Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Согуштун айынан Орусия Байкоңурдан кетиши мүмкүн


Байкоңурдагы космостук аппараттарды байкоочу станциянын жанында оттоп жүргөн төөлөр.
Байкоңурдагы космостук аппараттарды байкоочу станциянын жанында оттоп жүргөн төөлөр.

Казакстандагы Байкоңур космодрому советтик, андан кийинки орус космонавтикасынын тарыхы менен бүгүнкүсүнө бекем чырмалышкандыктан анын айныксыз бир бөлүгү катары кабылданат. Бирок өткөн кылымдын 90-жылдарынан тарта “Байкодром” Орусиядан оолактап баратат. Казакстан менен түзүлгөн ижара келишими 2050-жылга чейин жарактуу болгону менен Орусиянын Байкоңурда туруусу тарыгандан тарып, космостук кемелерин стартка алып чыкчу комплекстер азайып, акыркы кездери мындан ары эмне болот деген суроо көп коюла баштады.

2023-жылдын башында космодромду биргелешип пайдалануу маселеси дагы курчуп кетти: Казакстан орусиялык мүлктү камакка алып, 2 миллиард орус акчасын төлөөнү талап кылды. Орусия өнөктөшүнөн 220 миллион доллар өндүрүп алгысы келет.

Орусия менен Казакстан түзгөн 1994-жылдагы келишим боюнча Байкоңур болгон космостук жабдуулары менен Казакстан ээлигине өткөн, Орусия космостук иштерин жүргүзүү үчүн керектүү аймак менен инфратүзүмдүн ижара акысына жыл айын 115 миллион доллар акча төлөйт.

Орусия Байкоңурду өзүнүн улуттук, ошондой эле эл аралык биргелешкен программаларына пайдаланып келген. Ал ишти дагы улантууда, мунун ичинде аскердик максаттагы учуулар да бар: “Мир” жана МКС космостук станцияларын пайдалануу боюнча кызматташтык, башка өлкөлөрдүн илимий аппараттарын учуруу жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле Байкоңур “Роскосмостун” коммерциялык ишмердигинде маанилүү кызмат аткарат. “Протон” ракетасы аркылуу чет элдик спутниктерди космоско алып чыгуудан кийинки 25 жылда Орусия 10 миллиард долларга жакын акча иштеп тапкан.

"Протон" ракета коштоочунун Байкоңурдан учуусу, 2021-жылдын июлу.
"Протон" ракета коштоочунун Байкоңурдан учуусу, 2021-жылдын июлу.

2000-жылдары Байкоңурдан "Союз", "Протон", "Зенит", "Днепр", "Циклон" ракеталары учурулду. Алардын ар биринин космодромдо өзү гана пайдаланчу старттык комплекстери турчу, аны камсыз кылып турууга жумушчу күч менен каражат керек. Мунун баары кызматташтыкты күчөткөн, Казакстан менен Орусиянын кызыгуусун жараткан.

Бирок Орусия космодромдон чоң акча таап, ижара акысына саналуу каражатты жер ээсине бөлүп коюшу Казакстанга жаккан эмес. Анын үстүнө “Роскосмосту” жалгыз “багып жаткан” “Протондун” артында олуттуу дегидей көйгөй турат. Космостук кеменин уулуу күйүүчү майынан чыккан экологиялык зыяндын азабын Казакстан тартат. Мына ушул жагдай эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин курчушуна, ракеталардын учушуна убактылуу тыюу салууга чейин алып келди.

Байкоңурду пайдаланууда мамлекеттер аралык чыңалууну жумшартуу максатында эки өлкөнүн космостук мекемелери биргелешип “Байтерек” деген долбоорду иштеп чыккан. Жаңы документтин негизги максаты Байкоңур космодромун коммерциялык максатта пайдаланууда экологиялык жагынан коопсуз ракеталарды учурууга багытталган. Долбоор “Байтерек” атын алып анын кагаз жашоосу 2004-жылдан башталган.

Орусия космодромдо “Ангара” ракетасы үчүн жаңы старт аянтчасын даярдоону сунуштаган, ал кезде ракета жаңыдан жасала баштаган. Алгачкы оптимисттик пландарды кайра кароого туура келди, анткени жаңы старт комплексинин наркы өтөле кымбатка туруп, ракета сериялык өндүрүшкө коюла элек болчу. Ошондон 2020-жылы “Ангараны” “орто класстагы перспективалуу ракетага” алмаштырып, 2021-жылы кеп бул жерде орусиялык “Союз - 5” ракетасы тууралуу болуп жатканын тактап жазып коюшту.

2013-жылдын июлунда “Протон – М” ракетасынын кыйроосу. Казакстан уулуу күйүүчү майдан курчап турган чөйрөгө тийген зыянын 90 миллион доллар деп эсептеген.
2013-жылдын июлунда “Протон – М” ракетасынын кыйроосу. Казакстан уулуу күйүүчү майдан курчап турган чөйрөгө тийген зыянын 90 миллион доллар деп эсептеген.

"Союз-5" ракетасы –"импортту алмаштырган” кадимки эле "Зенит". Ал ракета СССР учурунда жасалган, анын түзүмүнө орус жана украин өндүрүшүнөн чыккан компоненттер кирет, 1990-жылдардан 2000-жылдарга чейин учурулуп турган.

Орусия Украинанын Крым облусун басып алгандан кийин 2014-жылы “Зенитти” биргелешип чыгаруу токтотулган, анткен менен Байкоңурдан учурулчу жер, АКШдагы “Деңиз старты” сакталып калган.

"Деңиз старты" Калифорнияда жайгашканы менен ал кезде орусиялык “Энергия” ракеталык космостук ишканасына таандык болчу. "Роскосмостун" катышуусу менен "Деңиз стартын" орусиялык S7 Space жеке компаниясы сатып алып ал коммерциялык максатта 80 ракетаны жасап берүүнү орусиялык мамлекеттик корпорацияга сунуштай турганын ырастаган.

Ал эми "Роскосмос" "Союз-5" өзгөчө оор класстагы коштоочу ракетага ылайыктуу (РН СТК), аны "пакет" схемасы боюнча жасоого болот деп эсептейт. Өз алдынча турганда "Союз-5" – орто класстагы ракета, алардын бешөөнү бириктирип койсо өтө оор РН СТК келип чыгат.

Орусиянын Крымды басып алышына жооп кылып АКШ 2015-жылы орусиялык ракета-космостук компанияларынын продукциясына санкция киргизген

Ошол эле кезде “Ангаранын” ордуна "Союз-5" сунуш кылып “Байтерек” долбооруна сунуш кылышкан. Байкоңурда "Союз-5" учууга даярдоо үчүн “Зенит” старт комплекстерин жаңылоо зарыл, кандайынан алганда да “Ангара” старт комплексинин татаал курулушуна каражат сарптагыча буга азыраак акча кетет.

Ошентип "Байтерекке" кирген "Ангараны" "Союз-5" комплексине алмаштыруу долбоорго жаңы дем бериши керек эле, тек “кагазда” гана калган документти “темирдей” бекемдеши зарыл болчу. “Зениттерди” учурууга керектүү инфратүзүмдөрдүн баарын "Байтерекке" беришти. Бирок да Казакстан мамлекеттер аралык келишимде көрсөтүлгөн старт комплексин жаңылоого сарпталчу 220 миллион долларды бөлө элек.

Ашыкпоонун себеби эки жагдайга такалат: “Союз – 5” жасап чыгаруу кечеңдөөдө, ага улай орусиялык ракеталарга америкалык санкциялар салынган.

2015-жылы АКШ орусиялык ракета-космостук компаниялардын продукцияларына Орусия Крымды басып алгандан кийин санкция салынган, тыюу салуулар 2023-жылы гана күчүнө кирди. Ошондон башында “Байтерек” долбооруна кирген идеялар, башкача айтканда, “техника-экономикалык негиздеме” 2023-жылы ишке ашпас нерсеге айланып калды.

"Зенит 2СБ" ракетасын 2011-жылы Байкоңурдан учуруу.
"Зенит 2СБ" ракетасын 2011-жылы Байкоңурдан учуруу.

Крым курмандыктарына башка дагы ракеталык долбоорлор туш келди. "Циклон" менен "Днепр" сериясындагы ракеталар Украина өндүрүшүндө жасалчу

Орусиянын Украинага согуш ачышы тышкы экономикалык абалын кыйла оорлотту. Тикелей санкцияга Орусия тараптан “Байтерек” биргелешкен ишканасындагы кожоюндардын бири “Хруничев борбору”, “Союз – 5” жасап чыгаруучу жана иштеп чыккан "Прогресс РКБ" туш келди.

Орусиялык ракетага буйрутма кылган батыш компанияларына чыгыштагысы да кошулуп баарысы “Роскосмостон” баш тартышты. Мындай шартта “Байтеректин” экономикалык келечеги арасат калары турулуу иш, Казакстандын пайдасы жок активге акча салгандан заарканып турушун деле түшүнсө болот. Ушу тапта долбоор арасат абалда, долбоорго мындан ары катышуунун зарылдыгы жаңы техника-экономикалык негиздемеге байланган.

"Союз-5" жасап чыгуучу Орусиялык тарап да кыйын абалга кептелди, даяр ракетаны учура турган шарт жок. "Деңиз старты" мобилдүү космодрому буга чейин Орусияга жеткирилген, бирок ал да жаңылоого муктаж, анысы эсептей келгенде “Байтерекке” сарпталчу каражаттан кыйлага кымбат. РН СТК өтө оор комплексин жасап чыгуу да белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

"Деңиз старты" мобилдүү ракета-космостук комплекси.
"Деңиз старты" мобилдүү ракета-космостук комплекси.

Старттык комплекстерсиз, коммерциялык жана мамлекеттик буйрутмасыз ракета жасоонун кажети жок. Кыязы, ошол себептүү "Роскосмос" "Амур-СПГ" деген башка ракетаны иштеп чыгууну баштады. Былтыр “Роскосмостун” мурдагы жетекчиси бул ракетаны “ыкчам жасоо тапшырмасы” берилбегенин ырастаган. "Амур-СПГ" конструкциясы жагынан "Союз-5" жакын, “Прогресс РКБ” кубаттуулугун пайдаланып чыгарууга мүмкүн, айырмасы башка күйүүчү майды пайдаланат, кыймылдаткычы да башка, орусиялык Восточный космодромунан учурулат.

Айрым башка ракета долбоорлору Крым курмандыктарына айланды. "Циклон" менен "Днепр" сериясындагы ракеталар Украинада жасалып, Байкоңурдан учурулчу, 2014-жылдан кийин алар учпай калган, “крымга чейинки” соңку жылдарда ал ракеталар орусиялык Плесецк менен Ясныйдан учурулуп келген.

Азыр Байкоңурда Орусиянын иштеп жаткан эки старт комплекси бар, алардан "Союз-2" менен "Протон" ракетасы учурулат.

2010-жылдары "Союз-2" ракеталары эки жерден ишке ашырылчу: №1 жана №31. "Биринчи аянтчанын" дагы бир "Гагариндик старт" деген аты бар, биринчи старт аянтчасынан Юрий Гагарин баш болгон көпчүлүк СССРдин жана Орусиянын космонавттары башкарган “Спутник – 1” ракеталары учурулган.

Бул аянтча ишин 2019-жылы гана токтотту. Анын себеби 2014-жылы Орусия Крымды басып алышына байланыштуу. Антишке “Союз – ФГ” моделинин мурдагы компоненттери Украинада жасалчу, алар келбей калгандан кийин “Роскосмос” “Союз – 2” жаңы сериясына өткөн. "Гагариндик старт" жаңы сериядагы ракеталарды учурууга ылайыкталган эмес. Старттык аянтчаны жаңылоо иштерин БАЭ менен биргеликте ишке ашыруу сунушталган, бирок бул жааттагы кызматташтык 2022-жылы токтотулган.

Восточный космодрому.
Восточный космодрому.

Орусия менен Казакстандын мурда түзүлгөн келишимдерине ылайык, "Протондор" Байкоңурдан 2025-жылга чейин гана уча алат. Анын себеби ракетанын уулуу күйүүчү майына байланышкан. "Протондордун" өндүрүшу токтотулган, келечекте оор жүктөрдү ташуу милдетин “Ангара” алат, бул ракета Восточный космодромунан учат.

Мындан келди, "Байтеректи" эсепке албаганда, 2025-жылга Байкоңурда Орусиянын “Союз-2” ракетасынын жалгыз старттык комплекси гана калат. Ошол эле учурда Орусиянын "Союз-2" үчүн Плесецк менен Восточныйда эки старттык аянтчасы бар. Байкоңурдун “31-аянтчасынын” бир артыкчылыгы бул жерден Эл аралык космостук станцияга башкарылчу ракеталарды учуруу мүмкүнчүлүгү.

Орусия учуулар улантыларын, аба кемелерин 2028-жылдан кийин Орусиянын өзүнүн орбиталдык станциясы кабыл аларын ырастаган планы бар, бирок ал станция азырынча бүтө элек.

Орбиталдык станциянын келечеги Орусиянын экономикасы менен мамлекеттик багыттуу өнүгүүсүнө байланган. Непадам жагдай-шарты келишип аталган программа ишке ашырылса аны Восточный космодромунан деле учурууга болот, ага чейин “Союздарга” ылайыктап жаңылап чыгышса андай ишти жасоого болот.

Жыйынтыктап айтканда, 2028-жылы Орусия Байкоңурду таштап толугу менен чыгып кетет дегенге негиз бар. Ал учурда адамзатты ааламга чыгарган тарыхый “Космос дарбазасы” үйүлгөн метал калдыктарына айланып, өтүп кеткен доор менен тарых тактысынан шыпырылып түшкөн улук өлкөнүн эстелиги болуп калат.

Экинчи жагынан алганда бир катар факторлор “Роскосмос” казакстандык космодромдо калып, анын болочогун аныкташы деле ыктымал. Андай мүмкүндүк Орусия менен АКШнын ЭКС боюнча кызматташуусу узартылып, Украина боюнча тынчтык келишимине кол коюлуп, батыштын санкциялары алынган учурда гана болот.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын сайтынан которулду. Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG