Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

"Кредитибиз бар". Мобилизациядан кача албаган мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москва жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан бери Орусияда миңдеген адам аскерге чакыруу алды. Мындай кырдаал ал өлкөдөгү кыргызстандыктарды, алардын ичинен орус жарандыгын алган мекендештерди тынчсыздандыра баштады.

Чүй облусунун тургуну Нургүл Адылбекованын жолдошу Орусиянын жарандыгын алган. Келин эки баласы менен бул жакта калып, күйөөсү көп жылдан бери Москвада иштечү. Ал мобилизация жарыяланганын угары менен Кыргызстанга жөнөгөн.

"Дагы деле жолдо келатат. Улам байланышып турам. Алар азыр Казакстан аркылуу Кыргызстанга өтөт экен. Бир нече күн бою кезекте турушту. Чек арада киши абдан көп деп айтып жатат. Анын жанындагы орус улутундагыларга чакыруу келген экен. Ушундан улам кайтып келатат. Москвада башка дагы туугандарым бар. Алар азыр эмне болуп жатат деп кабатырланып отурабыз. Жакыны миграцияда жүргөндөр үчүн кырдаал абдан оор".

Орусияда жарыяланган жарым-жартылай мобилизация Кыргызстанда да талкуунун чордонунда турат. Себеби ал жакта 1 миллиондон ашык кыргызстандык мигрант, анын ичинде Орусиянын жарандыгын алган мекендештер бар. Орусиядан Кыргызстанга кайткан мигранттардын агымы ушул аптада байкала баштады.

31 жаштагы Айбек Орусиянын Красноярск шаарынан үч жаштагы уулу менен 25-сентябрда Кыргызстанга учуп келген. Ал билетти 100 миң рублга жакын акчага алганын, аялы улуу балдары менен Орусияда калганын айтып берди.

"Биздин шаарда деле абал тынч эмес. Азыр сыртта полиция, МАИ кызматкерлеринен бери жолдо токтотуп, аскер билетин сурап жатышат. Менин түшүнгөнүмө караганда, аскердик билети барлар биринчи агым менен мобилизацияга тартылат окшойт. Мен уулумду алып учак менен келдим. Мени менен кошо учакта үч эле кыргыз эркек болду. Башкаларды аябай тактап сурап жатышты. Менин балам болгондуктан, көп кармашкан жок. Бирок билетти качан алганымды, эмнеге кетип баратканымды сурашты".

Атын атагысы келбеген дагы бир орус жарандыгын алган жигит 27-сентябрь күнү машине менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга келген.

"Биз бир нече кыргыз бала болуп машине менен жолго чыктык. Казакстандын чек арасында аябай көпкө турдук. Бирок ал жерде жүздөгөн орус жарандары бар эле. Көбүнчө аскерге жарактуу курактагы эркек балдар жубайлары, балдары менен жүрдү. Мен барганда 60-70 кыргыз бала болчубуз. Бизге чакыруу келген эмес. Бирок жарым-жартылай дегендин артында толук мобилизация болушу мүмкүн. Ушундан улам кетүүнү чечтик. Кезекте турган журтташтардын, орус жарандарынын ойлору бирдей, "бул биздин согуш эмес, мобилизацияны колдобойбуз" деп жатат. Кыргыз жарандарына кысымды деле байкаган жокмун. Бирок "жарандык, акча берилет, согушка баргыла" деген чакырыктар болууда. Москвада негизи элде тынчсыздануу абдан күч. Буга чейин кызмат өтөгөн кыргызстандыктардан да кетти деген кабарларды угуп жаттык".

Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация боюнча жарлыкка 21-сентябрда кол койгон.

Коргоо министри Сергей Шойгу жарлыктын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Ошондон кийин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ал жактагы кыргыз жарандарына кайрылуу тараткан. Дипломатиялык мекеме Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскерткен.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камала турганын эске салган.

Эгер Орусиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин сунуштаган.

Наргиза Орусиянын Новосибирск шаарында жашайт. Ал жакка жолдошу менен 15 жыл мурда көчүп келишкен. Бул аралыкта жубайлар орус жарандыгын алып, уул-кыздуу болушкан.

"Мигранттар арасында аябай ызы-чуу болуп жатат. Биздин тааныштарыбыз чыгып кетти. Бир күн мурун кайнимди узаттык. Алар Орусиянын жарандыгын алышкан. Бул жакта жаңылыктардан да аскерге алып кетип аткандар тууралуу көп көргөзүп жатат. Ыйлаган ата-энелер, балдар... Ушундан улам да эл тез эле дүрбөлөңгө түшүп калды. Жолдошум кетпейм деп, бул жакта калды. Балдарыбыз мектепке барышат, биз кайда барабыз? Эми чынын айтсам, бизге эч ким кыйнап жарандык берген эмес. Орусиянын деле көп жакшылыгын көрдүк. Энелик капиталды алдык, эч бир маселеси жок иштедик. Жакында эле жарандык алгандар эл-жерди коргойбуз деп ант беришкен. Ошондуктан, азыр качкандан деле пайда жок экен. Себеби үй-бүлөсүнө деле келип, чакыртышат экен. Болгону менин күйөөмдү чакыртып алса, бул жактагы ипотека эмне болот деп ойлонуп жатабыз. Кредитибизди таштап кете албай калдык".

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын алты айында эле 10,6 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде ал 8,4 миң кишини түзгөн. Орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын так саны жок. Анткени алардын көбү Кыргызстандын жарандыгынан да чыкпайт. Ошентип иш жүзүндө эки паспорт менен жүрөт. Бейрасмий эсепте 500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алганы буга чейин парламентте айтылган.

Екатеринбург шаарында жашаган Нургүл жолдошу менен мекенге кайтуу боюнча бир пикирге келе албай жатканын айтты.

"Жолдошумдун ишиндеги борборазиялык мигранттар кетип калышыптыр. Биз болсо эмне кылышыбызды билбей жатабыз. Кайын журтум чалып, "күйөөңдү жибер" дешет. Аны кетирсем ипотеканы кантип төлөйбүз? Эгер калып калса, согушка чакыртылып калабы деп отурам. Бул жакта машине менен кетишет экен. Кыргызстанга чейин жол кире 30 миң рубль деп жатат. Кеткендер узук кезекте суткалап калып калат экен. Ошого тамак-аштан көп алып, аялдарын, үй-бүлөсүн таштап кетишти. Биз бир чечимге келе элекпиз. Эртеңки күнүбүз бүдөмүк".

Орусиядагы мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында казак-орус чек арасында автоунаалардын бир нече чакырымга созулган кезеги пайда болду.

Расмий маалыматка караганда, 21-сентябрдан бери Кыргызстанда Орусиянын 3,5 миңден ашуун жараны каттоого турду.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG