Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

"Алардын тирүү кайтышы күмөн". "Вагнер" казак жарандарын кантип азгырууда?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Март айында Семей шаарында "Вагнер" жеке аскердик компаниясына жалданма болуп, Украинада каза болгон дагы бир казакстандыктын сөөгү коюлду. Казакстанда "Вагнерге" үгүттөгөн интернет-ресурстар эркин иштеп, өлкөнүн жарандары өз ыктыяры менен согушка аттанып жатышат. Бул Казакстанга кандай коркунучтарды алып келет? “Азаттыктын” казак кызматы бул суроолорго жооп издеген.

Семейдеги тажыя

Семейде жерге берилген 33 жаштагы жаран 2022-жылы 17-декабрда каза тапкан. "Кара кагазды" Владимир Путиндин досу, олигарх Евгений Пригожиндин "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жөнөтүп, артынан эле сөөгү келген.

"Артиллериялык аткылоодон улам каза болуптур", - деп үшкүрүнөт жакындарынын бири.

Маркум Орусияга өткөн жылы ноябрь айында кетип, бир айдан соң Украинанын түштүк-чыгышындагы Бахмут шаарында өлүм тапкан. Аталган аймак Украинадагы согуштун очогуна айланып, андагы Орусиянын негизги күчү "Вагнер" болуп атат.

Маркум Орусияга кеткенден кийин чанда гана байланышка чыгып, "Вагнер" боюнча эч нерсе айткан эмес. Жакын тууганы "Социалдык тармактан көрүп калса керек. Анткени ылгабай алып атышкан" дейт.

Чындыгында эле Казакстандын интернет айдыңында согушка азгырган жарнамалар кездешип калат.

"Вагнердин" интернеттеги азгырыгы

Google статистикасына караганда, Казакстан боюнча көбүнчө Түндүк-Казакстан, Караганда, Акмоло жана Чыгыш-Казакстан облустарынын жарандары "Вагнер" жалданма армиясы боюнча маалымат издешет.

Ушул жылдын февраль айында Байкоңур шаарынын орусиялык администрациясы Украинадагы согушка мобилизация болгон жана өз ыктыяры менен жөнөгөн жарандарга 260 миң рубль берүү боюнча токтом чыгарган.

"Байконур шаарынын мобилизацияланган жарандарына, ошондой эле ыктыярдуу түрдө атайын аскердик операцияга катышууга каалоосун билдирген. аскердик кызмат өтөөгө келишим түзгөн тургундарына социалдык колдоо чарасы катары бир жолку акчалай төлөм (260 мин рубль) белгиленсин", - деп жазылат аталган документте.

Казакстандын президентинин Байкоңурдагы атайын өкүлү маалымат бурмаланып жатканын, аталган токтом орус жарандарына гана тиешелүү экенин айткан.

"Вагнер" жеке менчик армиясынын согушка чакырган жарнамаларынын бири. Сүрөт 28-мартта Москва шаарында тартылган.
"Вагнер" жеке менчик армиясынын согушка чакырган жарнамаларынын бири. Сүрөт 28-мартта Москва шаарында тартылган.

Ошол эле учурда "Вагнердин" катарына кошулуу боюнча жарнамалар ачык булактарда жайнап эле жүрөт. Алардын администраторлору менен байланышууга аракет кылганыңызда, сиз талапкерлерге коюлган шарттар боюнча кенен маалыматты текст же аудио түрүндө жиберишет.

Ушундай улам "Вагнердин" үгүтчүлөрү Казакстанда да иштеп атат деген жыйынтыкка келсе болот.

Талапкерлерден Казакстандын айрым лабораторияларында жасалган медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жана башка документтердин топтому суралат. Жашы, кесиби, ошондой эле кайсы кылмыштар үчүн соттолгондугу маанилүү.

Талаптарга жооп берген адамдарга социалдык тармактардагы баракчаларын өчүрүп, Орусиядагы Краснодар шаарына жакын жайгашкан "Вагнердин" базасына баруу сунушталат. Жаныңа кнопкалуу телефон алууга уруксат берилет. Бул жараянды "жумушка орношуу", алты ай, же андан узакка созулган "иш сапар" деп аташат экен. Журналисттер менен байланышка чыккандар жол киренин чыгымдарын толугу менен компания көтөрөрүн айтып, ар кандай акчалай сыйлыктар боюнча маалымат берген.

"Бул үчүн Казакстанда камалып кетишибиз мүмкүнбү" деген суроого жооп бербей коюшкан.

Кылмыш жана жаза

Бул суроого жооп табуу кыйын эмес. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жалданып согушка катышуу, ушул максатта башка бирөөнү азгыруу, материалдык жардам көрсөтүү, окутуу кылмыш (170-берене) болуп эсептелет. Кылмыштын оордугуна карап 7 жылдан өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.

Бирок Казакстандын коопсуздук комитети "Вагнер" боюнча жооп берип атканда 172-беренени (Чет жактагы куралдуу кагылышууларга катышуу) мисал тартышат. Ага ылайык, эң катаал жаза 9 жылга чейин эркинен ажыратуу болуп саналат.

Казакстанда чет элдик куралдуу кагылышууларга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги 2014-жылы Украинанын Донецк жана Луганск облустарында согуштук аракеттер башталгандан кийин киргизилген. Ачык маалыматтарга караганда, Казакстанда 170-берене менен эч ким соттоло элек. Бирок 172-берене бир нече жолу колдонулган.

Бирок азыр актулдуу болуп аткан "Вагнердин" катарында согушка катышкандарга кылмыш иши ачылып-ачылбаганы такыр белгисиз.

Эксперт эмне дейт?

Казакстандын коопсуздук комитети жарандарды согушка азгыруу ачык жүрүп атканы боюнча суроого жооп беришкен эмес.

"Азаттыктын" казак кызматы "Вагнердин" ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди, жарандардын согушка аттануусуна себеп болгон жагдайларды Борбор Азиядагы кырдаалды 30 жылдан бери жазып жүргөн Брюс Панниер менен талкуулады.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча, эмне үчүн интернет булактарын жекече да, жапырт да жаап коюуга мүмкүнчүлүгү бар КНБ ишин аткарбай, үгүтчү топтор ачык иштеп атышат? Эмнеге жалданма аскерлердин изине түшпөй жатышат. Казакстан дайыма Орусия менен түз тирешүүдөн качууга аракет кылып жатат делген аргументтин колдонулбай жатышын башка себептери барбы?

Брюс Панниер: Казакстан сайттарды бөгөттөш үчүн алгач "Вагнерди" мыйзамсыз уюм катары таануусу керек деп ойлойм. Анткени Орусияда бул жөн гана жеке коопсуздук фирмасы. Башка өкмөттөр "Вагнерге" азгырылгандарды жалданманалар, же террорчулар деп эсептешет жана ушуга жараша кылмыш мыйзамдарды колдонушат.

Брюс Панниер
Брюс Панниер

Эгер Казакстанда ЧВК (жеке аскер компаниясы) мыйзамсыз, террористтик уюмдардын тизмесине кирбесе, анда анын катарына кошулгандарды эмне деп айыптоого болот? Казак бийлиги кандай себеп менен жарандарына Орусиядагы “жеке компанияга” иштөөп келүүсүнө тыюу салышы керек? Техникалык жактан алганда булар мыйзамсыз деп эсептелген чет элдик армияга кошулган жок да.

Мындай топтор боюнча мыйзамдар так жазылган эмес. Америкалык Blackwater компаниясы Иракта АКШ баштаган операция учурунда иш алып барган. Ирактын бийлиги аталган топтун өлкөнүн аймагындагы ишмердигин мыйзамсыз деп тапкан. Бирок Blackwater башка өлкөлөрдө иш алып барган. Ал эми Blackwater жоюлуп кетип, кийин башка ат менен пайда болду. Анын анын негиздөөчүсү Эрик Принс дагы деле дүйнөнү ээн-эркин кыдырып жүрөт.

Казакстан "Вагнер" тобун жалданма деп жарыяласа, орум президенти Путин "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин менен жакын экенин баары билет. Кээ бири топту Путиндин жеке армиясы деп эсептешет. Кремль аларга тиешеси жок экенин айтышы мүмкүн.

Бирок 2022-жылы күмөндүү себептерден улам Новороссийск порту күтүүсүздөн, убактылуу болсо да төрт жолу жабылып, бул токтоп калуулар Казакстандын мунай экспортуна таасирин тийгизгени баарыбыздын эсибизде. Жалпысынан экспорттолгон казак мунайынын 80% жакыны Орусия аркылуу өтөт.

"Азаттык”: Жалданма аскерге айлангандардын улуттук коопсуздукка кандай коркунучу бар?

Брюс Панниер: Менин оюмча, "Вагнерге" кошулган Борбор Азиянын жарандарынын кай бири акыры өлкөсүнө кайтып келишет. Кээ бири Орусиянын жарандыгын алып, ошол жерде калышы мүмкүн. Кайтып келгендерде психологиялык травма болушу толук мүмкүн. Алар айлана-чөйрөгө коркунуч жаратып, үй-бүлөсүнө кордук көрсөтүшү ыктымал. Бирок алар улуттук коопсуздукка коркунуч туудурбайт деп ойлойм.

"Азаттык: Негизи маселе кандай жол менен чечилиши керек?

Брюс Панниер: Жеке аскердик компанияларга эл аралык деңгээлде тыюу салынышы керек. Мындай иштер азыр деле жүрүп атат.

Согуштун эрежелерин аныктаган Женева конвенциясында берене бар. Анда "Жалданма жоокер туткун болууга укугу жок" деп жазылган. Эгер жалданма жоокер туткунга тушүп калса, анда анын эч кандай укугу жок. Кээ бир жоромолдор боюнча, жалданма адам кармалса, териштирүү жана сот жок эле өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Борбор Азиядагы мамлекеттердин бийлиги жеке аскердик компанияга кошулган жарандарын соңку 10 жыл ичиндеги Жакынкы Чыгышка баргандардай кабыл алышат.

Ошондо мага аймактагы мамлекеттердин өкмөттөрү Сирия же Ирактагы экстремисттик топко кошулууну каалагандарды баары бир өз мекенинде калтыргысы келбеген адам катары эсептегендей сезилди. Ал эми ал жакта өлүп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгондуктан, аларга "кете берсин" деген мамиле болгон.

Краснодар аймагындагы "Вагнердин" көрүстөнү.
Краснодар аймагындагы "Вагнердин" көрүстөнү.

ЧВКга кирүүнү чечкен Казакстандын жарандарына карата да ушундай мамиле болуп атат деп айтууга болот. Балким бийлик "эгер алар согушууга ушунчалык ынтызар болсо, аны башка жерде кылганы жакшы. Ал эми "Вагнердин" Украинадагы үрөй учурган жоготууларын эске алганда, мындай адамдардын Казакстанга кайтып келүү ыктымалдуулугу аз.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласынын түп нускасын толугу менен бул жерден окуңуз.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

"Озодлик" Москва облусунун Щелковский районундагы "Маврино" кыштагындагы көрүстөндө "вагнерчилер" көмүлгөнүн, алардын арасында өзбек, тажик жана кыргыз жарандарынын сөөктөрү жатканын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG