Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Борбор Азияга оогон орусиялыктар


Орусия-Грузия чек арасы. 26-сентябрь. 2022-жыл.
Орусия-Грузия чек арасы. 26-сентябрь. 2022-жыл.

Орусиядагы аскердик мобилизациядан качкандардын жоон тобу Борбор Азияны көздөй агылууда. Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанга он миңдеген орус жарандары киргени маалым болду.

Дүйшөмбү, Ташкентте батирдин ижара акысы кескин кымбаттаганы байкалууда. Мейманкада орун табылбайт. Ал эми казакстандык активист орус жарандарынын агылып келишин "тымызын басып алууга" салыштырды. Чөлкөмдүн өлкөлөрүнүн ичинен азырынча Астана гана орус жарандарынын эмиграциясына "саясий жана гуманитардык маселе" катары баа берди.

Дүйшөмбү шаарында мейманканалар толду

21-сентябрда Орусияда жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыялангандан кийин Тажикстанга барган орус жарандарынын саны кескин көбөйүп, баш калаа Дүйшөмбүдөгү мейманаканаларда бош орун жок калды.

"Мейманканадагы бөлмөлөрдүн баары 30-сентябрга чейин бош эмес. Бул Орусиядан келгендер көбөйгөндүгүнө байланыштуу", – деп билдирди шаардагы эң ири мейманкананын өкүлү.

Башка мейманканаларда деле жагдай ушундай.

Жергиликтүү журналист Тимур Тимерханов "Настоящее время" телеканалына курган маегинде, Дүйшөмбү шаарына келген орусиялыктар оболу ижарага батир же убактылуу мейманкана издөө менен алек экенин айткан.

"Негизинен келгендер карталарынан нак акча алуу маселесин чечкенге аракет кылышууда. Анан ижарага батир, мейманкана, автоунаа табуу сыяктуу көйгөйлөр бар. Көбү он күндөн бир айга чейин батир издеп атат. Бирок араларында Өзбекстанга автоунаа же учак менен кетүүнү каалагандар да бар", - деди журналист.

Ушул тапта Москвадан Дүйшөмбүгө авиабилеттер 144 миң рублдан сатылууда. Ошол эле маалда орус жарандыгы бар тажикстандыктар мобилизациядан чочулап, Орусияга алдын ала алып койгон билеттерин өткөрүп жатканы байкалат.

"Мен Орусияга барарым менен орус жарандыгын алуу үчүн документ тапшырайын дегем. Бирок мобилизация жарыялангандан кийин бул оюмдан кайттым, анткени өтө кооптуу. Мени менен бирге уча турган орус жарандыгы бар тажиктердин көбү билеттерин кайра кайтарып беришти", – деди Абдулвохид Абдусатторов.

Тажикстандын Миграция кызматынын 2022-жылга карата маалыматы боюнча, учурда Орусияда 700 миңге жакын тажикстандык эмгектенет. Буга чейин алардын 70 миңге чукулу орус паспортун алганы айтылат.

Тажикстандын ири банктарынын бири "Душанбе Сити" 27-сентябрда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, Орусиянын "Мир" банктык карталарын тейлөөнү убактылуу токтотконун кабарлады. Банк өз билдирүүсүндө техникалык мүчүлүштүктөр 23-сентябрда башталганын гана айтып, кеңири маалымат берген жок.

21-сентябрда Казакстан, 23-сентябрда Өзбекстан банктары орустардын төлөм системасынын "Мир" карталарын тейлөө убактылуу токтотулганын жарыялаган.

"Ташкентте кыймылсыз мүлктүн баасы дагы көтөрүлөт"

21-сентябрдан баштап Ташкент шаарынын аэропортунда Орусиядан келгендердин саны кескин көбөйгөн. Ташкентте мейманканалардын баасы эки эсе көтөрүлүп, айрымдарында орун калбай калганы айтылууда.

Быйыл марттан тарта Украинадагы согуштун жана Батыштын санкцияларынан улам Өзбекстанга миңдеген орусиялыктар агылып келе баштаган.

Блогер Азиза Умарова орусиялыктардын жаңы агымы менен Ташкенттеги ижара баасы эми кескин кымбаттарын эскертти.

“Окуялар тездик менен өнүгүп жатат. Жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Орус жарандарынын агымы күтүлүүдө, кыймылсыз мүлктүн баасы дагы көтөрүлөт. Булар февраль айынан бери келип аткан, фрилансер же IT адистери эмес. Ар кандай адамдар келет", - деп жазды блогер Фейсбук баракчасына.

Казакстанга кирген орусиялыктардын 65% коңшу өлкөлөргө чыкты

Ал эми Орусиядагы жарым-жартылай мобилизациядан качып Казакстанга келгендердин саны 100 миңден ашты. Расмий Астана алардын 65% өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлады.

Акыркы беш күндө Казакстандын Орусия менен чектеш Павлодар облусундагы көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен 13 миң орус жараны өттү. Шаардагы калкты тейлөө борборунда каттоодон өтүп жаткан орусиялык Игорь менен Армен Казакстанга эки күн мурун келген. Экөө тең согуштан качканын жашырбайт.

"Биз мобилизацияланып өлгүбүз келбейт. Мен 33 жаштамын. Азырынча кайда барарымды билбейм. Балким Астанага барармын. Бул жердегилер жакшы кабыл алышты. Менин адистигим маалымат технологиялары. Эми ушул тармакта жумуш издейин деп турам".

"Азырынча мен да кайда барарымды билбейм. Балким Казакстанда калам. Негизи чоң шаарларга баргыбыз келет. Азыр бул жерде батирди ижарага алдык. Эми биз документ жагын иретке келтирели деп жатабыз. Туруктуу дарек боюнча катталсак дейбиз", - дейт орусиялык жигиттер.

Казакстан менен Орусиянын чек арасында узун кезек пайда болду.
Казакстан менен Орусиянын чек арасында узун кезек пайда болду.

Ал эми Юрий Павлодарга Орусиянын Новосибирск облусунан келген. Ал согушка каршы митингге катышкан, бирок эч нерсе өзгөрбөсүнө акыры көзү жеткенин айтууда.

"Мен согушка каршымын. Ошон үчүн митингдерге катыштым. Бирок мобилизация жарыялангандан кийин Орусияда калуунун кажети жок экенин түшүндүм. Ошол себептен өлкөдөн чыгып кеттим".

Павлодардык ишкер Айдар Курымбаев коңшу Орусиядан келген жарандарга түшкү тамак уюштуруп, "конокторго" жергиликтүү мыйзамадарды түшүндүрүп берет.

"Негизинен биз согушту колдобойбуз. Казактардын меймандостугун көрсөтүп, тамак берип, орус жарандарына "Казакстандын мыйзамын бузбагыла" деп айтып атабыз".

Ошол эле учурда коомдук активист Руза Бейсенбайтеги казактардын мындай меймандостугун жактыра бербейт. Ал Павлодарда азыртадан эле орус улутундагылар көбөйгөнүн айтып, алар узакка калып калабы деп чочулайт.

"Жумшак" басып алуу бар. Мен ошондон корком. Азыр эч ким кепилдик бербейт. Токаев да. Алар "ЛЭР" түзө баштабайт деп эч ким кепилдик бербейт. Анткени Путин аскерлерди чакыргысы келбейт. Мен буга ишенип турам. Путиндин кыялы - мурдагы СССРди калыбына келтирүү", - дейт казакстандык активист.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация 21-сентябрда жарыяланган. Буга каршы чыккан он миңдеген орусиялыктар өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көрүп жатат.

Мобилизациядан качкандар Казакстан, Грузия, Финляндия жана Армения менен чек араларда узун кезекте турушат. Шейшембиде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орусиялыктардын эмиграциясын - саясий жана гуманитардык маселе деп, Москва менен сүйлөшөрүн айтты. Казак полициясы соңку аптада 98 миңдей орус жараны чек арадан киргенин билдирди. Соңку күндөрү алардын 40 миңдейи Кыргызстан менен Өзбекстанга чыгып кеткенин коңшу өлкөнүн бийлиги маалымдады.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG