийин алар абактан чыгарылган. "ОВД-Инфо" басылмасы ушул жылдын 10-январында Абасовго издөө жарыяланып, Скорякиндин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн жазган. 27-январда Скорякин Орусиядан чыгып кеткен, февраль айында ал сыртынан соттолуп, апрелде издөө жарыяланган.

"Солчул блок" кыймылынын ысымын атагысы келбеген мүчөсү Скорякин ФСБ имаратынын жанындагы митингге катышпаганын "Азаттыкка" курган кыска маегинде айтты. Скорякин Кыргызстанга ушул жылдын февраль айында келип, башпаанек алууга аракет кылып жүргөн.

Орусиядагы "Солчул блок" ("Левый Блок") кыймылынын активисти Лев Скорякин.
Орусиядагы "Солчул блок" ("Левый Блок") кыймылынын активисти Лев Скорякин.

"ФСБнын алдындагы ошол акциядан кийин күч органдары "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул берене боюнча 7 жыл абакка кесилет. Ошондон кийин активисттер Лев Скорякин менен Руслан Абасов кармалган. Жети айдан ашык убакыт СИЗОдо отургандан кийин айрым чектөөлөр менен абактан чыгышкан. Алар өлкөдөн чыгып кетүүнү чечишип, Скорякин Кыргызстанды тандаган. Маанилүү жагдайдын бири - Лев Скорякин ал акция болгон жерде жок болчу. Ал азыр деле 7 жылга соттолуп кетиши ыктымал. Анткени иш жабылган эмес. Эки активистке тең Москва сотунун чечими менен издөө жарыяланган. Кыргызстандын күч түзүмдөрү Орусиядагы "кесиптештеринин" өтүнүчү менен чак түштө саясий эмигрантты кармап беришкени өкүнүчтүү. Ага карата тынч митингдерди өткөргөнү үчүн кылмыш иши жасалма ачылганы ачык эле көрүнүп турат. Ошентсе дагы Кыргызстан биздин тарапташыбызды өткөрүп бербейт деп ишенебиз", - деди "Солчул блок" кыймылынын өкүлү.

Патрулдук милиция Скорякинди Бишкектин чок ортосунан видеокөзөмөл аркылуу таанып, кармаган. Ал Свердлов райондук соттун чечими менен бир айга убактылуу кармоо жайына камалды.

Соңку он күн ичинде Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүндө мамлекет аралык издөө жарыяланган 57 адам сырткы видео көзөмөл системасы аркылуу аныкталып, милицияга жеткирилгени белгилүү болду. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 2-июндан тартып Кыргызстандын аймагында КМШда мамлекет аралык издөөгө алынган адамдарды видео көзөмөлдөн жүзүнөн таанып, аныктоо системасы иштей баштады.

Жеткирилгендердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары экени, алар КМШ өлкөлөрүндө уурулук, алдамчылык, документ жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, издөөгө алынганы, айрымдары 8-9 жылдан бери издөөдө жүргөнү маалымдалды.

"Чет мамлекеттердин, анын ичинде Орусиянын жана Өзбекстандын жараны болгон төрт адам кармалды. Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди), бейбаштык, документ жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөр бар", - деп билдирди ИИМ.

"Кыргызстанда калуу коопсуз болбай калды"

6-июнда согушка каршы чыгып, аскер комиссариатын өрттөдү деп айыпталган активист Алексей Рожков Орусияга депортацияланганы белгилүү болгон. Ал убактылуу тергөө абагында экенин укук коргоочу "Тилектештик аймагы" ("Зона солидарности") долбоору кабарлады. Аталган долбоордун укук коргоочулары Свердлов облусунун Березовск шаардык соту активистке карата кылмыш ишин кароону жандантканын билдирүүдө.

Долбоордун маалыматына караганда, Орусияда Рожков активисттердин арасынан алгачкылардан болуп согушка каршы чыккан. Ал каршылык иретинде 2022-жылы мартта аскер комиссариатына өрт койгон учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Орусиялык активист Алексей Рожков.
Орусиялык активист Алексей Рожков.

Башында ага карата "Бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аскер комиссариатынын имаратында күзөтчү болгон жана бул тууралуу Рожков билген. Күзөтчү жабыркаган эмес, өрт өчүрүлгөн. Ошол эле маалда Рожковду кармаган полиция имаратта эч ким жок экенин билдирген.

Кийин Рожковго козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлүп, ("Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу аракети") активисттин баш коргоо чарасы каралып, өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Орусиянын Башкы штабы "аскер комиссариаттарынын өрттөлүшү теракт катары караларын жана 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы болорун" жарыялагандан кийин Рожков Орусиядан кетүүнү чечип, 2022-жылы декабрдын аягында Кыргызстанга келген.

"Тилектештик аймагы" кыймылынын мүчөсү, укук коргоочу Евгения Шамина активист Рожковдун кармалган жагдайын "Азаттыкка" айтып берди:

Евгения Шамина
Евгения Шамина

"Бизге Рожков менен байланыша албай жатканын, ал үйдө дагы жок экенин айтып байланышты. Ал активстти кармап кетиши ыктымалдыгын айтты. Ошол эле күнү Евкатеринбург сотунда соттук отурум тууралуу маалымат чыгып калды. 5-июнда анын Орусияда экенин тактап, адвокат жөнөттүк. Адвокатка айтканына караганда, аны Бишкектеги ижарага алган батиринен эртең менен кармап кетишиптир. Техникасын бүт алып, эч ким менен байланышууга мүмкүндүк берген эмес. Бардык буюмдарын алып алууну айтышкан, бирок деле толук уруксат беришпептир. Аны Орусиянын талабы менен кармап, дароо эле УКМКнын бөлүмүнө алып барышыптыр. Ал жакта кыйноолор болгон, коркутушкан жана ал кошуна бөлмөдөн башка бирөөлөрдүн кыйкырганын дагы угуптур. Бул өтө тез болуп кетти. Ошондуктан Орусияда издөөдө жүргөндөр үчүн Кыргызстанда калуу коопсуз болбай калды".

Шаминанын айтымында, 9-июнда Бишкекте кармалган "Солчул блок" кыймылынын активисти Лев Скорякин Орусияда издөөдө болгон. Аны тынч митингдерге катышканы үчүн куугунтукка кабылды деген негизде "Мемориал" укук коргоо борбору "саясий туткун" деп тааныган.

Укук коргоочу бул активисттер мурда кылмыш иши козголгону үчүн эмес, украинадагы согуштун фонунда кыргыз-орус бийлигинин тыгыз кызматташтыгынын негизинде кармалды деп эсептейт.

Ушундай жагдайлардан улам айрым укук коргоочулар Кыргызстанга качып келген активисттерди бул өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөй баштады.

Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстанга он миңдеген орус жараны качып келген. Кийин алардын теңинен көбү өз өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө чыгып кетишкен. Ушу тапта Кыргызстанда 30 миңдей релокант жашап жатканы айтылат. Соңку кезде алар Украинадагы согушка каршы позициясы үчүн Бишкекте коркутуп-үркүтүүлөргө тушугуп жатканын айтууда.

"Бул жагынан Беларуска окшоп жатат"

Ушул күндөрү орусиялык "Порнофильмы" тобунун Бишкектеги концерти үзгүлтүккө учураганы белгилүү болду. Владимир Путинге жана Украинадагы согушка каршы экенин билдирип келген музыканттардан турган топтун "Инстаграмдагы" расмий баракчасына жазыганына караганда, концерт 10-июнда Бишкектеги клубдардын биринде өтүшү керек болчу. Концерт өтө турган жерге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери барып, "музыканттарды коркутушкан".

"Биз концертти өткөрүү үчүн башка жайларды издедик. Бирок алардын баары биздин концертке уруксат берилбей турганын ачык эле билдиришти",- деп айтылат топтун билдирүүсүндө.

Мобилизациядан кийин Кыргызстанга качып келген орусиялык журналист жана активист Стас Захаркин соңку жагдайларды "жаңы саясий реалдуулук" деп атады. Ал көптөрү коркуп калышканын жана өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.

"Менимче, азыр болуп жаткандар - бул жаңы саясий реалдуулук. Соңку он күндө кармалган үч активист бул жерде бир нече айдан бери жашап жатышкан. Орусияда концертине тыюу салган топко Кыргызстанда да уруксат берилген жок. Биринин артынан бири болууда. Азыр Кыргызстан коопсуз болбой калды. Бул жагынан Беларуска окшоп жатат. Саясат менен алектенгендер Кыргызстанга барбай эле койгула деген маалыматтар тарап жатат. Мисалы, Рожковдун кармалганын эч ким билбей калды. Азыр көптөрү коркуп калды, көптөрү чыгып кетүүдө. Transparency International уюму Орусияда кылмыш иши ачылган, издөөдө болгон жарандарга колдоо көрсөтүп же өлкөдөн чыгарып кетүүгө жардам берүүдө", - деди Захаркин.

Буга чейин Бишкекте Орусиядан келген ыктыярчылар жана мигранттар түзгөн "Красная крыша" долбоору жабылганы жарыялаган. Бейформал кыймыл жергиликтүү күч органдарынын басымына кабылышканын билдиришкен.

Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети орусиялык активисттердин кармалышы жана билдирүүлөрү боюнча комментарий беришкен жок.

"Каалаган учурда кармап кетиши мүмкүн"

Кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова качкындар тууралуу мыйзам жакшы иштебей турганын билдирүүдө. Өзгөчө Украинадагы согуштун фонунда качып келгендерге жардам көрсөтүүнүн механизмдери жок экенин белгиледи.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Булар өлкөсүнөн качкан, качкындар да. Бизде "Качкындар жөнүндө" мыйзам бар, ратификациядан өткөргөнбүз. Бирок ошол конвенция, мыйзам Кыргызстанда жакшы иштебейт. Биз дайыма укук коргоочулар ушул жерге келгенде көп такалабыз. Мыйзамдын иштөө механизми жакшы эмес. Кээ бир өлкөлөрдө "мен согушка барбайм" деп качып келгендерге жардам берүү жолдору жолго салынган. Бизде таптакыр механизми жок болуп калды да. Жогорку Кеңеш эмнени гана карабайт, "кыздарды чет мамлекетке чыгарбайлы, турмушка чыккан кыздарды текшерели" дегенге чейин талкуулап жатышат. Бирок "мага тынчтык керек, согушпайм" деп келген миңдеген адамдардын маселеси, аларды коргоо механизми көтөрүлгөн жок. Алар аярлуу катмар боюнча эле арабызда жүрөт. Каалаган учурда кармап кетиши мүмкүн. Орусия көптөрүнө суроо-талап деле кыла албайт. Себеби кимиси кайда чыгып кеткенин билбей деле калды. Азыр башка өлкөгө чыгып кеткенден кийин дагы социалдык тармактарда аркылуу оюн билдирип жүргөндөрдү бир гана Кыргызстандан эмес башка өлкөлөрдөн дага таап, сурап жатышат. Башпаанек сураган, расмий каттоого алынгандардын убактысын узартып, үчүнчү өлкөгө чыгарууга колдообуз болгон менен Орусиядан, согуштан качып келгендердин 99% колдоосу жок калууда. Аларга кеңеш берүүгө дагы мүмкүнчүлүк болбой жатат", - деди укук коргоочу.

Мобилизациядан качкан орус жаранын депортациялаган учур Казакстанда дагы катталган.

Орусия өткөн жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан бери Борбор Азия анын ичинен Кыргызстанга келген орусиялыктардын агымы көбөйгөн. Алардын арасында кыргыз жарандыгын алууга ниеттенгендер да бар экени айтылып келет.

Кыргызстан Украина боюнча нейтралдуу позициясын улам кайталап, жарыялап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG