Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:38

Пентагондун жашыруун документтери. "Вагнер" Түркиядан курал сатып алууну көздөгөнбү?


Пентагон.
Пентагон.

Пентагондун Орусия жана Украина тууралуу айрым жашыруун документтери жарыяланып кетти. Азыр АКШ маалыматтардын ачыкка чыгып кетишинин чоо-жайын иликтеп жатат.

Ал арада Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия согуш ачкандан бери 178 миң аскерин жоготконун билдирди.

Бул аптада АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагондун жашыруун документтери Интернетке чыгып кетти. Орусиянын жана Украинанын аскердик дарамети тууралуу маалымат камтылган документтер АКШ эки өлкөнүн тең үстүнөн тыкыр көз салып жүргөнүн айгинелейт.

Документтерде февраль айынын башында "Вагнер" менчик аскердик компаниясы Украина жана Малидеги аскердик операциялары үчүн Түркия менен курал-жарак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат. Тараптар мунасага келген-келбегени белгисиз. Washington Post басылмасы Түркия НАТОнун мүчөсү болуп туруп, Орусиянын аскердик компаниясына курал-жарак сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, анын аброюна чоң сокку болуп каларын белгилейт.

Документтерде Кытайдын Украинадагы согушка карата позициясы да баяндалат. АКШнын чалгын кызматынын баяндамасында Бээжин украин аскерлеринин Орусияга каршы диверсияларын күтүүдө. Анда Бээжин диверсияларды бетине кармап, НАТОну агрессор катары таанып, Орусияга колдоо көрсөтүүнү күчөтүшү мүмкүн.

Азырынча АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрүндө Кытайдын Орусияга курал жеткиргени тууралуу маалымат жок. Бирок АКШнын чалгындоо кызматы Украина НАТОнун куралын колдонуп, Орусиянын аймагына чабуул жасай баштаса, Бээжин да Москвага курал бере башташы ыктымал экенин эскертет.

Ачыкка чыгып кеткен документтерде Ирандын өзөктүк программасы жана Түндүк Кореянын ракеталык сыноолору тууралуу да маалымат бар.

Азырынча документтерди ким чыгарганы беймаалым. The New York Times басылмасы бул документтер АКШнын жогорку даражадагы жетекчилери үчүн даярдалганын жазды. Басылма АКШ Украинанын согуштук планына караганда Орусиянын аскердик операциялары тууралуу көбүрөөк кабардар экенин белгилеген.


АКШнын Юстиция министрлиги иликтөө башталганын билдирди. Акыркы күндөрү Американын чалгын кызматынын бир нече кагаздары ачыкка чыгууда. Алардын көбү Украинадагы согушка тиешеси бар документтер.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Коммерсантка" маек куруп, АКШ менен НАТО согушка түз же кыйыр түрдө тартылып жатканынан Москванын күмөнү жок экенин айтты.

Украин президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк бул кагаздарды "фейк" деп атап, мунун артында Москва турат деп билдирди. Ал Украина өзүнүн чыныгы пландарын согуш талаасында көрсөтөрүн маалымдады.

Ал тапта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия согуш ачкандан бери 178 миң аскерин жоготконун билдирди.

Башкы штабдын маалыматына ылайык, бир жылдан бери орус тарап 3600дөй танк, 7 миңдей чопкутталган техника, 282 абадан коргонуу системасынан жана 2300дөн ашуун дронунан айрылган.

Орусия акыркы убакта өлгөндөр тууралуу маалыматты ачыктабай келет. Орус Коргоо министрлиги 2022-жылдын 21-сентябрында 5937 киши каза болгонун моюнга алган.


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-февралда Мүнхенде өткөн коопсуздук конференциясында Украинадагы согушта каза тапкан жана жарадар болгон орус аскерлеринин саны 200 миңден ашарын билдирген.

Ошол эле маалда Украинанын армиясы Польшадан 200 чопкутталган техника алмай болду. Буга чейин Варшава Украинага "Леопард" танктарын, МиГ-29 кыргын салуучу учактарын бергени маалым болгон.

Украин президенти Владимир Зеленский бул жуманы жакшы кабарлар менен жыйынтыктап жатканын өзүнүн кайрылуусунда белгиледи:

"Бул жуманы өлкөбүз үчүн жакшы жыйынтыктар менен аяктап жатабыз. Польша бизге танктар боюнча берген убадасына турду. Тактап айтканда, "Леопард" танктары Украинага жеткирилди", - деген Зеленский көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн АКШ менен Германияга да ыраазычылыгын билдирди.

Дем алыш күндөрү орус армиясы Запорожье шаарын аткылоону улантты. 9-апрелге караган түнү шаардагы турак үйгө тийген эки ракета атасы менен кызынын өмүрүн алды. 50дөгү атасы ошол жерден мерт кетсе, 11 жаштагы кыз ооруканага жетпей, "Тез жардамда" баратып үзүлгөн.

Жарылуудан кийин турак үйдүн 100 чарчы метрин өрт каптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG