Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Орус жарандыгын алгандардын санаасы. Электрондук чакыруу мыйзамы күчүнө кирди


Орусиядагы аскер комиссариатына кирип бараткан улан.
Орусиядагы аскер комиссариатына кирип бараткан улан.

Орусиянын президенти 14-апрелде аскерге электрондук жол менен чакырган мыйзамга кол койду. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Адистер буга чейин жаңы эрежелер орус жарандыгын алган мигранттарга да түздөн-түз таасир этерин эскерткен.

Мамдума жана Федерация кеңеши 11-апрелде бир добуштан колдогон мыйзам аскерге чакыруу системасын түп-тамырынан өзгөрттү.

Владимир Путин кол койгон жаңы мыйзамга ылайык чакыруу "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталына жайгаштырылган күндөн тарта тапшырылган болуп эсептелет. Бул бардык аскерге жарактуу адамдарга тиешелүү эреже катары саналат.

Мигранттар санаасы

Орусиялык ТАСС агенттиги жарыялаган маалыматта жаңы мыйзам аскерге барууга милдеттүүлөрдүн реестрин түзүүгө жана аскерге жаңы ыкмалар менен чакырууга жол ачары жазылган. Мындай учурда повестка буюртма кат, же "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталынан электрондук түрдө, же Көп функционалдуу борборлор аркылуу келет. Буга чейин аскерге чакыруу жарандын өз колуна же жумуш берүүчү аркылуу тапшырылчу.

Аскерге милдеттүүлөрдүн реестрин аскер комиссариаттары түзөт. Ал жерде аскерге милдеттүү жаран тууралуу бардык маалыматтар камтылат. Реестрдеги маалымат медициналык уюмдарга, окуу жайларга, салык кызматына, күч кызматтарына жана башка тиешелүү мекемелерге берилет.

Жаңы мыйзамга ылайык аскерге чакыруу анын көчүрмөсү "Мамлекеттик кызмат" көрсөтүү порталындагы "жеке кабинетке" жайгаштырылган күндөн тартып тапшырылды деп эсептелет. Мындан кийин аскерге милдеттүү жаран аскер комиссариатына келмейинче ага өлкөдөн чыгууга болбойт.

Чакыруу тапшырылгандан кийин 20 күн ичинде комиссариатка келбеген жаранга кошумча чектөөлөр иштейт: ал жеке ишкер катары каттоого туруу, үй-мүлкүн каттатуу, автомобиль айдоо, насыя алуу укугун колдоно албайт.

Бул кабар Орусиядагы мигранттарды санаага батырды. Орус жарандыгын алган Сагын (аты өзгөртүлдү) аскерге электрондук жол менен чакыруу мыйзамын уккандан бери түпөйүл тартып жүргөнүн айтты:

“Аскердик билетимде "мобилизациянын экинчи толкуну менен чакыртылат" деп жазылып турат. Запастагы аскер деп коюптур. Телефондон улам жаңылыктарды карап коем. Бүгүн карасам жакында болот дейт. Мамлекеттик Думада жашы жеткен балдарды, анан келишимдик түрдө аскерге кызмат өтөгөндөрдү чогултары айтылган экен. Контракт түзгөндөр болсо, каалоочулар гана барат деп ойлоп койдум. Кыргызстанга кетейин десем, бала-чакам бул жакта. Кеткенге шарт болбой иштеп жүрөм. Кете берсемби деп кайра токтоп калдым. Дагы бир-эки ай тынч болуп турса, балдар каникулга тараганда кетсекпи деп турабыз”.

Адистер буга чейин жаңы эрежелер Украинадагы согуштан качкан орус жарандарына, анын ичинде Орусиянын паспортун алган мигранттарга каршы колдонуларын да эскерткен.

Орусиядагы Кыргыз диаспора кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков видео кайрылуу жасап, орус жарандыгын алган мигранттар бул өлкөнүн мыйзамына баш ийүүгө милдеттүү экенин эскертти.

“Эки-үч ай мурда биз көргөндөгүдөй мобилизация болбойт. Себеби, электрондук чакыруу тууралуу мыйзамдын кыргызстандыктарга тиешеси жок. Кыргызстандын жаранын орус армиясына чакырбайт. Болгону келишимдик негизде барып, акча алып ошол иштерге катышкан учурлар болушу мүмкүн. Орусиянын жарандыгын алган мекендештер болсо орус мыйзамына баш ийгенге туура келет. Себеби, жарандык алуу жоопкерчиликтүү иш”.

Жаңы мыйзам долбоорунан улам укук коргоочулар орус жарандыгын алган мигранттар үчүн 12 кадамдан турган кеп-кеңештерди иштеп чыккан. Алар эң башкысы - Орусиядан чыгып кетүү керек экенин белгилешүүдө. Эгер согушка алып кетүү коркунучу жаралса, ал тууралуу туугандарга, журналисттерге, укук коргоочуларга, айтор, болушунча көбүрөөк кишиге маалымат берүү керек. Кыргызстандык укук коргоочулар мобилизацияга кабылып, укугун коргой албай жаткан мигранттар үчүн +79643630136 байланыш номуру аркылуу укуктук кеңеш да берип жатышат.

Согуштан качкандар "чыккынчы" аталабы?

Орусия Украинага кол салгандан бери өлкөдөн чыгып кеткендердин саны арбыган. Мобилизациядан чочулагандардын айрымдары Кыргызстанга да келгени маалым. Электрондук чакыруу мыйзамы бул толкунду дагы күчөтүшү мүмкүнбү?

Жарандык активист Мирбек Маматкасым жакында эле Казакстандын Алматы шаарына барган. Кайра Бишкекке жол тартканда автобуста 80 пайыз орус жарандары келгенин байкаган.

“Автобуста 80 пайыз орусиялыктар, жашы 20-30га чейинки эркектер келишти. Баарынын колунда орус паспорту. Бирөө "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталынан аскерге электрондук чакыруу жиберүү мыйзамы аларды түйшүккө салып жатканын айтты. Согуш жакында токтобойт окшойт деп санааркап жатат”, - деди ал.

Мурат (аты өзгөртүлдү) мобилизация жарыяланары менен Кыргызстанга келе бергендердин бири. Ал Орусиядагы тааныштары менен тынымсыз байланышып турганын айтты:

“Аскерде кызмат өтөгөн, өтөбөгөндөрдү да чакырат экен деп орустар өздөрү качып жатса, карап турмак белек? Ал жактагы тааныштар менен сүйлөшүп жатам. Электрондук чакыруу мыйзамы президент кол койгондо күчүнө кирет деп жатышат. Мигранттардын көбү башка түшкөнүн көрөбүз деп жүрүшөт”.

Орусиялыктар өлкөдөн чыгып кеткенин бөөдө кан төккүсү келбегени менен түшүндүрүшөт. Бирок Кремлдин саясатын жактагандар аларды "чыккынчы" катары айыптаган учурлар бар. Буга чейин Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов өлкөдөн кетип жаткандарды жоопко тартуу керектигин айткан.

"Ыктыярдуу түрдө конституциялык милдетин аткарып жаткандар менен аскерден качкандарга бирдей мамиле болбошу керек. Ушундан улам аскерден качкандар жоопкерчиликке тартылышы керек".

Жаңы мыйзамга сын

Орусиядагы "Первый отдел" укук коргоо долбоорунун адвокаты Валерия Ветошкина "Настоящее Время" телеканалына кырдаалга "согуштук абал кирбеген учурдагы согуштук абалдын белгилери" деп баа берди. Ал ошондой эле өлкөнүн бардык аймагы цифровизацияга өтпөгөн учурда мындай мыйзамды кабыл алуунун кесепети тууралуу буларга токтолду.

"Система иштеген күндө деле, ката кетпейт деп айтууга болбойт. Кимдир бирөөгө чакыруу жетпей калса деле, система аны жетти деп эсептей берет. Мисалы, кимдир бирөө өлкө аймагынан чындап чыга албайт. Орусияда карызы бар адамдардын базасы түзүлгөн: бирөө насыясын төлөгөн эмес дегендей. Ал тизмеге киргенин чек арага барганда гана билет. Базада мүчүлүштүктөр абдан көп. Мен азыр дагы ушундай болот деп ойлойм. Айрым аймактарда жашаган адамдардын интернети жана компьютери жок. Мамлекет аларды компьютер менен камсыздоону ойлогон да жок. Элдин өзү чече турган проблема болуп калды".

Ветошкина жаңы мыйзам орус бийлигине чек араны жапканга жол ачып бергенин да белгиледи.

"Албетте, чек араны жөн эле жаап салуу үчүн укуктук негиз болушу керек. Азыр бул күлкү келтирет. Анткени бийлик укуктук процедураларды өзү сактабай калган. Чек араны жаап коюу "согуштук абал жарыяланбаган бирок ал өкүм сүргөн маалда" ыңгайлуу. Азыр ошондой болуп жатат".

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурдараак журналисттерге бул мыйзам долбоору аскерге чакырууну тартипке салууну гана көздөй турганын, элди дүрбөлөңгө салбоого жана эмиграциянын жаңы толкунун жаратпоого тийиш экенин айткан.

Айрым эксперттер аскерге электрондук чакыруу мыйзамы менен орус президенти Владимир Путин согушту узартууну - жаңы аймактарды басып алууну эмес, мурда оккупацияланган аймактарды кармап калууну көздөп жатканын айтышууда.

Орусия Украинага кол салып жарым-жартылай аскердик мобилиция жарыялангандан көп өтпөй Мамлекеттик Дума орус армиясында кызмат өтөгөн чет элдиктерге жарандыкты жеңилдетилген жол менен берүү мыйзамын да кабыл алган.

Орус бийлиги мигранттарды өзгөчө 2022-жылдын сентябрь айынан баштап "жарандык беребиз" деген убада менен согушка көбүрөөк тарта баштаганын борбор азиялыктар менен иштеген юристтер белгилеп келет.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына быйыл январь айында жарыяланган маалыматка таянсак, 2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.

Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык атуул Орусиянын жарандыгын алган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда жашап-иштеп жүрөт.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

XS
SM
MD
LG