Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Кыргыз жарандыгын көксөгөн орус элитасы


Кыргыз паспорту (коллаж сүрөт).
Кыргыз паспорту (коллаж сүрөт).

Орусиянын ондогон таанымал аткаминерлери менен ири ишкерлери Кыргызстандын жарандыгын алышкан.

Президент Садыр Жапаровдун жарандыкка кабыл алуу жөнүндө 2022-жылы чыгарган жарлыктары коомдун кызуу талкуусуна түштү.

Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсеси кыргыз жарандыгын алууда коррупциялык көрүнүштөр бар экенин белгилеп жатат. Президенттик администрация болсо жарандык ыйгарууда мыйзам талаптары бекем сакталганын айтууда.

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун 24 жарлыгы менен 6316 адам кыргыз жарандыгын алып, 646сы чыгып кеткен.

Кыргыз паспортуна тап берген орус үлкөндөрү

Биз 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлыкты барактап, андан Орусияда таанымал болгон ондогон ири саясатчыны, мамлекеттик кызматкерди жана ишкерлерди кездештирдик. Алардын айрымдарын айта кетели.

Кирилл Каем, "Сколково" фондунун улук вице-президенти
Кирилл Каем, "Сколково" фондунун улук вице-президенти

Аталган жарлык менен Кирилл Владимирович Каем аттуу адам кыргыз жарандыгын алган.

177-саптагы бул ысым федералдык бюджеттен каржыланган “Сколково” фондунун улук вице-президенти, биомедициналык технологиялар кластеринин директору Кирилл Каемдун аты-жөнү, туулган жылы жана дареги менен толук шайкеш келип турат.

Тизмедеги ысым менен “Сколковонун” вице-президентинин бир киши экендигин бир катар ачык булактар жана Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов тастыктоодо.

Кирилл Каем учурда "Сколководо" жетекчилик кызматта иштеп турат, 16-мартта Казанда өткөн "Орусиялык венчурдук форумга" фонддун вице-президенти катары катышкан.

“Сколково” Москвадагы заманбап илимий-технологиялык инновациялык комплекс, АКШдагы Силикон өрөөнүнүн орусиялык версиясы катары түзүлгөн.

Фондду мурдараак Игорь Шувалов, Аркадий Дворкович өңдүү Кремлге жакын адамдар башкарып келген. 2022-жылдын август айында жана 2023-жылдын башында АКШнын Финансы министрлиги “Сколково” фондун бир нече тутумдаш мекемелери менен кошо санкциялык тизмеге киргизген.

Мария Дрокова, Орусиядагы "Наши" кыймылынын мурунку комиссары
Мария Дрокова, Орусиядагы "Наши" кыймылынын мурунку комиссары

Бир кездери Кремль менен тыгыз кызматташкан “Наши” жаштар кыймылынын комиссары Мария Александровна (Дрокова) Бухердин аты-жөнүнө толук уйкашкан ысым дагы кыргыз жарандыгын алгандардын 80-сабында кездешет. Анын кыргыз паспортун алгандыгын ырастаган маалыматтарды орусиялык Baza ресурсу дагы жарыялады.

2005-жылы путиндик администрациянын тымызын колдоосу менен уюшулган “Наши” кыймылынын Орусиянын прогрессивдүү оппозициялык күчтөрүн ыдыратуу боюнча чагымчылдык ишмердиктери акыры барып белгилүү болуп, 2013-жылы уюм таркап кеткен. 1989-жылы туулган Мария Дрокова тууралуу “Поцелуй Путина” деген аталыштагы даректүү фильм тартылган. Кийинчерээк “жашыл карта” утуп алып, АКШга жер которуп кеткен. Анын Силикон өрөөнүндөгү ишмердиги жана орус олигархтары менен күмөндүү байланыштары тууралуу 2022-жылы The Washington Post басылмасы кенен макала жазган.

Жарлыктагы №7 сапта турган Камил Фергатович Абдуллин аттуу ысым Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин экс-депутаты, бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Камил Абдуллиндин аты-жөнү, туулган мезгили жана дареги менен төп келет. Тизмедеги кишинин чындыгында Татарстандын экс-депутаты экенин Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов ырастады. Абдуллин Татарстандагы таасирдүү адамдардын катарына кирет.

233-саптагы Ярослав Евгеньевич Кузнецов деген ысым Орусиянын Красноярск шаарында туулгандыгы көрсөтүлгөн. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Ярослав Кузнецов Чувашиядагы “Группа Оргсинтез” компаниясынын башкы директору кызматын аркалайт жана Кремлдин ишенимдүү кишилеринин бири, миллиардер Виктор Вексельбергдин жакын адамы болуп эсептелет.

Бул компания Орусиядагы миллиардерлердин сап башында турган олигарх Виктор Вексельбергдин “Ренова Холдинг” компаниялар тобуна таандык. Вексельберг “Реновадан” тышкары америкалык санкциядагы “Сколково” фондунун “Сколтех” аттуу туунду компаниясынын камкор кеңешинин төрагалыгын да аткарат. Миллиардер өзү дагы 2018-жылдан бери эл аралык санкциялардын тизмесине киргизилген.

Жарлыктын №248 сабында Орусиянын Благовещенск шаарында туулган Артём Юрьевич Лылык аттуу адам кездешет. Бул ысым Благовещенскидеги Asia Import Group компаниясынын ээси Артём Лылык менен аты-жөнү, дареги жана туулган жылы толук дал келет.

Ишкер 13-февралда орусиялык басылмалардын бирине курган маегинде Орусияга параллелдүү импорт схемасы аркылуу товар алып келүүдө Кыргызстанды да колдонуп жатканын билдирген.

Артём Лылык, Орусиядагы Asia Import Group компаниясынын ээси
Артём Лылык, Орусиядагы Asia Import Group компаниясынын ээси

“Азыр көптөгөн чет элдик компаниялар санкцияларды бузуп алуудан сактанып, товарды Орусияга түз жеткиргилери келбейт. Бирок Казакстанга жеткирсе болот. Ал жактан болсо жүк Орусияга кирип келет. 2022-жылы биз параллелдүү импорттун жардамы менен товар алып келүү үчүн Түркияны, Кыргызстанды, Гонконгду, Араб Эмирликтерин, жадагалса Сингапурду дагы колдонууга өттүк”.

Кыргыз жарандыгы ыйгарылган жарлыкта, ошондой эле, бизге таанымал болгон дептерлерди чыгарган “Архангельский ЦБК” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Александр Владимирович Розбахтын, бодибилдинг боюнча дүйнө чемпиону, GeneticLab брендинин түзүүчүсү Руслан Николаевич Халецкийдин жана теги кыргызстандык космонавт, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Эл баатыры, Салижан Шариповдун уулу Жахонгир Салижанович Шариповдун аты-жөнүнө толук уйкашкан ысымдарды да көрүүгө болот.

Президенттин №417 жарлыгынын башында “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдан тышкары 1999-жылы кол коюлган “Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын ортосундагы жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө” макулдашуу негиз катары жазылган. Аталган төрт тараптуу макулдашууга 24 жарлыктын бешөөндө гана шилтеме берилген жана аларда Орусиядан жер которуп келгендердин ысымдары басымдуулук кылат.

Макулдашууда ошол төрт өлкөнүн жарандары үчүн жарандык ыйгаруунун мөөнөтү үч ай деп көрсөтүлгөн.

Калган жарлыктарда “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзам негиз катары алынган, аларды болсо негизинен Өзбекстан менен Тажикстандан кайтып келген этникалык кыргыздар же “кайрылмандар” түзөт. Аталган мыйзамда жарандык алуу үчүн өлкө аймагында үч жана беш жыл туруктуу жашашы зарыл экендиги талап кылынат.

27-мартта президенттин администрациясы кыргыз жарандыгын алган орусиялыктар тууралуу жарыяланып жаткан маалыматтарга жооп иретинде төмөнкүдөй билдирүү таркатты.

“Өлкө жарандыгын берүү Конституция, эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Арыз жазуу, кабыл алуунун тартиби, макулдашуу, баш тартуунун себептери жогорудагы нормативдик укуктук актылар менен аныкталат. Жарандык берүү тийиштүү органдар тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар жогорудагы талаптардан өтүп, комиссиянын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Жарандык алууда эч кимге артыкчылык берилбейт”, - деп жазылган билдирүүдө.

Былтыр декабрда Кыргызстанда жаңы түзүлгөн Мамлекеттик банктын жетекчилигине дайындалган Евгения Судец дагы андан беш ай эле мурдараак кыргыз жарандыгын алганы маалым болгон. Евгения Судец кыргыз паспортун алганга чейин эл аралык санкцияда турган ВТБ банкта жана анын туунду компанияларында жетекчилик кызматтарды аткарып келген.

Орус элитасынын Бишкекке карай “жүрүшү”

26-мартта голландиялык The Moscow Times басылмасы президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 31-декабрындагы №359 жарлыгындагы бир нече ысымдар Орусиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зелениндин, орус өкмөтүнүн Жогорку Сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевскаянын, “Аромат дүйнөсү” компаниясынын кожоюну Валерий Задориндин Александр жана Михаил аттуу уулдарынын жана Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Европада акча адалдоого шек саналган Антон Шкуренконун аты-жөнү, жашаган жери жана туулган жылдары менен дал келерин жазган.

“Москванын тургундары Кыргызстандын паспортун алууга тап коюшту. Президенттин (Кыргыз Республикасынын – ред.) жарандыкка кабыл алуу жөнүндө соңку жарлыгында элүүгө чукул москвалык жана дагы ошончо Орусиянын башка аймактарынын адамдарын көрүүгө болот”, - деп жазылган макалада.

Мындай окшоштуктарды LawStone Телеграм-каналы менен Baza ресурсу да байкаганын жазган. Ошондой эле, орусиялык бир катар басылмалар аталган инсандардын кыргыз паспортун алгандыгы тууралуу жазып жатышат.

Дмитрий Зеленин, Орусиянын Тверь облусунун мурунку губернатору
Дмитрий Зеленин, Орусиянын Тверь облусунун мурунку губернатору

Аталган жарлыктагы Дмитрий Вадимович Зеленин 1962-жылы туулган, Москва шаарынын тургуну экендиги көрсөтүлгөн. Ачык булактардан карасак, Дмитрий Вадимович Зеленин аттуу адам Орусиянын Тверь облусун 2003-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. 2007-жылдын 25-сентябрынан 2008-жылдын 27-майына чейин Орусия Федерациясынын Мамлекеттик кеңешинин президиумунун мүчөсү болгон. Кезинде бийликтин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын башкы кеңешинин мүчөсү болуп турган. “Достук” ордени, “Мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Ал эми аты орус аткаминеринин кызына уйкашкан Наталия Барщевская 1977-жылы Москва шаарында туулгандыгы көрсөтүлгөн. Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн Жогорку Сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын 2001-жылдан бери Михаил Юрьевич Барщевский аркалап келет. Орусиядагы ачык булактарда Михаил Барщевскийдин 1977-жылы туулган Наталия аттуу кызы бар экендиги белгиленген. Наталия Барщевская жактоочу, финансист жана теле алып баруучу экени белгилүү. 2022-жылдын 24-февралында – Орусия Украинага кол салган күнү Фейсбуктагы баракчасына “Сөз жок... Укмуштай алсыздык сезими” деген пост жазган.

Жарлыктагы Михаил жана Александр Валерьевич Задориндер болсо Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында төрөлгөндүгү жазылган. The Moscow Times басылмасы аларды “Аромат дүйнөсү” компаниясынын кожоюну Валерий Задориндин уулдары деп божомолдогон. Валерий Задорин Орусияда алкоголдук ичимдиктерди саткан бутиктери менен белгилүү “Аромат дүйнөсү” компаниясынын кожоюну. Уулу Михаил Задорин мекенинде ырчы катары белгилүү, ошондой эле Орусиянын Федералдык кызматынын жетекчилик кызматтарынын бирин аркалаган Михаил Шекиндин күйөө баласы.

Антон Викторович Шкуренко Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал февралдын башында Интерпол тарабынан акча адалдоо жана маалымат уурдоого шек саналып кармалган адамдын аты-жөнүнө уйкашып турат.

Кыргыз жарандыгын жеңилдетилген шартта алган бул адамдар учурда Кыргызстандын аймагында жашап жаткандыгы тууралуу так маалыматтар жок. Маселен, Кирилл Каем 16-мартта Казан шаарындагы инвестициялык форумда “Сколковонун” вице-президенти катары катышты.

Эл аралык Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов дагы жогоруда аталган жарлыкты дыкат талдап чыкканын жана орус элитасы Кыргызстанды дүйнөгө жол ачкан укуктук талаа катары колдонуп жатканын белгиледи.

Бул Кыргызстанды экинчи паспорт алууга жардам бере турган укуктук талаалардын бири катары тандашканын билдирет. Ал экинчи паспорт дүйнө кыдырып саякаттаганга, бизнес жүргүзгөнгө чектөөнү алып салат жана банктык чектөөлөрдү жоёт. Бул көпчүлүк орусиялыктар тушуккан кыйынчылыктарды жеңилдетет. Мунун Кыргызстан үчүн кандай тобокелдиктери болушу мүмкүн? Ушундай схеманы криминалдык өтмүшү бар адамдар да колдонуп жатат. Жакында эле АКШ бийлиги акча адалдоо менен алектенген Bitzlato криптовалюталык биржасынын ишмердигинин бетин ачкан. Ошол биржанын негиздөөчүлөрүнүн биринин аты Кыргызстандын паспортун алуучулардын тизмесинде аталып жатат”.

Кыргыз паспортун кантип алса болот?

Февраль айында FactCheck ресурсу Open The World аттуу орусиялык компаниясынын жарнамасындагы 350 миң рублге кыргыз паспортун алуу жөнүндө маалыматты териштирип чыккан. Аталган компаниянын социалдык тармактардагы видеоролигинде Кыргызстанда жашабай, мамлекеттик тилин билбей туруп, 6-8 айда жарандыгын алууга боло турганы айтылат. Ошондой эле, бир-эки айда тездетилген тартипте да алса болору белгиленген. Компаниянын менежери паспортту тездетилген тартипте алуунун чыгымы 700 миң сомго чейин жетерин айткан.

Теги москвалык, учурда Кыргызстанда жашап жаткан Михаил Жуховицкий аттуу финансист өткөн жылдын 22-ноябрында социалдык тармактагы баракчасына орусиялык досторуна кыргыз паспортун алып бергени тууралуу пост жазган. Ал финансы чөйрөсүндөгү жергиликтүү байланыштарына ыраазычылык билдирген. Жуховицкий аз күн мурда орусиялыктар үчүн кыргыз паспортун алуу темасына дагы бир ирет кайрылып, ишти чечүүнүн көп жолдору бар экенин жазган.

“Кыргызстандын президентинин жарандыкка кабыл алуу жөнүндө соңку жарлыгын ачып карагыла. Анда 400 кишинин элүүсүнүн аты-жөнү жана туулган жери нукура орусча болуп турат. Тизмеде орусиялык абдан таанымал ишкерлер да бар. Дагы бир жолу айтам, бир эле сценарий бар – ал Борбор Азиянын паспортуна ээ болуу. Анын негизинде анан Евробиримдикке визасыз кире алган аралдардын паспортун жасаса болот. Кароо мөөнөтү – чечиле турган маселе. Жарым жыл күтпөй эле, үч-төрт айга тездетсе болот. Кандай болбосун, кагазда жазылгандар көп деле маанилүү эмес. Башкысы, иш жүзүндө чечилет”.

Михаил Жуховицкийдин өзүнө байланышып суроо салганыбызда, ал кыргыз паспортун сегиз ай мурда алганын жана процедуралары жеңил болгонун билдирди.

“Тажрыйбам өтө эле жөнөкөй. Калкты тейлөө борборундагы кызматкерлер берген тизмедеги документтерди чогултуп, өмүр баянымды жазып бердим. Мени менен бирге Москвадагы IT чөйрөнүн ишкерлери, менин жакын досторум да тапшырышты. Алар жетишерлик чоң бизнеске ээлик кылышат. Жарандыктан тышкары, алар Жогорку технологиялар паркында ишканаларды ачып, Бишкекте ондогон адамдарды ишке алышты. Азыр алар Кыргызстанда жашап жана иштеп жатышат. Турмушуна ыраазы. Жалпысынан алганда, өткөн жыл Кыргызстан үчүн уникалдуу жагдайды түзүп берди. Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү москвалыктардын эсебинен жыл ичинде Грузиядагыдай болуп 12% ашат деп ойлойм. Башкача айтканда, грузиндер менен бирге бүт дүйнөнү басып өтөсүңөр”.

Финансисттин "алдыда кыргыз экономикасы болуп көрбөгөндөй өнүгөт" дегени жөн жерден эмес. Кыргыз жарандыгын алган орусиялыктардын көпчүлүгү коомдук иштер жана ири бизнес менен алектенгендер. Расмий маалымат булактары алардын Кыргызстанда бизнес түзүмдөрүн куроо менен кызуу алектенип жатканын көрсөтөт. Орусиядан чыгарып кеткен ишканаларын жана логистикалык байланыштарын Кыргызстанда калыбына келтирүүгө аракет кылышууда. “Жаңы жарандардын” бизнес-ишмердиктери көбүнчө (ре)экспорт-импорт менен тыгыз байланыштуу болгондуктан, Кыргызстан аркылуу Орусияга же башка өкөлөргө жүгүргөн товарлардын агымы өсүшү мүмкүн. Бул экономиканын өсүшүнө салым кошот.

Бирок, анын жоопкерчилиги да кымбатка турат. Орусиянын эл аралык санкцияларды кыйгап өтүшүнө аянтча болуп бергени далилденип калса, кесепети тийип каларын тийиштүү тараптар байма-бай эскертип келет.

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан 28-март күнү Бишкекке келип, кыргыз бийлигинин расмий өкүлдөрү менен Орусияга салынган санкциялар жана аны колдоо маселесин талкуулады.

Дэвид О’Салливан журналисттер менен жолугушканда Евробиримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300 пайызга чейин өскөнүн белгилеп, бул товарлардын акыркы жеткен жери кызыктырып жатканын айтты.

“Биздин милдет - санкциялардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу. Соода агымын талдап чыккандан кийин биз олуттуу өсүштү белгилейбиз, мурда мындай болгон эмес. Кыргызстан да ошондой мамлекеттердин бири. Бирок Кыргызстан мындай жалгыз өлкө эмес экенин белгилейм. Мен Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда болдум. Казакстан, Өзбекстан, Грузия жана Арменияга да баруу ниетим бар”, - деди Дэвид О’Салливан.

АКШ жана Европа өкүлдөрү буга чейин да Борбор Азия өлкөлөрүн Орусияга салынган санкциялардын эрежесин карманууга чакырып келди.

Кыргыз паспортун жасоодо коррупция барбы?

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун тартиби “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамы менен белгиленет. Мыйзамда жалпы жана жеңилдетилген тартиптер каралган. Чет өлкө жараны кыргыз жарандыгына жалпы тартипте өтүү үчүн Кыргызстандын аймагында беш жылдан кем эмес туруктуу жашашы зарыл. Ал эми качкындар, инвесторлор жана суроо-талапка ээ кесиптин ээлери үчүн үч жылдык мөөнөт да каралган. Ошол эле маалда, жеңилдетилген тартип да каралган, ага ылайык, Кыргыз ССРинде 1991-жылга чейин туулган же ата-энесинин бирөөсү болсо да өлкө аймагында байырлаган адамдар Кыргызстанда бир жылга чейин жашап туруп, анан жарандык ала алышат.

Санарип өнүгүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин Жарандык жана миграция бөлүмүнүн башчысы Назгүл Абакова Kaktus Media басылмасына курган маегинде 2022-жылдын тогуз айында Орусиянын 1631 жараны кыргыз жарандыгын алуу жөнүндө кайрылганын билдирген.

Transparency International уюмунун өкүлү Илья Шуманов орусиялыктар кыргыз паспортун алууда коррупциялык жолдорго тап берип, укуктук талаадан четтөө фактылары болушу мүмкүн деп эсептейт.

“Бул жерде коррупциялык көрүнүш бар болушу мүмкүн. Анткени, Кыргызстандын жарандыгын алуу процедурасы белгилүү бир убакытты талап кылат. Мындай кызматты сунуштаган ортомчулар 6-9 айлык мөөнөт тууралуу айтышат. Бул менин түшүнүгүм боюнча, кыргыз мыйзамдары белгилеген укуктук алкакка туура келбейт. Бул жерде кызматтык кыянаттык орун алышы толук мүмкүн. Менин байкоомдо, Орусия тараптан ушундай ортомчулар пайда болгон. Алар дүрбөлөң жаратып турат. Согушка чейин орусиялыктар Европа жана Кариб өлкөлөрүнөн “алтын паспортту” 100 миң доллардан сатып алып турушкан. Мен билгенден, Кыргызстанда болсо ортомчулардын ошондой кызматы Европадагыдан алда канча төмөн, 5 миңден 30 миң долларга чейин болууда. Буга документти баштан-аяк даярдап, колуна тапшыруу кирет”.

Өткөн жылдын ноябрь айында Санариптик өнүгүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров парламент жыйынында Кыргызстанга инвестиция салган чет элдиктерге “алтын паспорт” берүү мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирген.

“Буюрса, бул мыйзам демилгеленип келет. Ал жерде “алтын паспорт” деген терминология бар. Ошол, 10 млн. сомдун тегерегинде инвестиция киргизгендерге өлкөгө кирүү жана жарандык алуу шарттарын жеңилдетүү боюнча өкмөттө ушундай топ бар. Жакын арада, эртең-бүрсүгүнү бул боюнча дагы жумушчу кеңешме болот. Кызуу иштелип чыгып атат азыр”.

Өлкөгө инвестиция салган чет элдиктерге кыргыз жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү жөнүндө мыйзам же кандайдыр бир укуктук акты тууралуу андан кийин кеп боло элек.

2022-жылдын февраль айында Орусия Украинага кол салгандан кийин орусиялык ишкерлер менен санарип адистердин жапырт миграциясы башталган. Жай айларында Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөлүк IT-адистерге “санарип көчмөн” макамын ыйгаруу Жобосун иштеп чыккан. Ал макамды алган адистер жана алардын жакын туугандары Кыргызстанда каттоосуз жана жумушка уруксатсыз жайгашып, ишмердик жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG